Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

К. Абдымен: Бийликтин сөзү менен ишинде айырма чоң


Саясат талдоочу Кубан Абдымендин пикиринде, коомдук-саясий маселелерди чогуу отуруп, сүйлөшүү жолу менен чечүү тууралуу бийликтин оппозицияга жасаган сунушу колдоого аларлык. Бирок бийликтин сөзү менен иши айкалышпаганы өкүнтпөй койбойт.

-Кубан мырза, aкыркы убактарда бийлик да, оппозиция да өлконүн келечегине байланыштуу маселелерди бир столго отуруп, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даярбыз деп билдиришүүдө. Мындан чынында эле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жакшы жыйынтык чыгат, деп ишене аласызбы?

-Биринчиден, албетте бийлик тараптан оппозицияны сүйлөшүү жолуна чакырып, кадам таштаганы колдоого аларлык иш. Себеби буга чейинки түзүлгөн саясий кырдаал курчуп бараткандагысын бир эле кыргызстандыктар эмес, тегерегибиздеги, эл аралык деңгээлдеги коомчулук да жакшы түшүнүп атат. Ошондуктан, абдан катуу чиеленишип кетип, катуу жаңжалга айланып кетпеши үчүн эки тарап тең даярдык көрүп, бийлик тараптан биринчи сунуш кылгандагысы – бул оппозицияга күтүүсүз жерден болсо да, баары бир жакшы жышаандын белгиси деп эсептесе болот.

-Шаршемби күнкү маалымат жыйынында, ага чейин УТРК аркылуу элге жасаган кайрылуусунда президент саясий партиялар менен иштешүүгө даярдыгын бекемдеди. Бирок ушул тапта бир катар оппозициялык саясий партиялардын лидерлерине, алардын жакындарына карата кылмыш иштерин козгоп, куугунтукка алынууда. Муну сөз менен иштин айкалышпаганы катары кабыл алуудан башка арга жоктой.. Кандай дейсиз?

-Албетте, бул айтылган сөз менен жасалып аткан иштин ортосундагы айырма өтө чоң экендигинин бир далили болуп эсептелет. Анын себебин жазга маал Кыргызстандагы саясий кырдаалдын курчуп бараткандыгына карата жооп катары кылынып жаткан аракеттери, деп айтууга болот. Анткени Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр бир эле Кыргызстандын ичиндеги коомдук-саясий күчтөрдүн колдоосуна ээ болбостон, азыр колдон келишинче эл аралык деңгээлде да колдоого алынып, ага жетишүүчү аракеттерди жасап атканы азыркы бийликтегилерди чочутуп, ошого жараша бир кадамдарды таштоого мажбур кылып, түртүп жатат. Ошол үчүн бийликтин акыркы кадамдары –бул өзүнүн азыркы жүргүзгөн саясаты менен бийлигин сактап калууга аракеттенип жаткандыгына гана далил болууда.

-Сөз менен иш айкалышпаганы боюнча дагы бир мисал: акыркы күндөрү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди каралоо өнөктүгү өтө катуу жүрүп жатат. Эгер бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө барып, ошол жол менен маселе чече турган болсо, мындай каралоо-жамандоо кимге кереги бар болушу мүмкүн? Бул барып эле эки тарап кандайдыр бир мунаса, келишимге келишпейт го, деген бир үмүтсүздүктү жараткансыйт?..

-Бул бийликтин Өмүрбек Текебаевден абдан чочулап жаткандыгынын кесепети. Эгерде анчалык чочулабаса, Текебаевдин аброю кыргыз коомчулугунда гана эмес, эл аралык деңгээлде колдоого ээ боло тургандай бийик деңгээлге жетпесе, анда мындай кадамдарга бармак эмес.

Саясий куугунтук –Текебаев менен кошо куугунга алынып аткан көптөгөн саясатчылардын Кыргызстандын элинин арасынан чыккан, логикалык жактан да ою жетишкен, кылган иштеринин да натыйжалары менен таанылган, эл аралык деңгээлде да өздөрүнүн жетиштүү деңгээлге чыккандыгын далилдеген кадамдарынын жыйынтыгы, деп айтууга болот.

Алардын таасиринин күчөп баратканы үчүн бүгүнкү бийлик оппозиционерлерге жолтоо кыла турган бир гана чараны колдонуп, кысым көрсөтүп, чагымдарды жасап жатат. Анын ичинде маалымат каражаттарында да толук ишенбей турган, далили жок, ыплас саясий кадамдарга барып жатканы өкүнтпөй койбойт.

Бирок менимче, коомчулук муну жакшы эле түшүнүп турат, анткени акыркы эки айдан бери Өмүрбек Текебаевге каршы бийлик тараптан жүргүзүлүп жаткан саясий чагымдардын резонансы анча деле чоң болгон жок. Резонансты туудуруп аткан ошол

Кыргызстандагы бийлик тараптагы маалымат каражаттары гана көтөрбөсө, башка маалымат каражаттары мындай аракеттерди сынга алып, ал гана турсун ошол чагым кылып жаткан басылмаларды көнүлдөн чыгарып коюу тууралуу чакырыктарды жасаганга чейин барып жатат.

Демек, бул жагынан алганда коомчулук оппозиционерлерге карата колдонулуп жаткан түрдүү чагым, куугунтуктарды бийлик тарабынан атайы жасалып жаткан акциялар экендигин жакшынакай түшүнүп турат.

-Кубан мырза, маегиңиз үчүн сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG