Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Оппозиция жазгы акцияларга камынууда


Жазында Бишкектин борбордук аянтына кайрадан эл толкуп чыгабы?
Жазында Бишкектин борбордук аянтына кайрадан эл толкуп чыгабы?

БЭК президент К. Бакиев эл ишеничинен чыкты деп белгилеп, жазында массалык нааразылык чаралары башталарын айтууда. Айрым бийликчил партия өкүлдөрү болсо оппозиция бийликти алууга аракеттенип жатат деп эсептешет.

Бул арада оппозиция мүчөлөрүнө болгон саясий куугунтук уланууда. “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Мурдагы коргоо министри бийлик оппозициядагы төбөсү көрүнгөндөрдүн баарын башка чаап, президенттик таймашка чыгарбоонун аракетин көрүп жатат деп эсептейт:

-Мунун бардыгы шайлоого байланыштуу. Мага карата козголгон кылмыш ишинин артында мени шайлоого бардырбай, элге жаман көрсөтүү максатында козголгон. Азыркы бийлик өзүнө атаандаш боло алчу төбөсү көрүнгөн адамдардын баарын башка чаап, жалаа чаап төмөн түшүрүүгө, муну менен президенттик шайлоого катыштырбай коюуга аракет кылып жатат.

Исмаил Исаковдун пикиринде бийлик президенттик шайлоону быйыл күзүндө шашылыш өткөрүүнү көздөйт. Анткени мамлекет башчы өзү баш болуп, быйылтан калса, элдин ишеничинен толук чыгып каларын жон териси менен сезип турат.

БЭК жаз айларында жалпы өлкө боюнча массалык нааразылык акциялары башталарын, ал “Бакиевсиз шайлоо” деген ураандын алдында болорун билдирүүдө. Айрым пикирлер боюнча оппозицияга эл ишенбейт. 2006-жылкы ноябрь, 2007-жылдагы апрель митингдеринен кийин эл оппозициянын тилеги -эптеп бийликке жетүү экендигин аңдап калды, дешет алар.

Мындай пикир ээлеринин бири, парламенттин көпчүлүк бөлүгүн түзгөн “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бакыт Төрөбаевдин “Азаттыкка” билдирген оюу боюнча оппозиция президентти сындап, анын ордун ээлөөгө аракет кылгандын ордуна сүйлөшүүлөр жолу менен өлкө үчүн пайдалуу иштерди жасаса жакшы болмок:

-Баарына белгилүү болуп калды, булардын эңсегени бийлик. Башка эч кандай оюу жок. Мына президент сунуш кылды, “Келгиле, сүйлөшөлү, конструктивдүү оюңарды айткыла,” деп атпайбы. Оппозиция келип, сүйлөшүп, өздөрүнүн пикирлерин айтса болот да. “Мындай кылсак жакшы болот, бизде мындай ойлор бар, аларды ишке ашыруу үчүн сиздин жардамыңыз керек,” деп ачык эле айтсын.

Ар кандай саясий күчтөр менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экендигин мамлекет башчысы 27-январда кыргыз элине жасаган кайрылуусунда билдирген. Бирок БЭК мүчөлөрү бийликтин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу айтып аткан сөздөрү алардын тактикалык амалы деп эсептөөдө.

Ошентсе да БЭК саясий куугунтуктоону токтотуу тууралуу атайын бир топ бийлик менен сүйлөшүүлөргө барууда. Кыймылдын мүчөсү, “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда БЭКтин уставында бийлик менен сүйлөшүүлөргө баруу мүмкүн деп жазылган, бирок мунун тиешелүү шарттары бар:

-Бакиев бир эмес, бир нече жолу эл алдында сүйлөшүп, убада берип, аларын кагаз менен, ант менен бекемдеп, бирок кайра эле айнып кеткендигине баарыбыз күбөбүз. Ошондуктан, анын сүйлөшүүлөргө баралы, дегенине эч ким ишенбейт. Бул биринчиден. Экинчиден, азырынча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы шарты катары саясий куугунтуктоо маселеси боюнча атайын түзүлгөн топ сүйлөшмөкчү. Аны биздин кыймылдын мүчөсү, экс-спикер Мукар Чолпонбаев жетектейт. Бул сүйлөшүүнүн негизги максаты – оппозиция мүчөлөрүнө саясий куугунтукту токтотуу. Бирок муну биз саясий сүйлөшүүлөр деп эсептебейбиз. Өткөн жылы Лидер форуму жалпы элге жүргүзгөн сурамжылоолор көрсөттү, президент Бакиевге кыргызстандыктардын 5% гана ишенет.

Өмүрбек Текебаевдин кошумчалаганы боюнча акыркы үч-төрт жыл ичинде Кыргызстан саясий-экономикалык-социалдык жактан өскөн жок, буга жалпы элдик сурамжылоолордун жыйынтыгы чоң далил боло алат.

Ошол эле учурда оппозициянын өзүн эл ээрчийби, бийликке каршы турган күчтөрдүн өлкөнү оң жолго сала турган кандай иш-максаттары бар деген суроолор да арбын. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бүгүнкүдөй экономикалык оор шартта элдин бийликке нааразылыгы ансыз деле күч болуп турат, ошондуктан, мындай учурда эл оппозицияны эмес, оппозиция элди ээрчип калуусу ыктымал, деген пикирде:

-Айтылган ураандар менен чыныгы турмуштун деңгээли дал келбей жатпайбы. Ошондуктан, коомдогу нааразычылык жаз, күз дегенге карабай, ылайыгы келип калса, мыйзам ченемдүүлүктөргө жараша нааразылыктар боло берет. Оппозиция мына ушундан пайдалана билиш керек, бул үчүн алар коомчулуктун тамырын тарта билүүсү зарыл. Бизде оппозиция коомчулук менен тыгыз байланышпайт, алар Бишкектеги абалды гана билет, ал эми аймактардагы абал менен тааныш эмес.

Ошентсе да, БЭК жаз айларында массалык нааразылык чаралары башталарын, ал учурдагы үй-бүлөлүк криминалдык башкаруу системасына, карапайым элдин эмес, капчыктуу байлардын кызыкчылыгын көздөгөн, улуттун, мамлекеттин эмес, чет элдик энергобарондордун кызыкчылыгы үчүн жанталашкан саясатка каршы нааразылык чаралары болорун бекемдөөдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG