Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Жалал-Абадда жети оор кылмыштын бети ачылды


Жалал-Абаддагы тополоң күндөрү
Жалал-Абаддагы тополоң күндөрү

Жалал-Абадда соңку аптада жети оор кылмыштын бети ачылды жана ЖТР теле компаниясында эки адамды жана милициянын ардагерин мыкаачылык менен өлтүргөндөр да колго түштү. Бул тууралу ички иштер министринин Жалал-Абадда жүргөн 1- орунбасары Мелис Турганбаев маалымат жыйынында билдирди.

Май- июнь айларында Ош- Бишкек жолунун Топурак Бел ашуусунан түшө бериштеги пахта тазалоочу “Санпа” аттуу ишкананын айланасындагы киши өлтүрүүлөр боюнча шектелип кармалган 62 киши сурак берүүдө. Аларга жактоочулары жана урук- туугандары менен жолугушууга мүмкүндүктөр бар. Кармалгандардын уруп- согулганы тууралу арыз-даттануулар түшө элек.

Эл аралык укук коргоо уюмдарынын өзбек тектүү гана кишилер кармалып, кыйноо тартканы тууралу билдирүүлөрү аныкталган жок. Облуста болгон баш аламандыктарда 72 адам каза болгон. Беш киши дайынсыз жоголгон. Алардын экөөсүнүн сөөгү табылып, бирөөсүн туугандары таанышты, экинчи сөөк текшерүүгө жөнөтүлөт.

Мелис Турганбаевдин билдирүүсүндө каза болгондордун 40 күндүгү өткөн соң, чыр-чатак башталат деген чагым сөздөр жүйөөсүз. Мурда облустагы аскер бөлүктөрү менен ички иштер уюмдарынан алынган курал-жарактар ыктыярдуу түрдө адамдар тарабынан тапшырылууда.

Журналисттерди учурдагы абал жана өткөн окуяларга сырткы, диний экстремисттик уюмдардын катыштык маселеси кызыктырды. ЖТР сыналгысынын кабарчысы Уулкан Кожоева өлкөдө катталбаган жашыруун уюм мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүү жагын сурады:

Ички иштер министринин 1-орунбасары Мелис Турганбаев суроолорго жооп кайтарып жатып, облустагы тартипти сактоого өкмөттүк күчтөр жетиштүү экенин, эл аралык полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүүгө зарылчылык жоктугун белгиледи. Ошол эле учурда эки улуттун достошуп, жашоосуна тоскоолдук кылган күчтөр бар экенин, кармалган шектүүлөрдүн арасында расмий эмес экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү бар экендигин ырастады.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Садыкжан Хаджиматовдун айтымында кылмышка шектүүлөр өткөн апталарда туура эмес кармалышкан.

Облуста жашоо өз нугунда баратканы менен калк ичинде чочулоолор али басаңдай элек. Жай турмуш калыбына келе баштаганына ишенбегендер бар. Анын себебин облус тургуну Максат Абдыкаимов шектүү адамдардын бөлүгүндө жашыруун турат деген курал- жарактардын толук жыйналбаганы жана чагым сөздөрдүн уу-дуусу менен түшүндүрдү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG