Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

ШКУ өлкөлөрү эриш-аркак аракет менен илгерилейт


Бээжин саммити. 14-октябрь, 2009-жыл.

Бээжин саммити. 14-октябрь, 2009-жыл.

Бээжин саммитинде ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары дүйнөлүк каржы кризисинен биргелешкен аракеттер менен чыгуу чараларын макулдашты.

16-октябрдагы Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Бээжин саммитине Кыргызстандан премьер-министр Игорь Чудинов баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн кыргыз өкмөт башчысы ШКУ өлкөлөрү менен соода көлөмү дүйнөлүк каржы кризисинин айынан азайганын жана аны четтетүү боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматкери Болот Жумабаев Бээжинден билдирди:

-Премьер-министрлер жыйындын аягында 2010-жылдын бюджети, айрым ишмердүүлүктүн каржы маселеси боюнча биргелешкен коммюнике кабыл алышты. Мындан тышкары жугуштуу ооруларга каршы уюмдун алкагында чогуу күрөшүү тууралуу кайрылуу кабыл алышты. Ошондой эле дүйнөлүк каржы кризисинин терс таасирин азайтуу боюнча биргелешкен аракеттер тууралуу документке кол коюлду. Саммит учурунда уюмга мүчө мамлекеттердин бажы кызматынын башчылары бажы тармагынын жооптуу кызматкерлерин чогуу даярдоо тууралуу келишимге кол коюшту.

Болот Жумабаевдин маалыматы боюнча КР өкмөт башчысы бүгүн ошондой эле казакстандык кесиптеши Карим Масимов менен, андан кийин Кытайдын темир жол министри Лю Чжинзюн менен жолугушту.

ШКУ саммити учурунда Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао уюмга мүчө өлкөлөрдү тыгыз кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө чакырды:

-Эгерде бардык мүчө өлкөлөр эриш-аркак иш алып барып, кызматташтыкты андан ары тереңдетчү болсо, анда, менин ишенимимде, биз аймакта ажайып бир тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кыла алабыз.

Кытай өкмөт башчысы Вэн Цзябаонун кризистен чыгууну караштырган биргелешкен чечимдерди кабыл алуу боюнча сунушун Кыргызстандын премьер-министри кубаттоого алды.

Кыргыз-кытай кызматташтыгынын тарыхы байыркы доорго барып такалат. Ошондой эле Кыргызстандын эгемендигин Кытай алгачкылардан болуп тааныганы белгилүү. Адистердин айтуусунда союздун урашы кандайдыр бир деңгээлде Кытайдын экономикасына жакшы таасирин тийгизген.

-СССРдин кулашы Кытайга анын курамындагы өлкөлөрдүн чек арасын кеңири ачып берди. Бул деген өз учурунда Кытайга мурдагы союздун жаратылыш ресурстарын расмий, расмий эмес, контрабанда жолу менен да ташып, пайдаланууга жакшы шарт түзүп берди. Кыргызстандын, Казакстандын, башка республикалардын жаратылыш ресурстары, мисалы темир эле Кытайга дээрлик бекер, өтө көп өлчөмдө өтүп кетти,- дейт экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев.

Бүгүн кыргыз өкмөт башчысы Кытайдын темир жол министри менен кытай-кыргыз-өзбек темир жолунун тагдыры тууралуу сөз кылды деген маалыматтар бар.

Буга чейин 2009-жылдын июнь айында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралынын курулушу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну, техникалык стандарттарды, курулуш долбоорун жана аны каржылоону аныктоону тездетүүнү кыргыз-кытай өкмөт аралык комиссиясы Пекин отурумунда макулдашканы белгилүү.

Айылчы Сарыбаев бул темир жолунун мааниси Кыргызстан менен Өзбекстанга караганда Кытай үчүн чоң мааниге ээ деген пикирде. Анын айтуусунда муну кытай өкмөтү алдыңкы беш жылдык планга киргизгени далилдеп турат:

-Темир жолдун көбөйүүсү – сооданын көбөйүүсүнө жол ачат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кытайдын товарларын бул эле мамлекеттерде эмес, андан ары да экспорттоого шарт түзүп берет. Башкача айтканда Кытай үчүн коңшу мамлекеттердин базарларын экспансиялоого мүмкүнчүлүк кеңири ачылат. Ошол үчүн алар бийик тоолор аркылуу өтө турган темир жолго каражатын аябай, макулдугун берип, алдыңкы беш жылдагы планына киргизип коюшту. Булар бардык жагын эсептеп, пландап, тактап туруп, бул темир жолдун Кытай мамлекети, эли үчүн канчалык пайда берет деп эсептеп туруп, жасаган иш.

ШКУга мүчө болуу менен Кыргызстан саясий-экономикалык, коопсуздук жактан утуш алды деген пикирлер бар. Бирок ошол эле учурда уюм Кытай, Орусия сыяктуу үлкөндөрдүн кызыкчылыгы үчүн көбүрөөк иштейт деп эсептегендер да жок эмес. Түзүлгөнүнө бир нече жыл гана болгон уюмдун келечегин убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG