Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:08

Бүгүн март ыңкылабына төрт жыл болду. Ыңкылаптын башталышы, максаты, элдин үмүтүн азыркы бийлик кантип алдаганы тууралуу март ыңкылабынын жигердүү катышуучуларынын бири, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Дүйшөн Чотонов “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Дүйшөн мырза, cиз март ыңкылабына чейин эле ЖК депутат болуп турган тушуңузда, т.а. 2002-жылы аксылык жабырлануучулар менен Ошко чейинки жөө жүрүштө да чогуу болдуңуз эле. Айрым саясатчылар 2005-жылы мартта элдин массалык көтөрүлүшүнө Аксы окуясы, ошол жөө жүрүштүн да тиешеси бар, деп белгилеп келишет. Сиз кандай ойлойсуз?

-Сөзсүз тиешеси бар. Көчкү деле башында кичинекей бир кыпындан башталат, өрт деле кичинекей учкундан тутанат. 2002-жылкы Аксы окуясы мына ошол учкун болгон, ошондогу элдик жөө жүрүштөр, толкундоолор барып-барып отуруп, акыры 2005-жылдагы жалпы элдик ыңкылапка айланды.

-2005-жылы Акаевдин бийлигин кулатуу үчүн түзүлгөн КЭКтин курамына “Ата мекен” партиясы кирген эмес эле. Сиз мүчө болгон партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев бийликти мыйзамдуу –шайлоо жолу менен гана алууга болот, деген пикирин ыңкылапка чейинки акыркы күндөргө чейин айтып келген. Сиз болсо ошол март күндөрү Каракулжада, Ошто бийликке каршы көтөрүлгөн элдин арасында жүргөнсүз?..

-Өмүрбек Текебаев деле 2005-жылдагы март ыңкылабына баштан-аяк катышкан. Бул боюнча түрдүү тарыхый далилдер бар. Ар ким ар кандай айтып жүрөт, бирок катышкан. Ошол тушта Өмүрбек Текебаевдин айтып жүргөнү да туура эле, анткени ал дайыма мыйзамдарга абдан байланышкан. Ошондуктан, “бардык нерсе мыйзамдын чегинде болушу керек,” деп айтып жүргөн. Бул көз карашынан ал бүгүн да кайтпай келет. Ал эми мен мүчөсү болгон “Ата Мекен” партиясы КЭК менен катар эле Акаевге оппозиция болуп, “Ата Журт” деген кыймыл түзүлүп, ошол кыймылга кирген.

Бул кыймылга раматылык Дооронбек Садырбаев, Болот Шерниязов, Роза Отунбаева, Исхак Масалиев сыяктуу саясатчылар да мүчө болушкан. 2005-жылы 8-мартта биз Кара-Кулжадан Ошко карай жөө жүрүш жасап, райондон чыгып атканда биздин алдыбызга Роза эже, Дооронбек агай, Өмүрбек Текебаев келип, эл менен сүйлөшүп, каржылык жардамдарын беришкен. Кыскача айтканда март ыңкылабы КЭК менен “Ата Журт” кыймылдарынын биргелешкен иши болгон. Бирок иш жүзүндө өтө тездик менен кырдаалды колуна алгандар, башкача айтканда бизге караганда “тажрыйбалуураактар” бийликке жетип кетишти. Ушинтип айтсак тагыраак болот.

-Ошол учурда “Өмүрбек Текебаев Курманбек Бакиевдин президент болушуна каршы болгону үчүн ушундай аракеттерге барып атат,” деген саясат да пайда болгон эле?..

-Өмүрбек Текебаев гана эмес, мен дагы Курманбек Бакиевдин президент болушуна каршы болгондордун арасында бар элем. Ошондой эле ойду раматылык Баяман Эркинбаев да айтып жүргөн. Ошол эле ойду бүгүн бийликте отургандар, алардын ичинде Адахан Мадумаров (Коопсуздук кеңешинин катчысы –ред) да Бакиевдин бийликке келишине каршы болуп, айтып жүргөн.

Анткени биз карапайым элден айырмаланып, Курманбек Бакиевди ага чейин эле жакшы билчүбүз. Аны өкмөт башчы болуп иштеп тургандагы Аксы окуясындагы аракеттерин, Сох анклавы тууралуу меморандумга кол койгондугун, депутат болуп турган учурун көргөнбүз. Анын саясатчы катары, өкмөт башчысы катары, депутат катары деңгээлин, ой-жүгүртүүсүн, кылган иштерин бүт көрүп, өз баабызды берип, анын президент болушуна каршы чыкканбыз.

-Ыңкылап ишке ашкан соң, анын жигердүү катышуучуларынын баары бир сыйра мамлекеттик кызматта иштеп чыгышты. Сизге эч кандай кызмат берилбегени бүгүнкү күнгө чейин түшүнүксүз?..

-Мага бир нече жолу кызмат сунушталды. Акыркы жолу өткөн жылы күзүндө ошол кездеги президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов да жолугуп, “келип иште,” деп кызмат сунуштаган. Мен принципиалдуу түрдө булардын баарынан баш тарттым. Анткени мен өзүмдүн бүгүнкү бийлик менен кызматташпаганымды, аралашпаганымды саясий позициям катары элге көрсөтөйүн, деп атайын барбай келем.

2005-жылы ыңкылапка катышкандардын баары бийликке барганда да, эки-үч кишинин катарында бийликке аралашкан эмесмин. Мени ошол убакта Ошто чогуу жүргөн революционерлер, карапайым эл да туура түшүнбөй, “эмнеге минтип атасың?” деп айыптап жүрүшкөн. Азыр ошолордун баары менин туура кылганыма көздөрү жетти.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG