Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Журналисттерге кол салуулар эмне үчүн көбөйдү?


Журналисттер - бычактын мизинде, найзанын учунда
Журналисттер - бычактын мизинде, найзанын учунда

Кыргызстанда “Журналисттер” коомдук бирикмеси жаңы жылдан тарта журналисттердин укуктарын бузуу фактылары боюнча мониторинг жүргүзүп баштамакчы. Мониторинг бир жыл бою бүтүн республика боюнча жүргүзүлөт. Журналисттердин ишине тоскоолдуктар көбөйүп, аларга кол салуулар күчөп кеткен азыркы шартта бул маселеге мамлекеттин жана коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн сапаттык, сандык фактыларга таянуу зарыл болуп турат.

Кыргызстанда бийликтин аеосуз сынчысы катары белгилүү болуп келген журналист Геннадий Павлюк Алматыда оор абалда жатат. Аны 16-декабрда Фурманов көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн алдынан эс учу жок жаткан жеринен табышкан.

Алматыдагы кыргызстандык журналист жаткан 12-оорукананын реаниамция бөлүмүндөгү дарыгер кабарчыбызга Павлюктун абалы оор экенин, бети-башы жарылып, баш мээсине доо кеткенин, эс учунан ажыраган абалда алып келишкенин, анын өмүрүн сактап калууга бардык аракет көрүлүп жатканын билдирген.

Бул журналистти алтынчы кабаттан бирөөлөр колу-бутун таңып ыргытып жиберген деген шек көп айтылып жатат. 19-декабрда Алматыга барып кыргызстандык журналисттин абалын көрүп келген “Ата Мекен” партиясынын координатору Алмамбет Шыкмаматов буларды айтып берди:

- Бул анын кесиптик ишмердигине тиешеси бар болушу керек. Анткени, коомчулук жакшы билет, ал акыркы убактарда “Ата Мекен” партиясы менен өтө тыгыз иштеп баштаган, келечекте интернет сайтын ачып, Интернетте жаңы долбоорлорду баштоо боюнча чуркап иштеп жаткан.

Геннадий Павлюк Кыргызстанда “Белый пароход” интернет сайтынын ээси катары таанымал. Анын сайтында президент Бакиевдин саясатын катаң сынга алган материалдар көп жарыяланат. Ошол себептүү бийликти көп сындаган журналистти жазалоо максатында атайы жасалган кол салуу болгонбу деген ой көп айтылып жатат. Азыркы учурда бул кылмышты иликтөөнү Казакстандын ички иштер министринин орун басары өзүнүн көзөмөлүнө алды.

Мындан мурда декабрдын башында “Балт инфо” маалымат агенттигинин журналисти Александр Евграфовду, ошондой эле журналист жана саясат таануучу Александр Князевди, Акаевдин тушунда коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген Болот Жанузаковду, ноябрда “Ош Шамы” гезитинин кызматкери Кубаныч Жолдошевди сабап кеткен окуялар болду. Александр Князев журналисттерге болгон кол салууларды бийликке каяша кылган адамдарды сабап, коркутуп үркүтүп үнүн басуу аракети катары жоромолдоодо.

Бийлик тараптагылар өз кезегинде мындай айыптоолорго жооп кайтарып, журналисттерди сабатуу, коркутуп үркүтүү бийликтин кызыкчылыгында эмес экенин билдиришүүдө.

- Дүйнө татаалдашып кеткен да. Эгер Кыргызстанда А.Князев сабалып атса, сөзсүз Кыргызстанга доо кетет да. Ошону билип туруп бийлик аны урушу мүмкүнбү? Анын үстүнө Орусия менен Камбар-Ата маселеси козголуп атканда, ошону билип туруп бийлик жасамак беле? Жок. Муну башка күчтөр жасашы мүмкүн. Кыргызстан менен Орусияны чатакташтыралы деген...,- деп айтты "Азаттыкка" Президенттик катчылыктын эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын жетекчиси Султан Жумагулов.

Марат Токоев
Журналисттерге кол салуулар, алардын укугун бузуу көрүнүштөрү күчөп кеткен шартта “Журналисттер” бул тармакка жыл бою мониторинг жүргүзүүгө ниеттенип жатат. Эгерде каржы булагы чечилип калса, жаңы жылдан баштап ар бир областта бирден кызматкер мониторинг жүргүзүүгө киришет. “Журналисттер” бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин айтымында, мониторингдин жыйынтыктары өлкөдө сөз эркиндигин абалын сандык жана сапаттык жактан тагыраак аныктоого мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда Кыргызстанда журналисттердин таламын талашып иштеген көп эле медиа уюмдар бар, бирок алардын бирөөсү да мониторинг жүргүзбөйт. Ошол себептүү сөз эркиндиги, журналисттердин ишмердигине байланышкан шарттар, тоскоолдуктар боюнча мамлекет да, эл аралык уюмдар фактылуу маалыматтарга эмес, көбүнчө эксперттердин айткандарына эле таянып калууда. Эми бул өксүктү толтуруу зарыл болуп турган чагы.

XS
SM
MD
LG