Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Транзиттик борбор жергиликтүү ишканалар менен иштемекчи


Транзиттик борбордун жүк ташуучу учагы
Транзиттик борбордун жүк ташуучу учагы

АКШнын Бишкектеги Транзиттик борбору кыргызстандык ишканалар менен тыгыз кызматташууну көздөйт. Бул үчүн жергиликтүү ишканалар өндүргөн товарлардын сапаты эл аралык нормаларга туура келүүгө тийиш.

АКШнын Бишкектеги Транзиттик борбору бүгүн кыргызстандык ишкерлер үчүн бизнес-семинар өткөрдү. Иш-чара жергиликтүү ишканалардын аталган борбор менен иштешүүсүнө кеңири жол ачуу максатында уюштурулду. Транзиттик борбордун тиешелүү адистери эл аралык нормалар тууралуу, Транзиттик борбордун өзүнө жана анын Ооганстандагы, башка аймактардагы бөлүмдөрүнө азык-түлүк, курулуш жана башка товарларды сатуу үчүн кыргызстандык ишкерлердин атайын тендерлерге катышуу тартиби жөнүндө 15-октябрда жергиликтүү ишкерлерге маалымат беришти.

Аталган борбордун жетекчисинин орун басары Томас Жойстун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Транзиттик борбор Кыргызстандагы ишканалар менен тыгыз кызматташтыкта болууну каалайт:

-Биз Кыргызстандык ишкерлер менен кызматташтыгыбызды тереңдетебиз. Келечекте алардын өндүргөн азык-түлүктөрү, көрсөткөн тейлөө кызматы Транзиттик борбордун Ооганстандагы күчтөрү үчүн да пайдаланылат.

Ал эми борбордун келишим бөлүмүнүн жетекчиси Дюк Сантостун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча Транзиттик борбор мурда “Манас” аскер базасы болуп турган тушта да жергиликтүү ишкерлер менен иштешип келген:

-Өткөн жылы базага бөлүнгөн 23 млн. доллар каражаттын 43%, үстүбүздөгү жылы 40% жергиликтүү ишканалар менен иштешүүгө сарпталган. Анын ичинде жууп-тазалоо иштерин, ар кандай күндөлүк керектелүүчү, кеңсе товарлары менен камсыздоону жана курулуш иштерин кыргызстандык ишканалар жүргүзүшөт.

АКШнын Транзиттик борборун керектүү товарлар менен камсыз кылуу, ар кандай кызмат көрсөтүү иштерин кыргызстандык ишкерлер менен жүргүзүү тууралуу шарттар үстүбүздөгү жылы июнь айында Америка-Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн. Бүгүнкү иш-чара мына ошол шарттарды ишке ашыруу максатында да жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады Дюк Сантос.

АКШнын Бишкектеги Транзиттик борбору уюштурган бизнес-семинарга 200гө жакын жергиликтүү ишканалар чакырылган. Алардын бири, макарон азыктарын чыгаруучу “Ниязалиев” жеке ишканасынын башкы менеджери Уран Ниязалиев тендер 1-жолу болуп жаткандыктан, ага катышуунун шарттарына кызыгып, келгенин “Азаттыкка” билдирди:

-Талаптары жогору экени белгилүү. Ошондуктан, Кыргызстандын ишканалары тендерге катыша алабы, катышса да ута алабы, жокпу, мына ушул кызыктырат. Бүгүн семинарга да атайын ушуну билүү үчүн келгенбиз. Ойлонуп атабыз катышсакпы деп...

Ал эми “Имарат курулуш” компаниясы антитеррордук күчтөрдүн Бишкектеги аба базасы менен 2005-жылдан бери кызматташып келе жатат. Аталган ишкананын аткаруучу жетекчиси Данияр Иманалиевдин пикири боюнча кыргызстандык ишканалар өндүргөн товары, көрсөткөн тейлөө жана башка кызматтары батыштагы компаниялардан калышпоосу үчүн талыкпай эмгектениши керек:

-Үйрөнүш керек, жеңил эмес. Үйрөнүп, иштеш керек. Биз деле албетте кичинекей иштерден баштаганбыз. Азыр чет өлкөлүк ишканалар менен атаандаша турган деңгээлдебиз. Анткени биз ошол тендерлерден утуп атабыз.

Батыштан келген ар түрдүү эл аралык уюмдардын, ири ишканалардын Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга, азык-түлүккө этияттык менен мамиле кылганы туура эле, деп эсептейт “Кыргызтрансавиа” компаниясынын вице-президенти Таалайбек Окенов. Ал “Азаттыкка” айткан пикиринде жергиликтүү стандарттар менен АКШнын, эл аралык стандарттардын айырмасы чоң дейт:

-Транзиттик борбордун талаптарына жооп берип, Кыргызстандын ишканалары алар менен иштешип кала турган болсо, анда бул алардын өзгөчө бир деңгээлге жеткенин көрсөтөт. Бирок мындай компаниялар азырынча бириндеп саналат, тилекке каршы. Бүгүнкү Транзиттик борбор өзү уюштуруп жаткан семинар биздин ишкерлерге жол көрсөтүп, ага өбөлгө түзөт деген ишеничтемин.

АКШнын Бишкектеги “Манас” аскерий аба базасы 2009-жылдын 22-июнундагы кыргыз-америка келишимине ылайык Транзиттик борбор болуп кайра түзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG