Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Геннадий Павлюк колу-буту таңылып ыргытылган


Коңшу Казакстанда Геннадий Павлюктун өмүрүн сактап калуу менен катар анын өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш иштин бетин ачуу аракеттери жасалууда.

Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыга барып, “Казакстан” мейманканасынан орун алган жана эртеси күнү кайра Бишкекке кайтып кетүү планы болгон. Бирок ал ошол күнү белгисиз жагдайда Фурманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдынан табылган. Журналистти кимдир бирөөлөр алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен деген божомол басымдуулук кылууда.

Алматы шаардык кылмышты иликтөө полициясы адам өлтүрүү аракети деген негизде кылмыш ишин козгоду. Аны Казакстандын ички иштер министринин орун басары өз көзөмөлүнө алып, он күндүн ичинде кылмыштын бетин ачууга аракеттер көрүлүп жатканы маалымдалды.

Белгисиз жагдайда оор жаракат алган кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк Алматыдагы борбордук клиникалык ооруканынын травматология бөлүмүндө дагы деле эсине келбестен, абдан оор абалда жатат.

Павлюктун жубайы Ольга күйөөсүнүн абалы тууралуу “абалы баштагыдай эле. Дарыгерлер болсо эч кандай прогноз бербей эле” деп телефон аркылуу "Азаттыкка" билдирди.

Геннадий Павлюктун ал-ахыбалын билүүгө Алматыга барып келген бей өкмөттөр уюмунун өкүлү Гүлнара Жороева журналист жаткан ооруканада Павлюктун үй бүлө мүчөлөрү, Кыргызстандын консулдук кызматынын өкүлү жана полиция кызматкерлери менен жолугушкан.

“Бейрасмий маалымат боюнча аны ыргытаардан мурун колу бутун таңып туруп, анан ыргытып жиберишкен”, - деп өзү жолугушкан адамдардын алынган маалыматка таянып Гүлнара Жороева билдирди.

Учурда ооруканадагы журналистти Казакстан ИИМнин Ыкчам аракеттенчү өзгөчө тобунун кызматкерлери кайтарууда. Адам өлтүрүү аракети деген негизде кылмыш иши козголуп, аны Казакстандын ички иштер министринин орун басары өз көзөмөлүнө алды.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев кечээ “Азаттыкка” берген маегинде каргашалуу окуяны Геннадий Павлюкка карата атайын уюшулган кол салуу катары баалады: “Мен бул саясий заказ мүнөзүндөгү кылмыш деп ойлойм. Бул Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөгө багытталган кезектеги кол салуу”.

Кыргызстандагы “Белый параход” гезитинин уюштуруучусу Геннадий Павлюк “Ата Мекен” деген аталыштагы интернет газета түзүп, жакында аны коомчулукка алып чыгуу аракетин көрүп жаткан. Ал ошондой эле гезитке аты уйкаш өлкөдөгү оппозициялык саясий партия менен да тыгыз кызматташа баштаган.

Үстүбүздөгү жылдын жайында өзбек тилинде “Позиция” деген гезит чыгарып, бирок үч-төрт чыгарылышынан кийин эле басылма токтоп калган. Ага өзбек тилдүү журналисттерге карата болгон эскертүү, коркутуулар себеп болгон. Аталган гезит Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы өзбек тилинде чыккан жалгыз гезит катары тааныла баштаган.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоцияциясынын президенти Токтайым Үмөталиева, адам өмүрүнө коркунуч алып келген мындай окуялар Кыргызстанда жалпы мүнөзгө ээ болуп баратканы өкүнүчтүү, кылмыштын бети ачылабы-жокпу ошону күтөлү деген пикирде:

“Ким билет, бул окуя эмне себептен болду. Азыр айтыш абдан оор. Саясатка байланышпы, же андай эмеспи, билбейм. Бирок мындай көрүнүштөр, мамлекетте шайлоо болгондон берки төртүнчү же бешинчи журналист жарадар болуп жатат. Туурабы?”

Бир катар жергиликтүү, эл аралык басылмалар Геннадий Павлюктун өмүрүнө чоң коркунуч келтирген бул кырсыктын соңку учурда Кыргызстанда бири-бирине удаа кайталанган уруп-согууларга тиешеси бар жогун дагы кылдат карап чыгуу керектигин байма-бай жаза башташты.

Ушул ай ичинде Бишкекте Кыргызстандын мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков, саясат талдоочу Александр Князев, орусиялык “Балтинфо” маалымат агенттигинин журналисти Александр Евграфов токмоктолгон. “Ош шамы” гезитинин журналисттери Тургунбай Алдакулов менен Кубаныч Жолдошев кагазга оролгон автоматтын огун белгисиз даректен “белекке” алса, 5-декабрда саясатчы Токтайым Үмөталиеванын автоунаасын тинтүү болгон.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG