Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Коомдук парламент: Шайлоо мыйзамсыз жарыяланды


Коомдук парламент мүчөлөрү
Коомдук парламент мүчөлөрү

10-октябрда өтө турган шайлоонун жарыяланышы Конституцияга жана Конституцияны колдонууга киргизүү мыйзамына каршы келет. Бул туурасында “Азаттыкка” берген маегинде коомдук парламенттин мүчөсү Касымбек Раимкул уулу билдирди. Анын айтымында 7-апрель окуяларынан кийин тарап кеткен коомдук парламент кайра түзүлүп, ишке киришти.


- Шайлоо жарыялаган Жарлыкта КР Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 2-статьясына ылайык дейт, анан шайлоолор жөнүндө кодекстин 64-статьясына жетекчиликке алуу менен Жарлык чыгардык деп атпайбы. Ушул жерде КР Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамдын дагы талабы аткарылбай калды деп атабыз.

Анткени, КР Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамдын 1-статьясынын 7-пунктунда жазылып турат, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо КР Конституциясынын 70-беренеси менен каралган талаптарга ылайык жүргүзүлөт деп жазылып турат. Ал эми Конституциянын 70-беренесинде КР Жогорку Кеңештеринин депутаттарын шайлоо конституциялык мыйзам менен аныкталат деп жазылып турат. Бизде Конституциялык мыйзам жок, булар шайлоолор жөнүндө кодексти колдоно албайт. Анткени нормативдик-укуктук актылар жөнүндө мыйзамдын негизинде конституциялык мыйзам жогору болуп эсептелет. Шайлоолор Кодекси ага теңеле албайт.

- Коомдук парламентте азыр кимдер бар?

- Коомдук парламентте мурдатан көнүп калган баланча-түкүнчө бар деп чоң коомдук ишмерлерди айткандан мен алысмын. Анткени көпчүлүгү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болуп кетти, калгандары бирден партияны ээлеп алышып туруп шайлоого аттанып атышат. Бул жерде ошол эле коомдук парламенттин мүчөлөрү бар мага окшогон. Мен 2006-жылдан бери оппозиция талаасында жүрүп атам. Ошондон бери келаткан Чолпонбаев Мукар, Дауталиева Анара, Касым Исаев, Аматов Бегиш бар.

-Сиз айтып жатасыз, бул коомдук парламенттин мурунку курамындагы кишилер Убактылуу өкмөттө иштеп жатат деп. Сиздердин парламент кандай күчкө ээ?

- Канчалык күчкө ээ болорубузду турмуш, убакыт көрсөтөт. Биз азыр мыйзамдуу гана жолу айтып, Кыргызстанды тынччылыкка, мыйзамдуу жолго алып келе турган жолун айтып, мыйзамдуу жол менен барышын гана каалап атабыз. Анткени эгерде Акаев менен Бакиевдин убагындай болуп эле элди укпай, мыйзамсыз жолго түшүп алгандын аягы төңкөрүш, башаламандык менен бүтүп атпайбы. Биз ошону каалабай жатабыз. Булардын жолу менен барсак, кайра эле башаламандык болот. Анткени мыйзамсыз жол болуп атпайбы булардыкы.

-Сиздер кандай сунуш айтат элеңер?

- Мындан чыга турган сунушту биз айтабыз. Анткени жаңы Убактылуу өкмөттүн келгендигин да, Конституцияны иштеп чыгышын да, декретти да мыйзамсыз деп атабыз. Анткени декрет кабыл алып атат, ошондо 2007-жылдагы Конституциянын юридикалык күчүн сактайт деп атат, андай болсо булардын декреттеринин юридикалык күчү жок болот да. Анткени Конституцияда декрет, Убактылуу өкмөт деген жок. Демек түп тамыранан бери Убактылуу өкмөттүн декреттеринин бардыгы мыйзамсыз деп атабыз дагы, биз Конституция кайсы жерден бузулса ошол жерге келиш керек деп, 1993-жылдагы Конституцияга келиш керек деп атабыз.

-Сиздин көз карашыңызда өкмөттө эмне үчүн карама-каршылыктарга жол берилип жатат?

- Буларды юридикалык сабатсыз десем болбойт, анткени бардыгынын эле жогорку юридикалык билимдери бар. Бирок эмнегедир ошондой олуттуу каталыктарды кетирип койгонун мен чындыгында түшүнбөйм. Балким бири-бирине болгон ички келишпестиктер барбы дейм.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG