Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

АКШ аба базасы Кыргызстандан чыгарылаары жарыяланганы көпчүлүктү эми өлкөнүн коопсуздугу, 9 жылдан бери сырткы коркунуч дегенди билбей жашап жаткан элдин тынчтыгы кантип сакталат деген маселе да ойлондурууда.

Президент Курманбек Бакиев 3-февраль күнү Москвада журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кыргыз өкмөтү "Манас" аба майданынан АКШнын аскер базасын чыгаруу чечимин кабыл алганын жарыя кылды:

- Жакында кыргыз өкмөтү Кыргызстандын аймагынан аскерий базанын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу чечим кабыл алды. Мындан ары өкмөттүн токтомуна ылайык, ал базаны чыгаруу аракети жүргүзүлөт.

Мындай чечимге карата Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Исаков бул президент бакиевдин туруксуз саясаты деген оюн “Азаттыкка” билдирди:

- Мына дагы бир далили, кечээ АКШнын, НАТОнун өкүлдөрү келгенде бирди айткан. Москвага барып алып, башканы айтып отурат. Эми келгенде дагы башканы айтар... Ушундай саясат алып барган жетекчини Кыргызстандын эли канчалык тез алмаштырса, өлкөгө да, кыргыз элине да, келечекке да ошончолук жакшы болмок.

Аскерий “Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу президенттин сөзүнөн кийин “өлкөнүн коопсуздугу кандай болот", деген тынчсыздануу коштогон пикирлер арбын айтыла баштады. Анткени 1999-2000-жылдары террордук уюшкан топтордун өлкөнүн түштүк тарабынан кол салуусу кичинекей Кыргызстанга бир топ бүлгүн салганы белгилүү. Ошол эки жылда “Швейцария боло турган өлкөгө армиянын кереги жок,” деп бейкам отурган Кыргызстан саны жагынан өтө көп болбосо да аскердик күжүрмөн даярдыгы жагынан аябай жакшы камданган ондогон согушкерлердин алдында алсыздыгын көргөзгөн. Зардалы ашуусу ачылгандан жабылганга чейинки үч-төрт ай аралыгында эле Кыргызстандын бийлиги бир топ алсырап, согушкерлер барымтага алган кишилерди, алардын арасында Жапон жаранын кайра кайтарып алууга ого эле көп каражат кетирүүгө аргасыз болгон.

БЭКтин дагы бир мүчөсү Топчубек Тургуналиев ошондо согуштук күжүрмөн даярдыгы жок аскер кызматкерлери менен жоокерлер, жайкын тургундар бейажал өлүмгө дуушар болгонун эске салат:

- Тилекке каршы, биздин биттеген аскерлерибиздин саны ошол убакта он эки миң болчу. Он-он беш сакалчандарга тең келе албай далай жигиттер өлдү. Андан тышкары ошол Баткен согушуна миллиондогон акчалар кеткен, кээ бир маалыматтар боюнча 300 миллион сомго чейин каражат сарпталган. Ал эми эл аралык “Манас” аба базасы эл аралык терроризмге каршы күрөшүү максатында түзүлгөн эле. Ошондуктан, бизге сакалчандар гана эмес, башкалар да “кыңк” дей албай калган болчу. Эми минтип президент Бакиев Москванын талабына туруштук бере албай буларды чыгарабыз деп атат.

Айрым пикирлер боюнча, АКШ базасынын Кыргызстандан кетүүсү өлкөнүн коопсуздугу менен эч кандай байланышы жок. Антитеррордук күчтөрдүн ордуна Канттагы Орусиянын аскердик аба базасы, Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун аскер күчтөрү турганда жөнү жок жерден кооптонуу негизсиз, дешет алар.

Бул аба базаны Кыргызстандан чыгаруу талабын көптөн бери коюп келе жаткан Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев аскер кызматташуусун башка өңүттө жүргүзүү керек деп айтып, бул жаатта Кыргызстан үчүн Орусия негизги өнөктөш, деп эсептейт:

- Кыргызстан үчүн АКШнын аскердик аба базасынын жайгашканы – зыяндан башка эч нерсе алып келген жок. Орусия менен биздин ата-бабаларыбыз 200 жыл мурун мамиле түзүп, кызматташып келген. Азыр ал жакта биздин 500 миңден ашуун мекендештерибиз иштеп, жыл сайын Кыргызстанга миллиарддаган доллар киреше киргизип атат. Ошондуктан, каалайбызбы, каалабайбызбы, биринчи кезекте биз Орусия менен бекем мамиле түзүшүбүз керек. Ал эми АКШ болобу, башка мамлекеттер болобу, алар менен да мамиле керек, бирок аскердик кызматташуу, аскерди өз аймагына жайгаштыруу – бул таптакыр башка маселе.

Бул арада АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аскердик “Манас” аба базасы тууралуу сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын кабарлады.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Марк Камерондун “Азаттыкка” билдиргени боюнча "Манастагы" базаны жабуу боюнча кыргыз тараптан расмий билдирүү түшө элек:

- Сүйлөшүүлөр улана берет. Ушул учурда кыргыз тараптан базаны жабуу тууралуу чечими жөнүндө эч бир расмий билдирүү ала элекпиз.

Марк Камерон ошондой эле Кыргызстан менен бирге иштеп жаткан бир топ программалар жана кызыкчылыктарды ишке ашыруу улана берерин кошумчалады.

“Манас” авиабазасы тууралуу келишимди бузуу тууралуу өкмөт токтомунун долбоору бүгүн парламентке берилгени тууралуу маалымат тарады. Бирок ЖК басма сөз кызматы бул маалыматтарды жокко чыгарды.

АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскердик “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу демилгелери өткөн жылдан тартып күч ала баштаган. 2007-жылы май айында президент Курманбек Бакиев аба базанын жайгашуусуна байланыштуу келишимдин айрым шарттарын кайра карап чыгуучу атайын комиссия түзүүгө буйрук берген болчу.

Ал эми Орусия тараптын каалоосу менен Кыргызстандан АКШнын аскердик аба базасын чыгаруу ыктымалдыгы тууралуу божомолдор Түштүк Кавказдагы чатактан, тагыраак айтканда андагы Орусиянын кадамын АКШ кескин сынга алган учурдан баштап арбын айтыла баштаган эле.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG