Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Парламенттин 70 жылдыгы: эки ача мамиле


Бүгүн белгиленген Жогорку Кеңештин 70 жылдык мааракесине оппозициялык көз караштагы мурдагы жана азыркы депутаттар катышкан жок.

Демократиялык принциптер кыргыз элинин байыркы тарыхынан бери жашап келатканы, эл үчүн, мамлекет үчүн маанилүү деп эсептелген бардык маселелер Элдик жыйындын, Курултайдын кароосуна коюлуп, чечилип келгени белгилүү. Союздун тушунан бери бул милдетти Жогорку Кеңеш аткарып келе жатат.

Кыргыз ССРинин алгачкы парламенти 1938-жылы июль айында шайланып, анын жетекчилигине Асаналы Толубаев шайланган. Андан бери Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин 12-жолку чакырылыштагы парламент ишмердүүлүк жүргүзүп, акыркысы “легендарлуу парламент” деген аталыш менен тарыхта калды.

“Легендарлуу парламент” эгемендүү Кыргызстандын пайдубалын түптөп, түндүгүн көтөргөн, дейт аталган парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов:

-Чын-чынына келгенде “легендарлуу парламент” жаңы Кыргыз Республикасынын пайдубалын түптөп, дубалын орноткон, түндүгүн көтөрүп, түтүнүн булаткан парламент болду. “Легендарлуу парламент” КРнын жаңы Конституциясын кабыл алып, желегин, гербин, гимнин бекитти. Улуттук валюта – сомду кабыл алды, мамлекеттин 1-президентин шайлады, 2-президентин тарбиялады.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1995-жылы Элдик референдумдун негизинде эки палаталуу парламент шайланып, Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйыны деп экиге бөлүнгөн. Ошондогу мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты Жолборс Жоробековдун айтуусунда 1-чакырылыштагы депутаттар мыйзамдардын 1-муунун түзгөн:

-Биздин 1-чакырылыштагы депутаттары алгачкы мыйзамдарды кабыл алуу менен Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө, анын укуктук жактан өнүгүшүнө баалуу салымын кошту деп ойлойм. Анткени тарыхыбызда биринчи жолу кош палаталуу парламент – профессионалдуу парламентти биз баштаганбыз.

Кыргыз парламентинин 70 жылдык мааракесине арналган салтанатта президент К. Бакиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Кыргыз ССРинин, эгемендүү Кыргызстандын мурдагы парламенттерине токтолуп өткөн мамлекет башчы 2007-жылы кыргыз элинин кулк-мүнөзүнө шайкеш келген парламент шайланды, бул көпчүлүктүн үмүтүн актады, деп белгиледи:

-Биз Кыргызстанга демократиялык принциптер менен бирге эле биздин элдин кулк-мүнөзүнө жана тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген гана үлгү зарылдыгына ынанып отурабыз. 2007-жылы октябрда болгон конституциялык реформа көпчүлүктүн үмүтүн актаганын билдирет. Ошондо принципиалдык, жаңы партиялык негизде шайланып келген Жогорку Кеңешке быйыл эки жыл толот.

Ошентсе да азыркы парламенттин дарегине айтылган сын-пикирлер президент К. Бакиев мактагандай болбой жаткандыгын көрсөтүп тургансыйт. Эки күн мурун оппозициялык бириккен кыймыл көпчүлүгүн бийликтин “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү түзгөн Жогорку Кеңеш кыргыз парламентинин 70 жылдык тарыхынын бир бөлүгү болууга укуксуз деген билдирүү таратышкан.

Бүгүн да 70 жылдык мааракеге оппозициялык көз караштагы мурдагы жана азыркы депутаттар катышкан жок. 1-чакырылыштагы парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Мукар Чолпонбаев да бүгүнкү салтанатка барган жок, ал мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Биринчиден, иш-чараны уюштуруучулардын бизге жасаган мамилеси, алар бизди “кайдасыңар?” деп издеп койсо болмок. Экинчиден, мен азыркы парламент менен чогуу бир залда отургум келген жок.

Мукар Чолпонбаев бир кездерде өзү башкарган парламент менен азыркы Жогорку Кеңештин айырмасы өтө чоң деп эсептейт:

-Эл менен кайсы депутаттардын байланышы күчтүү десе, мен мурунку парламентти көрсөтмөкмүн. Анткени анда ар бир депутат ар бир округдан шайланып келишчү. Депутат болом деген ар бир талапкер ошол округдагы элге өзүнүн ким экендигин көрсөтүп, анан шайлоочулар тандайт эле. Ошондуктан, ал кездеги депутаттар менен алар шайланып келген округдагы шайлоочулардын түздөн-түз байланышы күчтүү болчу. Ал эми азыркы шайланган “ак жолчулардын” округдары аныкталган эмес, шайлоо учурунда шайлоочулар партиялык тизмедеги көрсөтүлгөн үч кишиге гана добуш беришкен. Калган 97 кишинин кимдиги, кайдан келгени эле эмес, аты-жыты белгисиз болгон. Ошондуктан, алардын “биз элдин добушун алдык” деп төш каккандары таптакыр туура эмес. Анткени булар элдин алдында түздөн-түз өздөрү жооп бере албайт. Булар үчүн укуктук жактан партия жооп берет деп жазылып турат, бирок иш жүзүндө эч ким жооп бербейт. Демек, мурдагы парламент менен азыркы парламенттин ортосунда айырма асман менен жердей.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG