Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Бахрейнде бомба жардыруудан төрт полиция кызматкери жарадар болду


Бахрейн.
Бахрейн.

Окуя өлкө борбору Манама шаарынын түштүк жагындагы кыштакта болгонун Бахрейн ички иштер министрлиги маалымдады. Министрлик 26-февралда тараткан билдирүүдө, “Жуа кыштагына жакын жерде полиция автобусу террордук жардырууга туш болду. Андан жарадар болгон төрт полиция кызматкеринин абалы туруктуу” деп айтылат. Жаңы жыл майрамынан кийин ал кыштактагы абакка кол салуу болуп, полиция кызматкери өлүп, түрмөдөн он киши качкан.

Калкынын көпчүлүгүн шииттер түзгөн Бахрейнде суниттер бийликте турат. Бул өлкөдө 2011-жылдын март айынан бери толкундоолор болуп келатат. Бахрейнде АКШнын аскерий базасы жайгашкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG