Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Жашылдар партиясына кылмыш иши козголду


Партия төрагасы Эркин Бөлөкбаев бул иштин козголушун саясий тапшырма катары баалайт

Партия төрагасы Эркин Бөлөкбаев бул иштин козголушун саясий тапшырма катары баалайт

Кылмыш иши баш прокурордун партия өлкө президентин келекелеген азил сүрөттөрдү жана сөздөрдү чыгарган деген арызынан улам козголду. Биринчи май райондук соту бул ишти кароону эмки жумага белгиледи.

Биринчи май райондук сотунда ишемби күнү бул арыз боюнча тараптар менен сүйлөшүү болду. Бирок
сүйлөшүү жабык өтүп, ага Башкы прокуратуранын өкүлдөрү менен партия төрагасы Эркин Бөлөкбаевден башка эч ким киргизилген жок.

Сүйлөшүүдөн соң партия төрагасы Эркин Бөлөкбаев сот баш прокурордун арызын канааттандырып, “Жашылдарга” карата кылмыш иши козголгонун жарыяланганын “Азаттыкка” билдирди:

- Кылмыш кодексиндеги 128- берененин (Шылдыңдоо) 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын сотко мындай арыз менен кайрылуусуна партия кеңсесинен табылган өлкө башчысынын сүрөтү тартылган плакат жана ал сүрөттү коштогон сөздөр себеп болгон. Ушундан улам Башкы прокуратура бул сүрөт менен сөздөр өлкө башчысын келекелеп, ар-намысына шек келтирген деп эсептеп, соттон аталган партияга карата кылмыш ишин козгоону сураган.

Баш прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза буга чейин айрым маалымат каражаттарына ал плакатта президенттин ар намысына шек келтирген сөздөр бар экенин айтып, “Президенттин ишмердигин кепилдөө” мыйзамына ылайык, өлкө жетекчиси мамлекеттик колдоо астында тураарын, башкы прокурор президенттин ар-намысын коргоого акылуу экенин белгилеген эле.

“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев болсо бул жерде президенттин “тезек тергиле” деген сөзүнө байланыштуу “Тезектештирүү-улутту сактоо” деген сыяктуу гана сөздөр жазылганын, президентти эч кандай шылдыңдоо болбогонун айтат:

- Болгону тезек - биздин улуттук идея болуп калды деген маанидеги сөздөр, азил сүрөттөр (карикатура) бар эле. Эч кандай президентти келекелөө, же шылдыңдоо жок бул жерде.

Жашылдар партиясы ошол эле учурда бул ишти саясий тапшырма катары баалоодо.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова президент "тезек тергиле" деп жарыя айткан соң кандай болгон күндө да мындай сын-пикирлерге чычалабай, ага даяр болушу керек эле деп эсептейт:

- Президент "тезек тергиле" деп элге жарыялаган соң ошондой сын пикирлерге, азил сүрөттөргө даяр болушу керек эле. Эми ушундай сөз айтып койду деп сотко, прокуратурага жүгүрө берсек анда биз кыргыздын салтын, түпкүлүгүн унутуп койгон болобуз. Кыргызда “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деп айтат. Кыргыз сөз келгенде сөздү айтып жүргөн, болбосо сөз атасы өлөт деген эл...

Айрым серепчилер болсо бул окуядан улам Кыргызстандын жогорку саясий чөйрөсүндө минтип сөз же сүрөт аркылуу сын айтуу калыптана электигин айтышууда.

Кыргызстанда мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда деле өлкө башчысын гезит беттеринде такмаза сүрөт же сөздөр менен чымчылоо, кээде аша чаап кеткен учурлар деле болуп келген эле.

Өлкөдө бийлик алмашкан 2005-жылдан кийин президентти чектен ашкан келекелөөлөрдөн сактоо максатында атайын мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, башкы прокуратура буга чейин да бир канча эскертүүлөрдү берип келгени белгилүү. Бирок минтип кылмыш ишин козгоого жете элек болчу.

Ошентип Биринчи май райондук соту бул ишти 16-январда карай турган болду.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG