Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

А. Тагаев Баткенге губернатор болуп дайындалды


А. Тагаев Жогорку Кеңешти бир жарым жыл жетектеди
А. Тагаев Жогорку Кеңешти бир жарым жыл жетектеди

ЖК спикери Айтибай Тагаев Баткен облусуна губернатор болуп дайындалды. Буга карата пикирин билдирген саясатчылар Жогорку Кеңештин төрагасы деген кызматтын аброю кеткенин билдиришүүдө. Спикердин кызмат ордун ээлөөгө "Ак Жол" фракциясынан төрт депутат аракет кылууда.

Баткен облусуна Айтибай Тагаев губернатор болуп барат экен деген имиш кептер облустун мурдагы башчысы Марат Жумабеков “кызматындагы кетирген кемчиликтери үчүн” бошотулгандан кийин эле айтыла баштаган. Ал аңыз кептерди президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев бүгүн парламенттин отуруму башталып жаткан учурда депутаттардын алдында тастыктады:

-Урматтуу депутаттар, бүгүн президент Курманбек Бакиевдин жардыгына ылайык Айтибай Тагаев Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы – губернатор болуп дайындалды.

Каныбек Жороев сөзүндө Айтибай Тагаевдин губернатор болуп дайындалышына эмне себеп болгондугун ачыктаган жок. Ал кыскача гана президент А. Тагаевге Баткен облусун жакшы билген адам катары дагы бир жолу ишенич артып жатат деп кошумчалап кетти.

Президенттик аппарат башчысынын сөзүнөн кийин сүйлөгөн Айтибай Тагаев кесиптештерине жана президент К. Бакиевге көрсөткөн ишенимдери үчүн ыраазылыгын билдирди.

Айрым пикирлер боюнча А. Тагаев өзүнөн мурунку спикер, айрым убактарда президентке каш кага билген Адахан Мадумаровдон айырмаланып, президенттин ар бир тапшырмасын кыйшаюусуз аткарган, тил алчаак спикер болуп берди. Аны мамлекет башчы өзүнө керек учурда алып келген, пайдаланды, эми болсо минтип алыскы облуска губернатор кылып жөнөттү, дешет мындай пикир ээлери.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Роза Отунбаева бүгүнкү кадамы менен президент парламент төрагасы деген жогорку мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы кеткенин дагы бир ирет көрсөттү деп эсептейт:
"Башмыйзам боюнча мамлекеттеги экинчи кишини губернатор кылып шилтеп жиберсе боло берет экен.."


-Айтибай Тагаев Акүйдүн сөзүн, алардын буйруктарын кыйшаюусуз аткарам деп аябай аракет кылды. Бирок баарынан өкүнүчтүүсү – спикер деген кызмат баасы жок, орду жок болуп калыптыр. Ошол аныкталып жатат. Көрсө президенттен кийинки орунда турган көз карандысыз бийлик бутагынын ээси –спикерди губернаторлукка деле шилтеп кое берсе болот экен. Жогорку Кеңештин төрагасы деген Башмыйзам боюнча мамлекеттеги экинчи киши да.

Азыркы парламентте көпчүлүк кылган “Ак жол” фракциясынан буга чейин да мамлекеттик кызматка кеткен депутаттар көп болгон. Ошондуктан бүгүнкү окуядан да эч кандай мыйзамсыздык көрүүгө болбойт, деп билдирди “акжолчу” депутаттардын бири Зайнидин Курманов “Азаттыкка”:

-Алмашуу боло берет, анткени парламент бийликтин кадрдык резерви болуп саналат. Башка мамлекеттерде деле аткаруу бийлигине жалаң гана парламенттен алат. Кээ бир өлкөлөрдө спикер жыл сайын алмашат, мисалы Швецияда.

Бул парламентти президенттин жеке ээлигинде турган парламент деп айтууга болот. Анткени ар биринин мандаты – партиянын лидери – президенттин колунда. Булар өзүнө өзү ээ эмес.
Азыркы иштеп жаткан Башмыйзам боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы президенттен кийинки орунда турган, ошол эле учурда ага көз карандысыз бийлик бутагынын жетекчиси.
Парламентти Өмүрбек Текебаев жетектеп турган учурда бийлик теңсалмагы сакталып турчу дешет байкоочулар. 2007-жылы партиялык тизме менен шайланган парламент келгени бул теңсалмак бузулуп, ЖКке президентке түздөн-түз баш ийген адам отурду, буга бүгүн спикерликтен кеткен А. Тагаевдин талапкерлиги да президент тарабынан сунушталганын мисал кылууга болот, дешет алар.

“Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде кептин баары парламенттеги көпчүлүк партиянын мандаты президентке көз каранды болгондугунда жатат:
Парламентти Өмүрбек Текебаев жетектеп турган учурда бийлик теңсалмагы сакталып турчу дешет байкоочулар

-Бул парламентти президенттин жеке ээлигинде турган парламент деп айтууга болот. Анткени ар биринин мандаты – партиянын лидери – президенттин колунда. Булар өзүнө өзү ээ эмес. Экинчиден, “Ак жол” партиясынын саясаты элге каршы болуп, ал саясатты кыңк этпестен парламенттеги депутаттары колдоп бергендиктен, парламенттин авторитети биротоло кетти.

Парламенттин регламенти боюнча спикердин бош калган ордуна ар бир фракция өз талапкерин көрсөтөт. Бирок айрым маалыматтарга караганда спикерлик орунга “Ак Жол” фракциясынан келүүчү адамдын аты белгилүү. Ошондуктан бул маселе эчак эле Өкмөт үйүндө чечилген, дейт социал-демократтар фракциясынын лидери Роза Отунбаева:

-Чынында бизге кимиси спикер болсо баары бир. Төраганы кетирип туруп, анын ордун ачык коюп, анан чечкен нерсе болбойт да, эчак эле чечилген, -деген какшык узатты Роза Отунбаева.

Такталбаган маалыматтар боюнча ЖК төрагасынын ордуна “Ак жол” фракциясынан төрт депутаттын: А. Салымбековдун, К. Исабековдун, А. Турсунбаевдин жана Табылды Орозалиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Булардын кимиси чынында эле спикерлик орунга ат салышат, кимиси жеңип чыгат, ал парламенттин эртеңки отурумунда аныкталышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG