Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Баялы Саркулов: Камалгандар бошотулбаса кырдаал дагы курчушу мүмкүн


Петровкадагы тополоң

Петровкадагы тополоң

Бүгүн Петровкадагы эл нааразылык акциясын улантмакчы. Ошондой эле айылга бүгүн ЖК депутаттарынан турган топ барышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Петровкадагы окуя боюнча түзүлгөн элдик комитеттин төрагасы Баялы Саркулов “Азаттыкка” таңкы түз ободо маек куруп берди.

-Баялы мырза, aйылдагы акыркы кырдаал кандай?

- Акыркы кырдаал боюнча айтсам, кечээ Петровка айлынын тургундарынан түзүлгөн атайын делегация парламентте болдук. Бир тобубуз “Ак жол” фракциясында, экинчи тобубуз Социал-демократтар фракциясында болуп, депутаттар менен арай көз-чарай болгон окуяны болгон иретинде талкууга алдык. Ийгиликтер болду десем болот. Анткени депутаттар биз айткан дооматтарга көңүл буруп, кээ бир маалыматтарды тактап беришти. Ал жерде 4 жашар кызга венерикалык оору кандай жол менен жугузулганы тууралуу да маалыматты тактап беришти.

Мындан тышкары кечээ камакта жаткан эки киши: Уран Рыскулов менен Ноорузбек Талканбаев камактан бошотулду. 29-апрель күнү саат 21 чамасында алардын ишин сотко жеткирбей эле убактылуу камоочу жайдан чыгарышты. Менимче бул дагы кечээки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болуш керек. Ошондой эле “Ак жол” жана Социал-демократтар фракцияларынын өкүлдөрү бүгүн Петровкага келишет. “Акжолчулар” иштин чоо-жайы менен таанышат, ал эми социал-демократтар бул окуя боюнча өздөрү жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат беришет. Мен ойлойм, бүгүнкү жыйын дагы сөзсүз түрдө өзүнүн жакшы натыйжасын берет. Бүгүн саат 11де депутаттар келсе, эл менен жолугушуу болот, бүгүн дагы жакшы бир жыйынтыктарга жетишебиз деген үмүт жана ишенич бар.

- Мектептер бир нече күндөн бери жабылып, балдар окубай калышты деген да маалымат айтылууда. Окуу жылы аяктап калган убакта балдардын окуусун үзгүлтүккө учуратпай, кайра улантуу мүмкүнчүлүгү барбы?

- Тилекке каршы менде бул тууралуу толук маалымат жок болуп атат. Айрым балдар бакчаларында, мектептерде тартип коргоо кызматкерлери жайгашып турушат. Алардан кечээки күнү элге эч кандай куугунтук болгон жок. Бирок эки жактан келип, Петровканын элине кошулууну каалагандардын милициялар артынан түшүп, куугунтуктап атышат деген маалыматтар бар.

-Элдин милицияга болгон маанайы кандай болуп жатат? Өзгөчө 26сында болгон массалык кармап-камоолордон кийин?..

- Ички иштер министрин кызматтан кетирүү талабы дагы деле күчүндө. Биз милицияга ишенбейбиз, ошондуктан, ар кандай чагымдардын алдын алуу үчүн биз бүгүн депутаттарды чакырдык. Кандайдыр бир чагым болуп, дагы бир тополоң башталып кете турган болсо, биз жоопкерчиликти мойнубузга албайбыз, сиздер барып, ошол жерде баарысына көзөмөл кылгыла, деп депутаттарга айттык. Талаптар күчүндө, анткени биздин талабыбыз толук аткарылган жок. Петровкадагы окуяга байланыштуу камалган Сапар Аргынбаев менен Эркин Бөлөкбаев дагы деле камакта. Туратбек Мадылбеков да камалып жатат. Ошондуктан, бүгүн боло турган нааразылык акциясында эл бул талаптарды катуу коебуз деп атат, бирок биз бардыгын мыйзам чегинде болсун, мыйзам бузулбасын, деп тартипке чакырып атабыз.

- Кечээ 50 үй-бүлө айылдан көчүп кетсин, ага 3 күн убакыт беребиз, деген талап күрт аксакалдарына берилгени кабарланды эле, эгер бул талап аткарылбаса, элдин кадамы кандай болот? Анткени 50 үй-бүлө 3 күн ичинде башка жактан башпаанек табышы кыйын болсо керек?..

-Азырынча биз бул боюнча жооп ала элекпиз. Бүгүн бул тууралуу да кеп болот, мунун үстүндө иштейбиз. Кечээ биз Бишкекте парламентте, сотто жүрүп, айылдагы болгон окуяларга катышкан жокпуз. Бирок айылдагылар менен телефон аркылуу да сүйлөшүп, кабарлашып турганбыз. Акыйкатчы Турсунбек Акун башында турган сот болду, деп айтышты. Ошондуктан, 50 үй-бүлөнү чыгаруу же чыгарбоо тууралуу талап тууралуу менде маалымат жок.

-Жергиликтүү элдин аксакалдарынын күрт аксакалдары менен сүйлөшүүлөрү кандай жүрүп жатат? Тегерек үстөлгө отуруп, тынч сүйлөшүүлөр жакшы натыйжа бергидейби?

-Эгерде элдин коюп жаткан талаптары жакшы маанайда сүйлөшүлүп, бийлик элге карай кадам таштап, чыныгы аракетин баштаса, жакшы натыйжага жетишүүгө болот. Эмнеге болбосун? Ал үчүн биринчиден күнөөсүз камалгандардын баары бошотулуп, бүгүн элдин алдына апкелинүүсү тийиш. Экинчиден, күнөөлүү деген үй-бүлөлөрдүн аттары ачык айтылып, тез арада жоопко тартылышы керек. Андай болбой, улам эки-үч күндөп артка тартылып, созула берсе, ого бетер элдин кыжыры келип, бул окуя кайра кайталанышы толук ыктымал болуп калды.

-Баялы мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG