Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Медет Садыркуловдун туугандары анын өлүмүнө ишенбейт


13-марттагы жол кырсыгында өрттөнүп кеткен автоунаалар.
13-марттагы жол кырсыгында өрттөнүп кеткен автоунаалар.

13-марттагы жол кырсыгында өрттөнүп кеткен сөөктөрдү аныктоо боюнча Москвада жүргүзүлгөн ДНК иликтөөсүнүн жыйынтыгы чыкты. Капчыгайдагы кандуу окуяда мерт болду деп айтылып жаткандардын бири - Медет Садыркуловдун туугандары болсо анын өлүмүнө ишенбестигин айтышууда.

13-мартта Аламүдүн капчыгайында болгон автокырсык боюнча 18 соттук экспертиза дайындалган. Андан тышкары автокырсыкта өрттөнүп кеткен сөөктөрдүн үлгүлөрү өрттөнгөн кишилерди аныктоо максатында Бишкекте жана Москвада сөөктөрдү кандык-генетикалык экспертизадан өткөрүүгө жиберилген. Аталган автокырсык боюнча козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура иликтөөдө.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов “Азаттыкка” бүгүн айткан сөзүндө аталган иш боюнча Москвада жүргүзүлгөн ДНК экспертизасы аяктаганын, бирок жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат берилбей тургандыгын билдирди:

- Биз азыр жыйынтыгын сиздерге айта албайбыз. Анткени биринчиден бул тууралуу Садыркуловдун туугандары өтүнүч келтиришкен. Экинчиден 13-мартта окуя болгондон кийин эле сөөктөрдүн үлгүлөрү Бишкектеги кандык-генетикалык экспертизага берилген, анын жыйынтыгы чыга элек. Мына ушул экспертизанын корутундусу чыгары менен экөөнү чогуу расмий жарыялайбыз.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Москвада жүргүзүлгөн кандык-генетикалык экспертиза автокырсыкта күйүп кеткен сөөктөрдүн бири Медет Садыркуловго таандык деп аныктаганын жазып чыгышкан.

13-мартта Аламүдүн капчыгайында болгон автокырсыкты иликтөө максатында парламентте депутаттык комиссия түзүлгөнү белгилүү. Аталган комиссия 1-майга чейин кырсыктын чоо-жайын иликтеп, ал тууралуу бүтүмүн парламентке сунуштоого тийиш.

Анын мүчөсү Чолпон Абдуллаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, комиссия иштеп жатат, ал эми ДНК экспертизасынын жыйынтыгын ала элек:

- Колубузга ала элекпиз. Экспертизанын жыйынтыгын алгандан кийин, анан айтар сөзүбүздү айтабыз.

Аламүдүн капчыгайындагы кандуу окуяга байланыштуу кандык-генетикалык экспертизанын жыйынтыгы тууралуу маалымат Медет Садыркуловдун туугандарына да бериле элек. Учурда алар бир тууганы тууралуу жакшы кабар гана угууну көздөп турушат.

Медет Садыркуловдун агасы Жакшылык Садыркулов бир тууганынын өлүмүнө ишенбестигин “Азаттыкка” маалымдады:

-Бизге деле эч кандай маалымат бериле элек, 3-апрелде чыгат, деп айтышты. Биз аны тирүү деп эле ойлоп атабыз.
Үч адам күйүп кетти делген жол кырсыгы болгон жер

Буга чейин ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Медет Садыркуловго таандык деп болжолдонгон сөөктөгү чынжырчаны анын жубайы окшоштуруп тааныгандыгын маалымдаган эле.

Капчыгайдагы кандуу окуяга чекит коюучу ДНК экспертизасынын жыйынтыгы тууралуу так маалымат жок. Ошону менен бирге эле президенттик администрациянын мурдагы башчысынын сөөгүн жерге берүү качан, кандай тартипте жүргүзүлөт, буга байланыштуу жөрөлгө жогорку мамлекеттик кызматкерлердин сөөгүн коюу тартибинде болобу, деген сыяктуу бир катар суроолор бүдөмүк, жоопсуз турат.

13-марттагы автокырсык боюнча БЭК билдирүү таратып, анда Медет Садыркулов саясий тапшырма менен киши колдуу болуп өлдү, буга анын түздөн-түз саясий ишмердиги жана президенттин үй-бүлөлүк башкаруусунун “ички ашканасын” терең билгендиги себеп болду, деп бекемдеген.

БЭКтин мүчөсү, “Ак шумкар” саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариев бул иштин артында ким тургандыгын, кимдин буйругу менен мындай жаман иш жасалгандыгын күч органдары таап чыгууга тийиш, деп эсептейт:

-Бул иштин аягына азыр чыкпаса деле, бийлик алмашкандан кийин баары бир аныкталат. Ошол үчүн каалайбы, жокпу, бул ишти ачуу керек. Анткени бул президент Бакиевдин өзүнө ташталган чакырык сыяктуу болуп калды. Сиздер билесиздер, ал президенттин эң жакын адамы болуп, иштеп берди. Анын эки тапшырмасын: Конституцияны реформалоо боюнча референдумдун башында турду, андан кийин парламенттик шайлоону өткөрүп берди. Мындан тышкары Бакиевдин жеке бийлигин бекемдөө боюнча абдан чоң иш-чараларды жүргүздү. Эгер президент өз көзөмөлүнө алган бул ишти аягына чыгарбаса, анда бул президенттин алсыздыгын көрсөтөт.

Медет Садыркулов акыркы эки жарым жылда президенттик администрация башчысынын орун басары, башчысы болуп иштеген. Үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин белгилеген Медет Садыркулов тышкы иштер министри кызматынан да баш тарткан.

Айрым саясатчылар бул кадамы менен ал президент Бакиевден бөлөк, өзүнчө жол менен кетерин ачыктаган, бул болсо Ак үйгө таасири бар адамдарга жакпай калышы мүмкүн, деп боолголоп келишет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG