Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр ушул күндөрү 70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Жогорку Кеңешти көз карандысыз бийлик бутагы болуудан калды деп сынга алууда.

Парламенттин 70 жылдык мааракесине байланыштуу азыркы ЖКнын курамындагы көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясынын 12, “Коммунисттер” фракциясынын 2, СДПнын 1 мүчөсүнө КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын сыйлыгы ыйгарылды. Парламенттин 19-ноябрдагы отурумунда ассамблеянын “Шериктештик” деп аталган орденин жана Ардак грамотасын уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Нурбек Сатыбалдиев тапшырды.

Бул аралыкта оппозициялык Бириккен элдик кыймыл билдирүү таратып, анда азыркы бийликчил Жогорку Кеңеш парламент тарыхынын бир бөлүгү болууга укуксуз деп белгиледи. Ошондой эле билдирүүдө 1990-жылдан 2007-жылга чейинки ЖК Борбор Азия аймагындагы эң бир күчтүү парламент деп аталып келгени айтылып, тилекке каршы азыркы парламент күчтүү кризисти башынан кечирип жаткандыгы, мунун артында Жогорку Кеңеш деген көз карандысыз бийлик бутагынын негизи жок болуу коркунучу тургандыгы баса белгиленген.

БЭКтин саясий бюро мүчөсү, Кыргызстан эгемендик алгандан бери парламентте депутат болуп келген, мурдагы спикер Өмүрбек Текебаев азыркы партиялык негиз менен шайланган кыргыз парламентин партиялык парламенттин карикатурасы деп атады

“Ак жол” партиясынын депутаттарын беш адамдан турган саясий кеңеш каалагандай калчап турат"
- Партиялык парламент түздүк деп атканыбыз менен бизде партиялык парламенттин карикатурасы түзүлгөн. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө партиялык парламенттин мүчөлөрү бийликтен көз карандысыз, эркин болот. Бизде кандай? Бүгүнкү партиядан барган депутаттар - крепосттук укуктагыдай эле. Мисалы: “Ак жол” партиясынын депутаттарын беш адамдан турган саясий кеңеш каалагандай калчап турат, алар булардын депутаттык мандатын оңой эле алып коюшат.

Өмүрбек Текебаев азыркы парламентте көпчүлүк кылган “Ак жол” партиясынын депутаттары өтө эле көз карандылыгы менен мурдагы кесиптештеринен айырмаланат, деп эсептейт:

- Мурдагы парламенттердин тушунда деле Акаевдин айтканын колдоп тургандар болчу. Жарымынан көбү колдочу. Бирок ал кезде алар эркин болчу. Экинчиден, мурда парламентке ар кандай күрөштөн өткөн, өз алдынча саясатчылар келүүчү. Азыр болсо бизге белгисиз критерийлер менен түзүлгөн “Ак жол” партиясынын тизмесинде өз алдынча саясий лидер болгон, элге жол көрсөтүп, ой айта алган адамдар аз.

БЭКтин билдирүүсүндө “азыркы ЖК бийликтин иш-аракетин көзөмөлдөөчү орган болуудан калды, басымдуу бөлүгүн “акжолчу” депутаттар түзгөн парламент адам укугун, тынч жыйындарга чогулуу, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды үстөккө-босток кабыл алуу менен бийликтин “тил алчаак” парламенти болуп калды. Буга “акжолчу” депутаттардын колу менен Каркыра жайлоосунун жана бир катар пансионаттардын Казакстанга берилиши, энергетика секторунун менчикке чыгарылышы толук күбө ,” деп айтылат.

Бириккен оппозициялык кыймылдын билдирүүсүнө парламенттин өзөгүн түзгөн “акжолчу” депутаттар терикпей эле кабыл алышканы байкалат. Аталган фракциянын мүчөсү Бегалы Наргозуев мындай мазмундагы билдирүү, кайрылуулар оппозиция тарабынан айтылуусу мыйзам ченемдүү деп эсептейт, ал азыркы парламент тарабынан жарандык коом менен биргелешкен бир катар мыйзамдар кабыл алынды, дейт:

- Бул деген саясий күрөштүн бир формасы. Ошондуктан, алардын билдирүүсүнө теригүүнүн кажети жок. Азыркы парламент элдин өкүлү болгон жарандык коом менен биргелешип мыйзам кабыл алып жатабыз. Кандай гана мыйзам болбосун жарандык коом менен талкуулап, элдин пикирин эске алуу менен кабыл алынып жатпайбы.


Азыркы парламенттин келиши менен Жогорку Кеңештин иши мурдагыдай кызыктуу болбой калды деген пикирлерди журналисттерден да угууга болот. Көз карандысыз “Пресс.кг” басылмасынын редактору Абдувахаб Мониевдин пикири боюнча, азыркы парламент мамлекеттик бийликтеги саясий чечимдерге таасир кылуу, өз алдынча чечимдерди кабыл алуу укугунан таптакыр ажырады:

"Азыркы парламентти жоюп жиберсе боло турган"
- Бүгүнкү парламент өзүнүн түпкү озуйпасы, түпкү функцияларынан ажыраган бир бечара органга айланып калды. Баарыга белгилүү, парламенттин негизги эки милдети бар: биринчиси – аткаруу бийлигинин аракеттерин көзөмөлдөп, отчетун алып, баалоо; экинчиси - өз демилгеси менен элдин, коомдун кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды кабыл алуу. Азыркы парламент мына ушул эки укугунан жана милдетинен ажыраган.

Абдувахаб Мониев азыркы парламентти жоюп жиберсе да боло турган абалга келип калды деп кошумчалады.

Көпчүлүгүн “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү түзгөн Жогорку Кеңеш кыргыз парламентинин 70 жылдык мааракесин салтанаттуу түрдө белгилөөгө камынууда. 20-ноябрда Улуттук филармонияда президенттин жана мурдагы парламент мүчөлөрүнүн катышуусу менен чоң салтанат болмокчу. ЖК маалымат кызматы кабарлагандай мындан тышкары бул күнү кыргыз парламентинин ишмердиги тууралуу документалдык тасма көрсөтүлөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG