Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

БЭК өздөрүнүн тарапкерлерине жана мүчөлөрүнө карата бийлик тарабынан куугунтуктоолор уланып жаткандыгын белгилөөдө.

Бириккен элдик кыймылдын атынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп чыккан Алмазбек Атамбаевди жактагандарга жана ал үчүн иштеп берүүнү каалаган жарандарга жергиликтүү бийлик, күч органдары тарабынан ар кандай куугунтуктар болуп жаткандыгын оппозициялык кыймыл шайлоо өнөктүгү башталгандан тартып эле маалымдап келет. 21-июль күнү, шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күндөрү Алмазбек Атамбаев башында турган социал-демократтар партиясы бул тууралуу дагы бир жолу жыйынтыктап маалымат берди.

Партия жетекчисинин орун басары Бакыт Бешимовдун белгилегени боюнча БЭКтин талапкерин жактагандарга түрдүү кысымдарды көрсөтүп, айрымдарын ачык эле коркутуп-үркүтүү менен бийлик өлкөнү массалык нааразылыктарга түртүп жатат:

-Биздин ар бирибизге тууган-уруктарыбыз, тааныштарыбыз аркылуу кысым болуп жатат. БЭКтин, Атамбаевдин штабынын бардык мүчөлөрү ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуп атышат. Ушундан улам биздин ар кайсы жерлердеги мүчөлөрүбүз штабга ачык иштөөдөн чочулап атышат. Биздин партиянын атынан райондук, участкалык шайлоо комиссияларына мүчө болуп кирген адамдар кайра мындан баш тартып атышат. Сиздер жакшы билесиздер, биздин Токтогулдагы шайлоо штабынын башчысын сабап кетишип, ал ооруканага жатып калды.

БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү, “Улуу биримдик” партиясынын жетекчисиЭмилбек Каптагаев
өткөн жумада белгисиз бирөөлөр аны телефон аркылуу коркуткандыгын жарыялаган. Көп өтпөй анын айылдаштары эгер мындай куугунтуктоолор токтотулбаса, Бишкек-Чолпон-Ата канжолун жаап, шайлоого бойкот жарыялашарын билдиришкен.

Мына ушундай куугунтуктоолор тууралуу оппозициянын билдирүүлөрүн бийлик болушунча четке кагып келет. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов оппозиция өкүлдөрүнүн жасап жаткан жарыяларын шайлоо компаниясынын ичиндеги саясий технологиялык ыкма катары баалап, оппозиция шайлоодон жеңилерин билип туруп, кандайдыр бир шылтоонун негизинде чыр чыгарууга аракет жасап жатат, деген пикирин “Азаттыкка” билдирген.

Социал-демократтар партиясынын жетекчи орун басары Бакыт Бешимов бийлик өзүнүн утулганын билип турат, ошондуктан, күч менен болсо да аны колунан чыгарбоонун аракетин жасап, түрдүү мыйзамсыз аракеттерге барып жатат, деп эсептейт. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү күчтөп уюштуруу да мына ушул жан-далбастоонун бир айласы, дейт оппозиционер:

-Түшүнүп турабыз, булар азыр элдин көпчүлүгү биз тарапка бурулганын көрүп турат. Ошондуктан, бийлик алдоо жолу менен жеңишке жетүүнү көздөп атат. Бул бийлик моралдык жактан жеңилди, бул бийлик элдин колдоосуна ээ эмес экен, муну бардык жерден көрдүк. Булардын акыркы мүмкүнчүлүгү болуп –алдоо менен бийликти өздөрүндө сактап калуу.

Бакыт Бешимов 23-июль күнү шайлоочулар берген добушунун бурмалануусуна жол бербейт, деген ишеничин кошумчалады. Оппозициялык бириккен кыймыл буга чейин эле 23-июлду добуштарды коргоонун күнү деп жарыялаган.

Президенттик шайлоо өнөктүгүнө, үгүт иштеринин жүргүзүлүүсүнө бийликке сын көз менен караган саясий кыймылдар, бейөкмөт уюмдар гана эмес, азыркы бийликти жактаган уюмдар да байкоо жүргүзүп келишти. Алардын бири Кыргызстан элдеринин ассамблеясы эки күндөн кийин өтө турган президенттик шайлоо эч кандай бурмалоолорсуз, бардык мыйзамдардын жана Шайлоо кодексинин чегинде өтөт деген үмүттө. Бул тууралуу аталган ассамблеянын төрайымы Жаңыл Түмөнбаева 21-июлда болгон маалымат жыйынында билдирди:

-Ар бир шайлоо акыйкат жана ачык өтүү үчүн демократиялык мамлекет ошого жол издейт. Мына биздин мамлекет да ушундай билдирүү жасабадыбы. Мен да ушундай болуш керек, деп эсептейм, менин оюм буга түз.

Кыргызстан элдери ассамблеясы президенттик шайлоо күнү өлкөнүн алты облусунда добуш берүүгө байкоо жүргүзүү үчүн 820 байкоочуну окутуп-даярдашты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG