Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

БЭК башкача айла-аракеттерге өтөт


Бүгүн "Бириккен элдик кыймылдын" Улуттук кеңеши жыйын өткөрүп, Таластагы окуяларды талкууга алды. БЭК мындан ары эл менен жолугушууда башка тактикаларды колдонмокчу.

Бүгүнкү жыйынында Улуттук Кеңеш жергиликтүү бийлик ээлерине жана жалпы кыргыз элине кайрылуу кабыл алышты. Улуттук Кеңештин мүчөсү Темир Сариев Таласта губернатор-акимдер бийликке жагынуу үчүн түрдүү жаман аракеттерди жасашты деп эсептейт. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча кайрылууда жергиликтүү бийлик ээлери Баш мыйзамды бузуп, эл үчүн, мамлекет үчүн эмес, мамлекет башындагы бир үй-бүлө үчүн гана иштеп жаткандыгы эскертилген:

-Мындай жол менен алар элди тыя алышпайт, бийликке аброй алып келе алышпайт. Жана Бакиевге да жагына алышпайт. Кечээ эле оппозицияга каршы кызматынан аша чаап иштеп жаткан ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов кызматынан кетти. Шайлоо убагында өзү чуркап, мыйзамдарды бузуп жүргөн Таластын губернатору Байымбет Мураталиев жумушсуз отурат. Түптө оппозицияга каршы жумуртка ыргытып, тополоң салгандарды өзү баштап жүргөн аким Шаршеналиев бүгүн жумушсуз калды. Мен аким-губернаторлорго кайрылат элем: бүгүн алар элдин кызыкчылыгын, бир адамдын жеке бийлигин сактоо жолуна өтүп алышты, -дейт Темир Сариев.

Оппозициянын Таласта жыйын өткөрүү аракетин жокко чыгарууга ниеттенип, аларды уккусу келбегени үчүн жергиликтүү элди бийлик тукурду деп айыптоого болбостугун мурдараак облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков “Азаттыкка” билдирген эле. Губернатордун маалымат катчысы Бакай Садыров Талас элине оппозиционерлердин курал менен келгени өтө туура эмес болду, деген пикирин “Азаттыкка” билдирип, элдин кылган аракети үчүн жергиликтүү бийликти айыптоо негизсиз деп эсептейт:

-Себеп дегенде эл менен жолугушуу үчүн курал менен келгени элди чочутту. Талас эли мындан оппозициялык маанайдагы адамдардын чыныгы жүзүн билишип, жолугууга каршы чыгышты. Ал эми бийлик атайын чагым уюштуруп, атайын кишилерди оппозиционерлерге каршы тукурду, деген сөз негизсиз.

БЭК кыргызстандыктарды өздөрүнүн, балдарынын, мамлекеттин келечеги үчүн кайдыгер болбоого чакырат. Анткени Түптөгү, Таластагы окуялар, оппозиция мүчөлөрүнө каршы бийлик уюштурган бир ууч чагымчылардын аракети күчөп жатканы катардагы элдин “көзүм көрбөсө..” деген кайдыгерлигинен улам болууда:

-Биз менен болгон түрдүү жолугушууларда карапайым эл бийликке сын пикирин айтып, катуу талаптарды коюп, “бул бийликке качанкыга чейин чыдайбыз,” деген сөздөрүн айтышат. Бирок бийлик тарабынан тукуруулар, чагымдар болгон учурда алар өздөрүнүн кайдыгерлигин көрсөтүп атышканы өкүнүчтүү. Биз элдин намысын, сезимин ойгото турган кайрылууларды кабыл алып атабыз.

БЭК өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, мамлекеттин келечеги тууралуу элге чыныгы маалыматтарды жеткирүүнү уланта бермекчи. Бирок мындан ары башкача жолдор менен барабыз, дейт Улуттук кеңештин дагы бир мүчөсү Азимбек Бекназаров:

-Жолугушууларды өткөрүү – аны уюштурган саясатчылардын айла-аракетинен да көз каранды болот. Ооба Таласта “Ата Мекенчилер” тарабынан мүмкүн анча-мынча мүчүлүштүктөр кеткендир, биз мындан жыйынтык чыгарабыз. Жыйынтык чыгарып, мындан ары тактикаларыбызды өзгөртөбүз.

Айрым саясатчылар азыркы бийлик мурдагы президент Аскар Акаев баскан жолду кайталап жатат, мунун арты мамлекет башындагы адамдар үчүн жакшылыктуу аяктабайт деп эсептешет. БЭКтин мүчөсү Мукар Чолпонбаев оппозицияга каршы бийликтин жосундары элдин кыжырдануусун туудурат деген пикирде:

-Мындай уятсыз, акмактык аракеттер бийликке эч качан аброй алып келбейт. Тескерисинче муну көрүп турган элдин бийликке нааразылыгы күч алып, алардын кыжырдануусун туудурат.

БЭК 16-январдан 18-январга чейин Таласта эл менен жолугушууларды өткөргөн. Кыймылдын эки мүчөсү: Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов жана “Ата Мекен” партиясынын Талас облустук координатору Койсун Курманалиева бул үчүн мыйзамсыз митинг өткөрдү, деген айып менен административдик тартипте соттолуп, эскертүү алышты. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин жанынан табылган курал-жаракка байланыштуу сот иши кийинкиге калтырылды. Мурда кабарлангандай 17-январда “Ата Мекен” партиясынын лидеринин автоунаасынан эки карабин менен тапанча табылганы айтылган. Өмүрбек Текебаев өз кезегинде жанына куралдарды мыйзамдуу алып жүргөнүн белгилөөдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG