Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Ө. Текебаев: "Манас" базасы үч жылга калды деген маалымат бар


“Манас” аба базасы тууралуу кыргыз-америка сүйлөшүүлөрү кандай жыйынтыкка жетпесин, бирок АКШнын аба базасы Кыргызстандан чыкпайт, деп айтууга али эрте. Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

-Өмүрбек мырза, АКШнын “Манас” аскерий аба базасы Кыргызстандан чыгарылбай турган болду окшойт. Анткени Пентагондун маалымат катчысы америкалык расмий өкүлдөр менен кыргыз тараптын "Манас" аскерий базасын калтыруу мөөнөтүн узартуу тууралуу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болгондугун билдирди. Бирок сизге жакшы белгилүү болуш керек, өткөн бейшемби күнү өкмөт башчы Игорь Чудинов депутаттарга “Манас” аба базасы боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок, деп маалымдады эле. Сиз кандай ойлойсуз, кыргыз бийлиги АКШ менен сүйлөшүүлөрүн эмне үчүн жашырышы мүмкүн?

-АКШнын “Манас” аба базасынын Кыргызстанда калуусу дагы үч жылга узартылды деген маалымат менде да бар. Буга АКШ бийлиги кыргыз бийлигине берчүсүн бергенден кийин жетти, деген да маалымат бар. Мен айтар элем: Америка бийлиги кичинекей жергиликтүү диктатордун кысымына туруштук бере албай, кыргызчылык кылып, берчүсүн берип жатканы мени абдан кейитет.

Мына коомчулук деле байкагандыр, жакындан бери адам укугу, демократия тууралуу сүйлөп калчу америкалыктардын дымы чыкпай, тынчып калды. Мунун өзү АКШнын саясаты дагы кош жүздүү саясат экендигин, керек болсо өз кызыкчылыгы үчүн диктаторлор менен да сүйлөшүүгө даяр экендигин көрсөттү.

Ал эми кыргыз тарап үчүн бул сүйлөшүүлөрдү жашыруунун себеби башка. Баш мыйзамда президенттик шайлоо 25-октябрдан эрте болбойт, деп жазылып турса да, Конституциялык сот шайлоону 23-июлга чейин койду. Анткени мунун артында дагы дал ушул “Манас” аба базасына байланыштуу себеп турат. Аскерий аба базанын чыгып кете турган күнү 18-август.

Ага чейин шайлоо өтүп, президенттик шайлоого орустар аралаша албайт. Ал эми президенттик шайлоо өтүп, антын берип алгандан кийин, кайра базаны чыгаруу тууралуу келишимди жокко чыгарып койсо, орустар санын чаап кала берет деген кандайдыр бир кыргызчылык айла-амал болсо керек.

Бирок мен айтар элем, бул сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кыргыздардан гана жашырып атышат, чындыгында бул тууралуу орустар да, дүйнө жүзү билет. Эмне үчүн америкалыктар шашып, сүйлөшүү жүрүп жаткандыгын ачык айтып атышат? Анткени алар Бакиевге ишенбейт, “эгер орустар катуу кысып койсо, мындан да баш тартып жибереби” деген чочулоо менен элге жарыялап, ачыкка чыгарып атышат.

Ар кандай келишимдин күчү –анын ачыктыгында, элге жарыялангандыгында. Ошондуктан, америкалыктар сүйлөшүүнүн жүрүп жаткандыгын, анын жыйынтыгын элге жарыялаш үчүн бир айдан бери аракет кылып, кайра-кайра айтып атат. Ал эми кыргыз тарап жашыруунун үстүндө. Кыргызда жакшы макал бар: “Тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген.

-Эгер бул сиз айткандай көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр болсо, ...мүмкүн.. бул жерде орустардын да тымызын макулдугу бардыр...

-Албетте, андай болушу да ыктымал. “Кеселге жөтөлдүн кереги не” демекчи, Бакиевге деле узартуунун эмне кереги бар деген ой да кетет. Бирок андай болсо эмне үчүн кыргыз бийлиги коркуп, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн жашырып жатат? Эмнеси болсо дагы 18-августта баары так болот.

-Өмүрбек мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG