Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

А. Жекшенкулов дагы бир ай камакта болот


Жекшенкуловдун жактоочулары сот имаратынын алдына чогулушту.

Жекшенкуловдун жактоочулары сот имаратынын алдына чогулушту.

Биринчи Май райондук соту 7-апрелде “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловду камоо мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Жекшенкуловдун адвокаты бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутактарына кайрылмакчы.

Сот жараяны жабык өтүп, ага Жекшенкуловдун адвокаттары, коомдук коргоочулары гана киргизилди. Журналисттерди жана башка чогулган адамдарды кийирбөө тууралуу соттун көрсөтмөсү бардыгы тууралуу Биринчи Май РИИБ жетекчисинин орун басары Шатманов маалымдап, бул чогулгандардын нааразылыгын туудурду:

-Сот мага көрсөтмө берди, мен аны аткарып атам. Эч ким киргизилбейт.

Бул аралыкта “Жекшенкуловдон колуңарды тарткыла!”, “Жекшенкуловго боштондук”, “Конгантиев кызматтан кетсин”, “Биз ачык тергөөнү талап кылабыз”, “Саясий куугунтукту токтоткула!” деген жазуулар жазылган плакаттарды кармап, оппозициялык БЭКтин мүчөлөрү, Аликбек Жекшенкуловдун туугандары жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 100дөн ашуун киши райондук соттун имаратынын алдына чогулушту.

Биринчи май райондук прокурорунун орун басары Медер Акматов “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаиловага “мыйзамсыз түрдө акция уюштурду” деген мааниде эскертүү кат берди:

-Мен сизге мыйзамсыз акцияга катышканыңыз, аны уюштурганыңыз үчүн эскертүү берем. Сиз алдын ала маалымдоог тийиш болчусуз.

Төлөйкан Исмаилова прокуратуранын аракети негизсиз деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

-Биздин өлкөдө полициялык бийлик орноду. Өзүнүн жарандарын коркутуп-үркүтүп, үнсүз дүлөй кылып салды. Башмыйзам жол берген биздин укугубузду эми келип, кайдагы прокурор жокко чыгарып жатат.

Эки саатка созулган соттук териштирүү аяктап, анда Аликбек Жекшенкуловду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү канааттандырылганы белгилүү болду. Бул тууралуу журналисттерге маалымдаган адвокат Нина Зоотова сот чечимин жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирди:

-Сот кыска эле чечим чыгарып койду. Ал жерде Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз жок, дагы бир катар тергөө иштери жүргүзүлүүсү зарыл, деп айтылды. Биз эртең апелляциялык арыз менен кайрылабыз. Жогорку сотко чейин барабыз. Бул биздин укугубуз. Андан ары кандай болот, көрө жатабыз.

Нина Зоотованын айтуусунда сот Жекшенкуловдун тапанчасын көз карандысыз экспертизадан өткөрүү боюнча адвокаттын өтүнүчүн да канааттандырган жок. Жактоочулар буга байланыштуу өтүнүч менен да жогорку сот бутактарына кайрылмакчы.

Аликбек Жекшенкуловду соттун имаратынан алып чыккан учурда ага туугандары менен учурашууга кыскача мүмкүнчүлүк берилди.

Аликбек Жекшенкуловду камоо мөөнөтүн узартуу тууралуу соттун чечими саясий буйрук. Мындай пикирин “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди:

-Бул саясий буйрук экендиги ал камакка алган учурда эле белгилүү болгон. Анткени эгер кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүүдө бир топ жолдор бар: күрөөгө акча коюу жолу менен, же бир топ адамдардын кепилдиги аркылуу, таза болбосо үй камагына алып туруп, тергөөнү жүргүзө берсе болмок. Бирок анын баарын тең карабай туруп, аны камап коюшту. Бул деген биринчиден саясий буйрук, экинчиден оппозицияга болгон коркутуп-үркүтүү.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов үстүбүздөгү жылдын 9-март күнү бир жарым жыл мурун түрк ишкери Сервет Четинди өлтүрүүгө катышы бар, деген шек менен камакка алынган.

ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы ага “Киши өлтүрүүгө катышы бар” жана “Өз куралын башка бирөөгө пайдаланууга мыйзамсыз берген” деген айып таккан. А. Жекшенкулов учурда УКМКнын убактылуу абагында камакта.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG