Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

А. Жекшенкулов: "Мага коюлган айыптар негизсиз"


Мурдагы тышкы иштер министри, оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери А. Жекшенкулов өзүнө коюлуп жаткан айыптарды мойнуна алган жок. Бул тууралуу ал бүгүн Биринчи Май райсотунда көрсөтмө берип жатып айтты.

Ошондой эле сотто көрсөтмө берген башка айыпталуучулар дагы мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, тагылган күнөөлөр негизсиз деп билдиришти.

А. Жекшенкуловго Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоодо Кытай грантын максатсыз жумшаган, ага таандык тапанчадан атылган октон түрк ишкери өлтүрүлгөн деген айып тагылууда. Аны менен кошо сотто түрк ишкерин өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталган үч жигит, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоодо мамлекеттик каражаттын максатсыз жумшалуусуна тиешеси бар деп эсептелген министрликтин дагы эки кызматкери жооп беришүүдө.



Кыйнашты, аябай кыйнашты. Экөө колумдан кармап, экөө бутумдан басып туруп, дагы экөө тепкилешти.
2-февралдагы соттук териштирүүдө сот айыпталуучулардын көрсөтмөсүн укту. Алгач 2007-жылы декабрда Таласта түрк ишкери Сервет Четинди өлтүргөн деп айыпталып жаткан Илияс Абдыкадыров менен Канат Супатаев көрсөтмө берип, мурдагы тергөөдө айткандарын жокко чыгарышты. Алар мурдагы берген көрсөтмөлөрдү тергөөчүлөр күч колдонуу менен жаздырып алышкан деп билдиришти:

-Кыйнашты, аябай кыйнашты. Экөө колумдан кармап, экөө бутумдан басып туруп, дагы экөө тепкилешти. Таласта деле, Бишкекте деле болгон мындай кыйноолор, минтип кыйнаса ким эле болбосун жазып бермек, -деп айтты Канат Супатаев.

Жекшенкуловдун жактоочуларынын каршылык акциясы, 11-март 2009-жыл
Андан кийин А. Жекшенкулов көрсөтмө берип, өзүнө тагылып жаткан айыптоолорду четке какты. Ал Тышкы иштер министрлигинин имаратын заманбап жана кыргыздын улуттук түсүндө даярдоо тууралуу тапшырма ШКУнун Бишкек саммитине даярдык көрүү алкагында президент К. Бакиев тарабынан берилгенин билдирди. Анын айтуусунда оңдоо иштерин грант менен каржылаган кытай тарапка сапатсыз, жука эшиктер коюлуп жатканы тууралуу учурунда расмий маалымдалганы менен алар өз убагында чара көрүшкөн эмес:

-Кытай тарап эч кандай жооп берген жок, мөөнөт болсо аяктап келе жаткан. Ошондуктан, биз ал эшиктерди алмаштырууга аргасыз болдук. Картон кагазынан, 4 мм калыңдыкта жасалган эшиктер мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган орган болгон Тышкы иштер министрлиги үчүн жарабайт эле. Бул министрликтин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган. Ал эшиктер болсо бүгүнкү күндө да министрликтин кампасында жатат.

Эгер мен тапанчам кандайдыр бир ишке тиешеси бар деп билсем же шекшиген болсом аны өзүм менен кошо көтөрүп жүрбөйт элем.
Аликбек Жекшенкулов түрк ишкери Сервет Четинди өлтүрүүгө катышы бар деген айып дагы эч негизсиз тагылган деп эсептейт. Ал өзүнө ушундай айып коюлганына таң калганын да жашырбады:

-Эгер мен тапанчам кандайдыр бир ишке тиешеси бар деп билсем же шекшиген болсом аны өзүм менен кошо көтөрүп жүрбөйт элем. Анткени билесиздер мен оппозицияда жүрдүм, ошол күндөрдүн биринде эле мени кармап, ар кандай күнөө тагып коюулары толук ыктымал болчу. Мен атүгүл мага ушундай түшүнүксүз айып тагылат деп ойлогон да эмесмин. Тапанчамды экспертизадан өткөрүп көрөлү дешкенде да мен аны өзүм алып барып бергенмин. Баллистикалык экспертиза менин көз алдымда өткөрүлсө дагы аягында чыгарылган жыйынтыгы таптакыр башка чыгып отурат,-деген Аликбек Жекшенкулов экспертизанын жыйынтыгы менен макул эместигин билдирди.

А. Жекшенкулов өткөн жылдын 9-мартында камакка алынган. Беш ай УККнын убактылуу абагында жаткан соң, экс-тышкы иштер министри ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Аликбек Жекшенкуловго кылмыш иши козголуп, айып тагылышы анын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу бийлик тарабынан жүргүзүлгөн саясий куугунтук деген пикирлер арбын.

ЖК депутаты Бейшен Абдразаков
Ошол эле учурда ЖК депутаты Бейшенбек Абдрасаков оппозициялык ишмерлердин ишин саясатка байлоого болбойт, мыйзам алдында бардык адам бирдей деп эсептейт:

-Ар бир адам мыйзам алдында жооп бериши керек. Албетте саясатчылар бардык нерседен саясат издейт, элдин көңүлүн бургусу келет, оппозиция бар экенин көрсөткүсү келет. Өздөрүнүн саясатын жасашат. Бирок карапайым эл он сегиз жылдан бери саясатка тоюп бүттү.

Бириккен оппозициялык кыймылдын саясий бюро мүчөсү болуп эсептелген Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу соттук териштирүү 9-февралда улана турган болду.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG