Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

КР Башкы прокуратурасы Конституциялык Соттун мурдагы жетекчилигине жана судьяларына кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура бул кадамын Конституциялык Сот 1996, 1998, 2003 жана 2007-жылдары референдум өткөрүү аркылуу ошол убактардагы президенттердин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз арттырууга көмөктөшкөн, муну менен 1993-жылы кабыл алынган Башмыйзамдын бийлик бутактарынын ортосундагы теңсалмактуулук механизмдери бузулган деп негиздөөдө. Айрым саясатчылар Башкы прокуратуранын аракетин Убактылуу өкмөттүн кезектеги саясий оюну деген ойдо турушат.


Консоттун бардык чечимдери боюнча тергөө башталды

Башкы прокуратуранын 24-сентябрдагы токтомуна ылайык, кылмыш иши Конституциялык Соттун 2007-жылы 14-сентябрда чыгарган чечими Консот судьяларынын кызмат абалынан ашкере пайдалануусу менен акыйкатсыз чыгарылган деген айып менен козголду. Учурда буга байланыштуу тергөө иштерин Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө. Аталган башкармалыктын башчысы Учкун Каримовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча тергөө учурунда Конституциялык Соттун мүчөлөрүнүн мурдагы аракеттери толук изилденип чыгат:

-Конституциялык Соттун чыгарган бардык чечимдери боюнча иликтөө-тергөө иштери жүргүзүлөт. Айрым мөөнөтү өтүп кеткендеринен башкалары баары тергелет. Тергөө учурунда Конституциялык Соттун судьялары да кимиси кайсы ишке кандай тиешеси бар, мыйзамсыздык болгону такталат. 2003-жылдан тартып 2007-жылга чейинки бардык чечимдери каралат.

Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин жыйынында, 2006-жыл, 4-декабрь
2006-жылы ноябрь айында оппозициялык “Реформа үчүн” кыймылынын демилгеси менен ошол кездеги Жогорку Кеңеш Башмыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алган. Бул Башмыйзам парламенттик башкаруу системасын бекиткен болчу. Кийинчерээк жыл аяктабай президент К. Бакиев Жогорку Кеңешти күчтөө менен Конституциянын дагы жаңы редакциясын кабыл алдырууга жетишкен.

Башкы прокуратуранын белгилегени боюнча бул К. Бакиевге андан ары да мыйзамсыз иштерге барууга жол ачкан. Ал эми 2007-жылы 14-сентябрда Конституциялык Сот ЖК депутаттары М. Эшимканов менен К. Карабековдун берген арызына таянып, ошол убакта иштеп турган Конституцияны жокко чыгаруусу – мыйзамды одоно бузуу менен жасалган. Мындан пайдаланган К. Бакиев 2007-жылдын 21-октябрын жаңы Башмыйзамды кабыл алуу боюнча жалпы элдик Референдум күнү деп жарыялап, анын эртеси күнү парламентти тараткан.

Көп узабай кайрадан парламенттик шайлоо болуп, анда президенттин өзүнө караштуу “Ак жол” партиясы жеңишке жетишкен. Натыйжада К. Бакиев мамлекетти үй-бүлөлүк-кландык башкарууну орноткон, бул болсо элдин нааразылыгын жаратып, 2010-жылы 7-апрелде элге каршы ок атуу менен аяктаган, деп маалымдайт Башкы прокуратура.

Кыңыр иш кырк жылда да эскирбейт

Ал эми Конституциялык Соттун мурдагы мыйзамсыз чечимдери боюнча кылмыш иши козголору айтылганы менен, башкы көзөмөл органы 1996,1998-жылдарда жасалган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткени айтылат.

Ушундан улам Конституциялык Соттун мурдагы судьясы Марат Кайыпов Башкы прокуратуранын бул кадамын Убактылуу өкмөттүн кезектеги саясий оюну деп эсептейт:

-Бул деген убактылуу бийликтин шайлоо алдындагы популисттик кадамдарынын бири. Экинчиден, Конституциялык Соттун судьялары сот макамы тууралуу мыйзамдын негизинде кол тийбестикке ээ. Азыркы бийлик мына ушул мыйзамдарга карабай, аларды иштен алып, ишке коюп жатат. Ал эми 1996, 1998-жылдардагы кылмыш иштери эскирип калды деген шылтоо Башкы прокуратуранын бул аракети – жөн гана төш кагуу экенин далилдеп турат. Мындай иштер эч качан эскирбейт, анткени анда мамлекетке, мамлекеттик түзүлүшкө каршы чечимдер кабыл алынган, чоң кылмыш болуп эсептелет.

Марат Кайыпов Конституциялык Соттун аракетине каршы кылмыш иши Консот жоюлуп, судьялардын баары жумушсуз отурганда козголгону бекер деп кошумчалады.

Конституциялык Cотко каршы Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишинин козголушу – шайлоо алдындагы саясий оюн болушу мүмкүн деген оюн белгилүү парламенттин мурдагы спикери юрист Мукар Чолпонбаев да билдирди. Анын айтуусунда Конституциялык Cоттун мурдагы аракеттерине карата юридикалык баа берилгени да коомчулук үчүн чоң олжо:


-Прокуратура тарабынан саясий оюндар жүрүп жатат, аны түшүнүп турабыз. Бирок Конституциялык Cот тарабынан мурда кабыл алынган чечимдерге юридикалык баа берип коелу дегенине деле кубанып жатабыз, эч болбосо ушуга аракеттенип жатканына ыраазыбыз,

Мукар Чолпонбаев кылган кылмыш үчүн жооп берүү эч качан кеч болбошу керек деп эсептейт:

-Эгерде Кыргызстанда акыйкаттык, адилеттик болсун десек, кылмышкерлер качан болсо да жоопко тартылышы керек, бул жерде эч качан кеч болбойт. Бир өкүнүчтүү жери – бүт укук бузуулардын баары 1994-жылы башталган. Башкы прокуратура ошону эске албаптыр. Ансыз 1996, 1998-жылдардагы чечимдер боюнча Конституциялык Cотту күнөөлөөгө негиз толук жетишсиз болуп калат.

Эгемен Кыргызстанда Конституциялык Cот түзүлгөндөн тартып, 2007-жылдын аягына чейин Чолпон Баекова жетектеп келди. Ал “Ак Жол” партиясы аркылуу парламентке шайланып, Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп отурган мезгилден тартып, аягына чейин Конституциялык Сотко Светлана Сыдыкова башчылык кылды. Конституциялык Сот үстүбүздөгү жылы 7-апрелден кийин жоюлган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG