Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Табышмактуу өлүмдөрдүн изи табылабы?


13-марттагы жол кырсыгынан улам автоунаалар өрттөнгөн делген жер.
13-марттагы жол кырсыгынан улам автоунаалар өрттөнгөн делген жер.

Башкы прокуратура 13-мартта Аламүдүн капчыгайында болгон кандуу окуя боюнча тергөө иши аяктап, сотко жиберилгенин жарыя кылды. Ал эми ЖК депутаты Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө байланыштуу иш тергөөдө.

13-март күнү Аламүдүн капчыгайында болгон автокырсыкта президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, президенттик администрациянын алдындагы иликтөө институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов өрттөнүп кеткен. Минтип расмий айтылганы менен айрым саясатчылар булардын табышмактуу өлүмүнүн артында чечилбеген чоң сыр жатат деп белгилешип келүүдө.
13-марттагы кырсыкта өрттөнгөн автоунаалар

Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылгандай, бул кандуу окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, Аламүдүн райондук сотунун кароосуна жиберилди. Кылмыш иши ошол кандуу окуяга себепкер болгон автокырсыкты жасаган айдоочу Орозбек Осмоновго каршы козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ага “Жолдо жүрүү жана автоунаа айдоо эрежесин бузган” жана “Адамдарды коркунучта таштап кетти” деген айып коюлган.

Айрым саясатчылар болсо үч адамдын табышмактуу өлүмүнө алып келген мындай окуяны ушундайча гана тергеп, сотко ашырып коюу жетишсиз деп эсептешет. Мындай пикир ээлеринин бири “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев бул ишти мындай берене менен гана тергөө жүргүзүп, соттоп коюу менен коомчулукка жооп бере албайт, деген оюн “Азаттыкка” билдирди:

- Коомчулуктун оюнда бул саясий буйрук менен атайын жасалган өлүм болду деген ой калыптанып калды да. Ошондуктан, муну жокко чыгарып, башка жагын далилдеп берүү үчүн ачык-айкын тергөө жүрүп, адилет сот болушу керек. Болбосо, машиненин күйүп кетиши, адамдардын өлүшү, айдоочунун рулдун алдында эмес, башка жакта отургандыгы тууралуу суроолор жоопсуз калып атат.
Маркум Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу

13-март күнү болгон кандуу окуяда автомобиль менен кошо өрттөнүп кеткен үч кишинин сөөгү президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, президенттик администрациянын алдындагы иликтөө институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановго таандык экендигин генетикалык экспертиза аныктап, 12-апрель күнү маркумдардын сөөгү жерге берилген.

Мына ушундан эки күн өтпөй, ЖК депутаты Санжар Кадыралиев Бишкектеги үйүнүн жанынан киши колдуу болуп өлгөн. Депутатты атып өлтүргөн Алтынбек Итибаев тез эле кармалып, кылмышын мойнуна алгандыгын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев маалымдаган.
Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө. Бишкек, 14-апрель.

Бул ишке байланыштуу ушул тапта ИИМдин убактылуу камоочу жайында депутат Санжар Кадыралиевдин жансакчысы Эрнис Мамазаиров да кармалып турат. Анын кармалышына ички иштер министри төмөнкүдөй себептерди келтирди:

- Санжар Кадыралиевдин жанында жүргөн жансакчысы Эрнис Мамазаиров деген жигитти да камакка алдык. Анткени анын жанындагы курал мыйзамсыз, андан тышкары жасалма күбөлүк жасап алган. Ошондуктан, ал дагы бүгүнкү күндө камакта.

Молдомуса Конгантиевдин сөзүн бүгүнкү күнү Эрнис Мамазаировдун жакындары жокко чыгарышууда. Жансакчынын адвокаты Самед Али оглынын журналисттерге билдиргени боюнча, 21 жаштагы Эрнис Мамазаиров эч качан тапанча көтөрүп жүргөн эмес, тапанча Санжар Кадыралиевге таандык болгон:

-Эч кандай жасалма документ болгон эмес. Бул тапанча 1994-жылы жоголуп кеткен экен. Кыргызстанда эч кимге катталган эмес. Ошондуктан, Эрнис Мамазаировго карата “куралды мыйзамсыз көтөрүп жүргөн,” деп айып тагууга негиз жок болчу. Эрнис Мамазаиров бул тапанчаны окуя болгон учурда жерде өлүп жаткан депутаттын курунан алып, өлтүргөн кишинин артынан аткылап, чуркаган. Муну депутаттын айдоочусу да айтып отурат.

Жансакчы Эрнис Мамазаировдун ата-энеси уулунун камалышын мыйзамсыз деп эсептеп, аны бошотуу өтүнүчү менен бийлик бутактарына жана коомчулукка кайрылды.

Жансакчынын атасы Дыйкан Мамазаиров депутатты өлтүргөн күнөөлүү адам табылган соң, аны камап отурууга тергөөнүн акысы жок деп эсептейт:

- Башында Санжар Кадыралиевдин айдоочусу менен менин уулумду алып барып камап, ошол экөөнөн бир илинчек табууга аракет кылышты. Андан кийин чыныгы атып өлтүргөн киши табылган соң, аларды кое бериши керек эле. Ушул күнгө чейин эмнеге кармап атышат? Эки-үч жыл мурун болгон окуяларды эптеп менин уулумдун мойнуна иле албай жатышат.
Маркум Санжар Кадыралиевдин тажыясы. Өзгөн, Кызыл-Сеңир айылы, 16-апрель.

Айрым маалыматтар боюнча, дал ушул жансакчынын жанынан табылган тапанчадан мындан эки-үч жыл мурун эки жолу киши өлтүрүү болгон. ИИМдин атын атагысы келбеген кызматкеринин айтуусунда тапанча жансакчыга таандык болбогон күндө да, аны эркиндикке кое берүүгө мүмкүн эмес.

Анткени баллистикалык экспертиздан өткөргөн учурда бул тапанчадан 2006-жылы декабрда Базар-Коргон районунда, ал эми 2007-жылы февралда Өзгөн районунда кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар атып өлтүрүлгөн. Биздин маектештин айтуусунда тергөөнүн жүрүшүндө мына ушунун баары аныкталууга тийиш.

Байкоочулардын баамында, Кыргызстанда Акаевдин тушунан бери эле бийликтеги канчалаган адамдар, бизнесмендер атылып кетти. Ошолордун көпчүлүгүнүн изи табылбай, далилденбей кала берүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG