Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Жогорку Кеңеш жума күнкү отурумунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жана башка максаттар үчүн Орусиядан каржылык жардам алуу боюнча кыргыз өкмөтү жетишкен келишимдерди ратификациялады.

Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун парламентте билдиргени боюнча, Орусиядан жалпы берилип жаткан 2 млрд. 150 млн доллардын ичинен Кыргызстанга карыз болуп 300 млн. доллар гана калат, ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна берилүүчү 1 млрд. 700 млн. доллар карызды төлөө Орусия менен Кыргызстан тараптан 50 пайыздык үлүш менен теңшерик түзүлүүчү “Камбар-Ата-1” акционердик коомунун мойнуна түшөт.

Бул тууралуу кийинчерээк өкмөт башчы Игорь Чудинов “Азаттыкка” тастыктап, ГЭСтин курулушуна берилип жаткан карызга мамлекет кепилдик бербегенин билдирди:

- Бул деген түздөн-түз инвестиция болуп эсептелет. Ал деген мамлекетке берилүүчү кредит эмес. Мындай учурда өлкөнүн өкмөтү бул каражатты сарптоо жана аны кайра кайтаруу боюнча эч кандай милдеттенме да, кепилдик да албайт. Бул акча үчүн Камбар-Ата-1 АК гана жооптуу болот.

Игорь Чудинов 1 млрд. 700 млн. доллар Камбар-Ата-1 ГЭСин толук курууга жетпей тургандыгын кошумчалады. Анын айтуусунда, бул каражат ГЭСтин үч агрегатын ишке киргизип, электр энергиясын иштете башташына жетишет. Ошондуктан ГЭСтин калган агрегаттарын куруу үчүн жаңы насыя алынышы мүмкүн. Жалпы курулушту аяктоо үчүн 2 миллиард 200 миллион доллар керек деген эсеп бар, деп белгиледи өкмөт башчы.

Каржы министри Марат Султанов болсо 300 млн. доллар карыз экономикалык кризис күч алып турган кезде өлкөнүн экономикасын бир калыпта кармап турууга мүмкүнчүлүк берээрин, анын үстүнө бул карыз акчанын үстөгү өтө аз пайызда берилип жатканын айтты:

-300 млн. доллардын жылдык үстөк пайызы 0,75%. Анын ичинен жети жыл жеңилдетилген убакыт болот, бул убакытта биз негизги сумманы төлөбөйбүз.

Марат Султановдун айтуусунда, Орусия менен жетишилген келишимдерди түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы 1-орунга коюлду. Ушундан улам буга чейин АКШ өкмөтү менен аба базасы, анын ижарасына төлөнүүчү акы тууралуу ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, кыргыз өкмөтү өз пайдасы үчүн кызыктуураак келишимдерди түзүүгө барды, дейт каржы министри.

Президент Курманбек Бакиевдин Москвага барып, АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу күтүүсүздөн жасаган билдирүүсүн, ошондой эле өкмөттүн каржылык жардам алуу боюнча орустар менен түзгөн келишимдерин сынга алып жаткан социал-демократтар өкмөт башчы менен каржы министринин келтирген жүйөөлөрүнө ынанышкан жок.

“Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде аталган фракциянын лидери Бакыт Бешимов 3-4-февралда кыргыз бийлиги Орусияга барып, жетишип келген келишимдер бир жактуу Орусиянын кызыкчылыгын, социалдык-экономикалык гана эмес, саясий кызыкчылыгын көздөп турат деп билдирди:

- Курманбек Бакиев өтө оор абалда. Ал Кыргызстанды каржылык кризиске жеткирди. Анын үстүнө анын бийлиги да өтө борпоң болуп калгандыктан, айласыздан ошого барды. Орусия болсо ошондон пайдаланып аны сатып алды. Минтип Орусиянын өзүнүн саясатчылары да айтып атышат.

Бакыт Бешимовдун фракциялашы Иса Өмүркулов Орусия Кыргызстанга экономикалык оор кырдаалдан жеңил чыгып кетүүсүнө жардам бергиси келсе, анда 1 млрд. 700 млн. доллар насыяны Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунан башка максатка деле берсе болмок деген пикирде:

-Бул жерде эң негизгиси - Орусиянын саясий кызыкчылыгы жатат. Борбор Азиядагы эң негизги рычаг - сууга кызыгуусу жатат. Ушундай эле маселе азыр Орусия менен Тажикстандын ортосунда да бар. Орустар суу ресурстары көп аймактарды колдонуу менен бул аймакта өзүнүн саясатын жүргүзүүнү көздөп жатат. Эгер алар Кыргызстанга өтө эле боор ооруп, экономикалык оор абалдан алып чыккылары келсе, бул акчаны Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун бүтүрүүгө, Бишкектеги ТЭЦти оңдоп-түзөөгө жумшоого эмнеге беришпейт?

Ошентсе да аягында парламент көпчүлүк добуш менен Орусия тараптан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жана мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн берилип жаткан 2 млрд. доллар үстөк карыз, 150 млн. доллар өлчөмүндөгү грант жана “Дастан” ишканасынын 48% акциясы үчүн Кыргызстандын 190 млн. доллар карызын кечүү боюнча жетишилген келишимдерди ратификациялады.

Кыргыз бийлиги Орусиядан каржылык жардам алууга антитеррордук күчтөрдүн аба базасын өлкөдөн чыгарууга макул болгон соң гана жетишкендиги жергиликтүү жана эл аралык саясатчылар тарабынан айтылып келет.

Ал эми өкмөт башчы Игорь Чудиновдун бул эки маселенин эч кандай байланышы жоктугун, болгону америкалыктар сегиз жыл мурун түзүлгөн келишимди өзгөртүүгө аракет кылбаганы ушуга апкелгенин айтты:

- Биз сегиз жыл аралыгында жарандык коомдун авиабазага карата маанайын, талаптарын байкабай кое албайбыз. Ошондой эле Америка тараптан аба база тууралуу кыргыз өкмөтү, президент койгон маселелерге, өзгөчө акыркы төрт жыл ичинде президент бир нече жолу маселе койду, келишимдерди кайра карап чыгуу боюнча, мына ушуларга эч кандай жооп, эч кандай кошумча сунуштар бизге түшкөн жок. Мен дагы айтып коеюн, мындай маанидеги келишим Кыргызстан өкмөтүн канааттандырбайт.

Игорь Чудинов өкмөттүн бул чечими АКШ менен Кыргызстандын кызматташтык мамилесине терс таасирин тийгизбейт деп үмүттөнөрүн да кошумчалады.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Бакыт Бешимов андай болсо, бийлик бул себептерди ачык эле билдирип, дипломаттык тартипте иш алып барса болмок деп эсептейт. Анын айтуусунда, президенттин эки жүздүү ыкмасы тышкы саясатта да колдонулганы Кыргызстанды эл аралык коомчулукта чоң уятка калтырды:

- Бакиевдин ички саясатта көрсөткөн кадамдары тышкы саясатка да чыгып кетти. Анткени анын кадамдары өтө туруксуз. Коңшулаш Ташкент АКШ аба базасын чыгарганда баарын дипломаттык тартипте, өз эрежеси менен жасап, расмий сүйлөшүүлөр болуп, натыйжада база чыгып кеткен. Кыргыз бийлиги андай кылган жок, президент унчукпай жүрүп гана Москвага барып, анан чечимин айтканы - АКШнын саясатчылары белгилегендей, артынан барып бычак сайганга барабар болуп калды. Чындыгында Европалык Биримдик, Америка менен мындай мамиле жасаган өтө туура эмес. Мунун кедергиси өтө катуу тиет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG