Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Amnesty International Орусияны үй-бүлөлүк зомбулукту Кылмыш кодексинен албоого чакырууда


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Эл аралык укук коргоо уюму орус парламентарийлерин үй-бүлөлүк зомбулуктун айрым түрлөрүн Кылмыш кодексинен албоого үндөгөн билдирүү таратты. Анда уюм жаңы мыйзам үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан кылмыштардан коргоочу чаралар ансыз деле алсыз экенин эскертүүдө.

Мамлекеттик Думада 1-окуудан кабыл алынган мыйзам долбоорун Amnesty International уюму “үй-бүлөлүк зомбулук кылган кылмышкерлерди жоопкерчиликтен куткаруу аракети” деп баалоодо.“Муну салтты жана үй-бүлөнү сактоо деп бекемдөө –күлкү келерлик көрүнүш”,- деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн жумада Мамдуманын депутаттары “Үй-бүлөлүк зомбулук кылмыштары тууралуу” мыйзамды өзгөртүүгө биринчи окууда макулдугун беришкен. Анда үй-бүлөдөгү уруп-сабоолор кылмыш категориясынан административдик укук бузуу тарабына которулган.

Мыйзам долбоору үч окуудан өтсө, президенттин кол коюусуна жиберилет.

XS
SM
MD
LG