Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

Жаңы курамда чогулган Коопсуздук кеңешинин олтуруму кандуу коогалаңдын алдын-алуудагы тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн аракеттерин жеткиликсиз деп тапты.

Бирок анда кетирилген кемчиликтерге жана бир катар өксүктөргө карабастан тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралбай калды. Муну борбордук бийликтегилер өлкөдөгү кысталыш кырдаал менен байланыштырышса, алардын саясий атаандаштары болсо кезектеги жоопкерчиликсиздикке жол берүү деп баалашты.

10-августта болуп өткөн Коопсуздук кеңеши Кыргызстандын күч түзүмдөрү этникалык араздашууга алып келген чагымчыл кагылышуунун алдын алалган жок деген жыйынтык чыгарды. Талкууда кооптуу кырдаал тууралуу бир ай мурун маалымат түшкөндүгүнө карабастан, Улуттук коопсуздук кызматынын жана ички иштер министрлигинин жетекчилери өз учурунда чара көрүшкөн эмес деген сынга кабылышты.

Олтурумдун башында президент Роза Отунбаева тиешелүү жетекчилерге кетирилген кемчиликтерин моюнга алып, андан сабак алуу зарылдыгын талап кылды:

- Айыпты өз мойнуңуздарга алыңыздар. “Мына ошол окуяларда чара көрө албай калдык. Атайын иштерди жүргүзүшүбүз керек эле” дегендей. Ошондой эле мына борбордук бийликке айта турган сөзүңүздөрдү айтыңыздар. Бул эми кетирилген кемчилдиктерди моюнга алуу жана аларды мындан ары карай болтурбоого эскертүү катары сабак алышыбыз керек. Ар бирибизде жоопкерчилик болушу керек. Анткени биз сиздер менен мына ушундай коогалаң мезгилде жашап жатабыз.

Бирок талкуунун жүрүшүндө коогалаңды алдын алууну уюштуруу маселесине караганда тутанып кеткен отту басуудагы күчтүн аздыгына байланышкан жагдайга басым жасалды. Отурумудун орчундуу бөлүгү жабык өткөндүктөн тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө берилген баа боюнча кенен маалымат таратылган жок.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов күч түзүмдөрүнүн башчыларынын актануусуна орундуу себептер да болгондугуна токтолду:

- Мурунку бийликтин тушунда Оштогу ички аскерлер бригадасы, кайгуул-күзөт полку жоюлуп кетиптир. Алар режимди күчөтүү максатында мамлекеттик күзөт кызматын чыңдайбыз дешип, күчтүн баарын Бишкеке чогулта беришип, ал жакта дээрлик эч нерсе калбай калган экен. Ошонун кесепети ушул болду. Жада калса атайын каражаттар, каска, бронежилет, желим октор дагы жок болуп калгандыгы аныкталып олтурат.

Анткен менен талдоочулар этникалык араздашууга түрткү болгон кагылышуунун учкундары май айында эле байкалгандыгын айтышат. Ошондуктан ага өз учурунда чара көргөндө, жүздөгөн адам курмандыктарына алып келген окуялардын алдын алууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу дешет серепчилер. Мына ушуга байланыштуу башында жоопкерчилик маселеси көтөрүлгөнү менен, Коопсуздук кеңеши тиешелүү жетекчилерди кызматынан алуу жөнүндө маселени караган жок.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаев отурумда негизги көңүл кол астында иштегендердин жоопкерчилигине бурулгандыгын айтты:

- Биринчи жетекчилердин ээлеген ордуна шайкештиги боюнча сөз болгон жок. Бирок алардын кол астында иштеп жүрүп мыйзам бузган кызматкерлерге карата колдонулган чаралар тууралуу баяндамалар болду. Жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан бул боюнча мындан мурда эле ар кандай арыз-даттануулар түшкөн болчу. Ош жана Жалал-Абаддагы күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айрым тартип бузган кызматкерлерин иштен айдоого чейин чаралар көрүлгөндүгү айтылды.

Буга чейин коогалаңдан кайтыш болгондордун жакындары Улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын жетекчилерин кызматтан алуу талабы менен мамлекет башчысына кайрылышкан болчу. Алардын айтымында, эки тараптан тең этникалык араздашууга май тамызган күчтөрдүн аракеттери даана болгондугуна карабастан, шыкакчы тараптарга мыйзамдын чегинде чаралар көрүлгөн эмес.

“Курманжан Датка” коомдук уюмунун жетекчиси Жылдыз Жолдошова башаламандыктарга жол берген жетекчилердин ичинен бири дагы катачылыгын моюнга алгысы келбегендигине кейиди:

- Укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери эгерде аларда ыйман, абийир деген калган болсо, Кудай алдында, шейит кеткен балдардын алдында күнөөсүн сезсе, “мен силерди сактай албадым, койулган милдетимди так аткара алган жокмун, каргашанын алдын ала албадым” деп бир эр азамат элинен тизелеп кечирим сураганга эрки жеткен жок. Мени таңкалтырганы кечээги бийлик талашканы келген Барктабасовдун жүздөгөн адамдарын басууга кудурети жеткен күч органдарынын Оштогу жаңжалды жайгарууда бийликтин күчүн көргөзүп, эң эле башында басып коюуга жөндөмү жетишпей калгандыгы. Бул абдан өкүнүчтүү.

Коопсуздук Кеңешинин олтурумуна күч түзүмдөрүнүн башчыларынан сырткары, кагылышуулар орун алган аймактардын райондук жана облустук жетекчилери да чакырылган. Алардын көпчүлүгү кемчиликтерин моюндарына алышканы менен жекече жоопкерчиликти башкаларга жүктөө менен гана чектелишти.

Өкмөттүн укук коргоо жана коопсуздук органдарынын иши боюнча орун басары Азимбек Бекназаров кандуу окуяга жол бергендиги үчүн жоопкерчиликти өзүнөн алып салбай тургандыгын, бирок мындай кырдаалда кызматтан кетүүгө али эрте экендигин белгиледи:

- Биз каргашанын алдын алалган жокпуз. Бирок кээ бирөөлөр айтты да. “Биз коюлган тапшырманы укмуш аткардык, ошон үчүн сыйлык, наам берилиши керек, генералдыкты кечиктирип жатасыңар” дегендей дооматтар менен. Аларга айттым, мен өзүм баш болуп күнөөбүз бар, кан төгүлдү, биз жол берип койдук дедим. Биз тынчтык учурда баарыбыз кызматтан кетишибиз керек эле. Бирок азыр кетсек эртең эле бакиевчилер келишет “булардын колунан келбей койду” дешип. Ошондуктан бизди эмне айтышса да шайлоодон партиялар утуп келип жаңы өкмөттү кураганга чейин моюнга алган жүктү аягына чейин тартышыбыз керек.


Базаркоргон менен Сузак райондорунун акимдеринин, Ош жана Жалал-Абад облустарынын губернаторлорунун, Ош шаарынын мэринин, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тиешелүү жетекчилеринин ээлеген кызмат орундарына татыктуулугу боюнча маселе күздөгү парламенттик шайлоодон кийин каралышы мүмкүн.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов аталган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо маселеси бул жолку олтурумда, учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу күн тартибине коюлбагандыгын ачыктады:

- Айрымдары шайлоонун шылтоосу менен кызматтарынан кетишти. Кээ бирөөлөрү эч нерсе болбогонсуп дагы деле олтурушат. Анан мен айттым, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери болобу, район, облустардын же шаардын башчыларыбы жоопкерчиликтен эч кайда кете албайсыңар. Силер кетишиңер керек. Бирок мына шайлоолор өтсүн, эл ичи дагы деле тынчый элек, ошондуктан силерди азыр кеткиле деп мажбурлай албайбыз. Силердин маселе күздө шайлоодон кийин чечилет дедим.

Анткен менен талдоочулар Кыргызстанда жоопкерсиздик маселеси өөрчүп кеткен ооруга айлангандыгын айтып келишет. Өткөн токсонунчу жылдагы Ош окуясына саясий-укуктук баанын берилбей калып кетиши жана 2002-жылдагы Аксы окуясынын анык күнөөкөрлөрүнүн жоопко тартылбай калышы сыяктуу мисалдар Кыргызстандагы “жазасыз калуу” жана “жоопкерсиздик” өнөкөтүнүн ордун толуктап келет. Жогорудагы мисалга алынган окуялар боюнча өз учурунда тиешелүү кызмат адамдары жумуштан четтетилгени менен алардын түздөн түз жоопкерчилиги каралбай калып кеткен.

Саясатчы Мирослав Ниязов мына ушундай жагдайлар жаранын ырбап олтуруп, тереңдеп кетишине шарт түзүп жатат деп эсептейт:

- Эл аралык практика боюнча мындай учурда толугу менен кызматтарынан чегиниши керек эле. Бирок булар күнөөнү өз мойундарына албайт да. Мына Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери, он тогуз жылдан бери кайсы бир өзгөчө кырдаал же кетирилген кемчилдиктери боюнча бир дагы жетекчи моюнуна жоопкерчиликти алган эмес. Бул аябай крокунучтуу синдром. Ал эми биз болсоң мына он тогуз жылда ылдыйлап олтуруп эң начар өнүккөн өлкөлөрдүн катарына келип кошулуп калдык. Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деген саясат менен жүрүп ушуга кептелдик. Ушинтип жүрө берсек дагы каякка барабыз.

Коопсуздук Кеңешинде негизги өксүктөр катары күч түзүмдөрүндөгү материалдык-техникалык базанын бошоңдугу белгиленди. Мына ошондуктан шайлоого чейин Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму убада кылган техникалык жардамды эртелетүү чечими кабыл алынды.

Өтүп бара жаткан жуманын башында болуп өткөн коопсуздук кеңешинин бул жыйналышы 7-апрелден кийин кызматка келишкен мүчөлөрдүн жаңы курамдагы алгачкы олтуруму. Эске сала кетүүчү жагдай, Коопсуздук Кеңеши өткөн жылы күздө, Курманбек Бакиевдин мамлекеттик башкарууну реформалоо демилгесинин жыйынтыгында жоюлуп кеткен болчу.
XS
SM
MD
LG