Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

КТРК: Байкоочулар кеңешинин кабатыр кайрылуусу


 Байкоочулар кеңеши Коомдук телеканалдын жетекчисин шайлоо учуру. 9-октябрь, 2010-жыл.
Байкоочулар кеңеши Коомдук телеканалдын жетекчисин шайлоо учуру. 9-октябрь, 2010-жыл.

КТРКнын Байкоочулар кеңеши аларды таратуу аракеттеринин арты өкүнүчтүү болору жөнүндө президентке жана коомчулукка кайрылуу менен чыкты.

Өз талабын өзү аткарабы?

2006-жылы ноябрь айында ошол туштагы президент К. Бакиевдин башкаруу системасына каршы чыккан оппозициянын талаптарынын бири –Улуттук биринчи каналды коомдук телеканалга айландыруу болчу. Андагы оппозициянын көпчүлүгү бүгүнкү күнү бийликте отурушат. Ошондон көп өтпөй түзүлгөн мурдагы Байкоочу кеңештин мүчөсү, журналист Бакыт Орунбеков азыркы Байкоочу кеңешти таратууга эч кандай негиз жок деп эсептейт:

-Азыркы Коомдук телеканалдын Байкоочулар кеңеши заманбап ой жүгүрткөн, заманбап иш жүргүзгөн, эл аралык эрежелерди билген медиа эксперттер. Мындан тышкары тажрыйбасы мол, Кыргызстандагы журналистика тармагын терең түшүнгөн адистер. Булар эң туура тандалган. Ошондуктан, Байкоочулар кеңешинин азыркы курамына андан ары ишин жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек. Кайра конкурс жарыялайбы, кайрадан тандоо жүргүзөбү, алардын ишине жолтоо болбой, мүмкүнчүлүк берүү зарыл.

Коомдук телеканалдын азыркы Байкоочу кеңешин таратуу тууралуу талаптар Коомдук телеканалдын башкы директорун шайлоо жараяндарынан кийин коюла баштаганы белгилүү. Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнүн бири Данияр Садиев бул талап менен утулуп калган талапкерлер чыгып жатат деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

-Байкоочулар кеңешин таратуу кимге керек болуп атса, ошолор талап коюп чыгып жатышат. Анткени алар сынакта өздөрүнүн деңгээлин көрүштү, чыныгы сынак кандай болорун түшүнүштү. Ошондуктан, эми күчтөрүн Байкоочу кеңештен чыгарып, убактылуу өкмөттүн декрети менен түзүлгөн, бул мыйзамсыз деген ой-пикирлерди таратып атышат. Булар, албетте, сынакта жеңишке жетише албаган айрым талапкерлердин колу менен жасалып жатат.

Данияр Садиев Байкоочу кеңештин президентке жана коомчулукка кайрылуусуна ушул сыяктуу талаптар негиз берип жатканын кошумчалады. Чындыгында азыркы Байкоочу кеңеш тууралуу жобону убактылуу өкмөт декрети менен эле бекитип койгондугун, буларды парламент кааласа таратып жиберерин белгилеген пикирлер да жок эмес.

Аты эле эмес, заты да алмашсын

Айрым байкоочулар болсо мамлекеттик телеканалды коомдук телеканалга айландырып, атын өзгөртүп койгону менен заты өзгөрбөсө алмаштыруу бир пул дешет. Коомдук телеканалдын кызматкери, журналист Түгөлбай Казаков бийлик мамлекеттик телеканалды коомдук телеканал кылып алмаштырууга эрки жеткен соң, анын редакциялык саясатына да кийлигишпөөгө эркин жеткирүү керек деп эсептейт:

-Коомдук телеканалда маалыматтарды эки тараптуу берүү керек жана башка деген шарттары жакшы. Бирок ал кыргыз бийлигинин менталитетине туура келеби? Мына коомдук телеканал болдук, бирок азыркы өкмөт деле бирөөсүн сындап койсоң, редакцияга телефон чалып, “эмне сындап атасың, мактабайсыңбы" деп айтып атпайбы. Анан кайдагы эки тарап, кайдагы тең салмактуу маалымат? Эгер кыргыз бийлиги журналистикага эркиндик берип, журналистиканын эл аралык нормасы менен иштесин десе, анда Байкоочу кеңеши жок эле келип, КТРдин жамаатына айтпайбы: “Мына силерди коомдук кылдык, мындан ары телефондон башкарбайбыз, саясатыңарга кийлигишпейбиз, өзүңөр эки тараптуу пикирлерди берип тургула” деп. Эмне журналисттердин колунан келбейт бекен? Келет.

Байкоочу кеңеш иштеп жатат

Президенттин басма сөз кызматы Байкоочулар кеңешин таратуу тууралуу эч кандай кеп-сөз болбогонун билдирүүдө. Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешине бийлик тараптан эч кандай кийлигишүү болбостугун “Азаттыкка” маалымдады.

Азыркы Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешин түзүү демилгеси апрель окуясынан кийин көтөрүлүп, аталган кеңешке мүчө болуу үчүн элүүгө жакын киши талапкерлигин койгон. Атайын сынактын негизинде ага он беш мүчө тандалып алып, президенттин жарлыгы менен 25-августта бекитилген. Көп өтпөй Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Коомдук телеканал деген аталышка ээ болуп, анын жетекчилигине шайлоо жарыяланган.

Шайлоого 22 талапкер катышып, 2-айлампага 4 талапкер чыккан. Анда Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна мурдагы президент К. Бакиевдин катчылыгында иштеген Илим Карыпбеков ээ болгон. Бул ошол эле Байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразылыктарды жаратып, Байкоочу кеңеш добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарып, ноябрь айынан тартып кайрадан шайлоо жарыяланган.

Ушул тапта Байкоочу кеңеш Коомдук телеканалдын жетекчисин шайлоо тууралуу жоболоруна өзгөртүү киргизүүнүн үстүндө иштөөдө, кеңештин кезектеги жыйыны ноябрда болмокчу.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG