Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

АКШ конгрессмени Эни Фалеомаваега эки күндөн бери Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Ал бир катар тармактардын жетекчилери менен жолугушуп, эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөө жана экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөштү.

30-июнь күнү АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасынын Азия, Тынч океан чөлкөмү жана айлана чөйрөнү коргоо комитетинин төрагасы Эни Фалеомаваега ЖКнын эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык комитетинин төрага орун басары Кабай Карабеков менен жолугушту. Анда конгрессмен Кыргызстанга Борбор Азиядагы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттерине жасалып жаткан сапарынын алкагында келгенин маалымдады. Ошондой эле ал АКШ президенти Барак Обама Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууга өзгөчө көңүл бөлүп жатканын белгиледи.

Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, Эни Фалеомаваега Кыргызстан Ооганстан менен Пакистандагы кырдаалды жөнгө салууга зор салым кошуп жатканын да маалымдап, АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн Транзиттик борборун Бишкекте түзүүгө макулдук бергени үчүн кыргыз парламентине ыраазылыгын билдирген.

Мындан тышкары АКШ конгрессмени Эни Фалеомаваега иш сапарынын учурунда бир катар тармактардын жетекчилери менен жолугушуп, эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөө жана экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Турат Макенбаев “Азаттыкка” буларды маалымдады:

-Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер боюнча жолугушуулар, талкуулар болду. Иш сапарынын жүрүшүндө Эни Фалеомаваега КР коргоо министринин 1-орун басары Марат Кенжесариев, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин 1-орун басары Бактыгул Баетов, тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова жана президенттик администрациянын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айбек Молдогазиев менен жолугушту.

Турат Макенбаев АКШ конгрессменинин “Манас” аба базасына барган-барбаганы тууралуу маалымат жоктугун кошумчалады. Эни Фалеомаваеганын 1-июлга белгиленген журналисттер менен жолугушуусу болбой калды, мунун себеби да ачыкталган жок.

АКШ конгрессменинин Кыргызстанга келиши саясат талдоочулар тарабынан түрдүү сыпатталууда. Белгилүү болгондой, 25-июнь күнү кыргыз парламенти АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн Транзиттик борборун “Манас” эл аралык аэропортунда түзүү тууралуу Америка менен Кыргызстан өкмөттөрүнүн келишимин жактырган. Келишимге ылайык, АКШ Транзиттик борбор үчүн жылына 60 млн. доллар төлөп берет.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев АКШда мамлекеттик бюджетти Конгресс көзөмөлдөйт, ошондуктан Эни Фалеомаваеганын иш сапары мына ушул максатта болушу да мүмкүн, деп эсептейт:

- Коргоо министрлиги акча сураганда мынча көп өлчөмдөгү акчанын кайсынысы кайда кетип атат, кайсы максатта жумшалып атат, деген маселени карап, негиздөө үчүн да келиши мүмкүн. Анткени Конгресстен акчанын бекилиши абдан кыйынчылык менен өтөт.

Орозбек Молдалиевдин айтуусунда, Кыргызстан Борбор Азиядагы башка мамлекеттер катары эле дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүнө али белгисиз бойдон калууда. Ошондуктан кыргыз бийлиги, Жогорку Кеңеш АКШнын конгрессмендери, Европанын парламентарийлери менен жакшы байланышта болуп, тыгыз катышта иштесе, жакшы болот, дейт саясат талдоочу.

АКШ президенти Барак Обама июнь айынын башында Египетке барган. Көп өтпөй ал Кыргызстан президентине кат менен кайрылды. 11-июнда Курманбек Бакиевге тапшырылган катында Барак Обама эки мамлекеттин кызматташууларын андан ары өнүктүрүү үчүн жогорку деңгээлдеги делегация жиберерин, ошону менен бирге Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу, террорчулук жана баңгизаттарын ташууга каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн Кыргызстан элине жана жетекчилигине ыраазылыгын билдирген.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев АКШ президенти ислам мамлекеттери менен карым-катыш түзүү долбоорун ишке ашырып жатат, деп эсептейт. Мындан тышкары Барак Обаманын Борбор Азияга өзгөчө көңүл бөлүүсүндө саясий жана экономикалык кызыкчылык турат, дейт саясатчы:

- Саясатты Орто Азиядан баштап, Орто Азияга көңүл бурат, деген өтө чоң нерсе. Анткени бүгүн АКШнын улуттук дүң продукциясы жылына 14 триллион долларды түзөт. Экинчиден, али кол тие элек ресурсу бай, гидроэнергетикага бай Орто Азияга жакын мамиле кылып, ага жардам берүүгө аракет кылып жаткандыгында.

Айрым пикирлер боюнча дүйнөнүн күрөө тамыры болгон ири держава АКШнын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көңүл буруп жатканы чоң саясат. Муну кыргыз бийлиги өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгы үчүн колдоно алабы, кеп мына ушунда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG