Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Оппозиция жазгы нааразылык акцияларын “Бакиевсиз шайлоо”, “Бийлик шайлоону бурмалайт” деген ураандын алдында өткөрүүнү көздөөдө. Оппозициялык лидерлер келерки шайлоо деле кайрадан одоно мыйзам бузуулар, административдик жана криминалдык кысым көрсөтүү менен коштолот деп белгилеп жатышат.

Жазгы нааразылык акцияларын президенттик шайлоо менен байланыштыруу максаты БЭКтин 16-февралда өткөргөн жыйынында такталды. Оппозициялык бириккен кыймылдын Улуттук кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров бул тууралуу “Азаттыкка” билдирип, нааразылык акцияларында “Бакиевсиз шайлоого” чакырган ураандар жалпы өлкө боюнча боло турган пикет-митингдердин башкы чакырыгы болорун белгиледи.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы, БЭКтин мүчөсү Өмүрбек Текебаев болсо Кыргызстанда акыйкатсыз, бийлик башындагылардын пайдасына гана чечилип келе жаткан шайлоолорду башка нукка буруп, жалпы элдин кызыкчылыгы, анын пайдасына чечиле тургандай натыйжага жетишүү элдин колунда, деп эсептейт:

-Шайлоолор ыплас жол менен, мыйзам бузуулар, административдик жана криминалдык кысым көрсөтүү жолу менен болуп келе жатат. Бул –Бакиевдик шайлоо стили болуп калды. Биз мына ушул мамлекеттик зордук-зомбулукка каршы туруучу ыкмаларды, ага жете турган күчтү табууга тийишпиз. Биз ойлойбуз: эгер жалпы оппозициялык күч бириксе, зордук-зомбулукка, кылмыштуу кысымга, бюрократияга каршы туруучу чараларды көрө алабыз.

Оппозициянын жазгы нааразылык акцияларын шайлоолордун тазалыгына, адилетүүлүгүнө байланыштырууга дагы бир себеп – президенттик шайлоонун мөөнөтү. 11-февраль күнү маалымат жыйынында мамлекет башчы Курманбек Бакиев келерки президенттик шайлоого барарын ачыктап, шайлоо мөөнөтүн Конституциялык Сот аныктайт деген оюн айткан.

БЭКтин мүчөсү Азимбек Бекназаров эгер президент шайлоого мөөнөтүнөн мурда, быйыл күзүндө бара турган болсо, бул –оппозициянын бир талабын аткарганы деп эсептейт. Бирок оппозиционер ошол эле учурда шайлоонун так өтөрүнө эч ким кепилдик бере албасын мойнуна алат. Президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөбү же келерки жылы жазга калабы, баары бир ал шайлоодо утуп чыгууга оппозициянын мүмкүнчүлүгү аз дешет айрым байкоочулар.

Алардын белгилөөсү боюнча Орусиядан 2 млрд доллардан ашуун каражат алып, АКШнын аскерий базасын өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышы азыркы президенттин колунда олжо болуп турат. Мына ушундай шартта шайлоо БШК тарабынан бурмаланып, административдик күч колдонуулар колдонулбаган күндө да оппозиция кандайдыр бир жеңишке жетишүүсү күмөн, дейт саясат талдоочу Марс Сариев:

-Шайлоо бурмаланбаса деле, өтө аз айырма болсо деле, президенттик шайлоодо Атамбаев болобу, Текебаев болобу, кайсы гана оппозиционер болбосун, азыр Бакиев утуп кетет. Жанагы 300 млн долларды элге жумшаса, ал аркылуу саясат жүргүзсө, андан тышкар маалымат каражаттарынын көпчүлүгү, өзгөчө телевидениелердин баары азыр бийликтин колунда. Оппозициянын азыр күчү, элди көтөрө турган идеясы, энергиясы жок.

БШК демекчи, азыркы учурда иш жүргүзүп жаткан БШКнын курамы “Ак жол” партиясы көптүк кылган парламент менен президент Курманбек Бакиев тандап алган адамдардан куралган. Комиссиянын мурдагы төрайымы Клара Кабилова өткөн жылдын аягында бийликтин ыплас иштерине нааразылыгын билдирип, өлкөдөн чыгып кеткени маалым.

Буга байланыштуу жарандык коом Клара Кабилова жетектеп келген шайлоо комиссиясынын курамы жаңыланууга тийиш болчу деп белгилеп, БШКны реформалоо талабын коюп келет.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдирген пикири боюнча БШКнын азыркы курамы президенттик шайлоону өткөрүүгө моралдык жактан укуксуз:

-Төрайымы качып кеткенден кийин мурунку эски мүчөлөрү ошол боюнча эле өзгөрүүсүз калды. 5-октябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоону болсо кандай өткөнүн көрдүк. Жалаң мыйзам бузуулар, административдик кысым көрсөтүүнүн негизинде гана өттү.

Ал эми шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаев БШКны реформалоонун эч кандай зарылчылыгы жок деп белгилеп, БШК президенттик шайлоону өткөрүүгө толук даяр, деп эсептейт:

-БШК өзүнө тийиштүү иштерин аткарууга даяр. Жакында эле жергиликтүү кеңештердин 7600дөн ашуун депутаттары шайланды. Жер-жерлердеги шайлоо комиссиялары иштеп атышат. Алардын баары бүгүн кандай гана шайлоо болбосун, өздөрүнө тагылган милдеттерди жүзөгө ашырууга даяр.

Жакында эле парламент Шайлоо кодексине бир катар өзгөртүү киргизип, шайлоочулардын бармагына белги басууну алып салган. Жарандык коом болсо добуш берүүнүн адилеттигин шарттайт деген максатта киргизилген бармакка белги басуунун алынып салынышы демократия жоболоруна каршы келерин айтып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG