Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Саясатта таза күрөш жүргүзүү татаал маселе


Жакында жыйырмадан ашуун саясий партиянын жетекчилери шайлоону акыйкат, таза өткөрүү, бирин-бири карөзгөй каралоого жол бербөө, чыр-чатактардын алдын алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын таануу боюнча этикалык жүрүм-турум Кодексине кол коюшкан.

Бирок талдоочулар анын шарттарын жана талаптарын сактоо шайлоо жакындаган сайын кыйынга туруп жаткандыгын эскертишүүдө. Партиялардын жетекчилери шайлоонун алдындагы саясий күрөштө мыйзамсыз ыкмаларды колдонбоо милдеттерин өздөрүнө алышкан. Бул жагдай саясий күчтөр ортосундагы өз ара ишенимди жана жоопкерчиликти көтөрүү максатында ишке ашкандыгы айтылган. Анын талаптарында саясий партиялар үчүн мамлекет тарабынан бирдей шарттардын болушу каралган.

“Замандаш” партиясынын төрагасынын орун басары Кубан Абдымен мындай милдеттер таза жана ачык саясий атаандаштыкты камсыздоого өбөлгө түзөт деп ишенет:

- Макулдашылып, кол коюлган шарттардын бардыгына моюн сунбастан өздөрү билгендей кылып, туура эмес жолдорго кетишендер болсо, бардык саясий партиялар аларды сындап, айыптап чыгуу аркылуу коомдук пикир түзөбүз. Мына ушундай жол гана бар азыр бизде. Буга чейинки шайлоолордун бардыгында бийликтин үстөмдүгү болуп, каалагандай жыйынтык чыгарчу. Бул жолу бийликте турган саясий күчтөр башка партиялар сыяктуу эле укуктарга ээ болгондуктан алар да моралдык жактан бирдей жооп бергенге милдеттерди алып жатышат.

Анткен менен “Ата Журт” саясий партиясы мамлекеттик машина азыркы бийлике жакын партиялардын кызыкчылыгы үчүн саясий каршылаштарды “чаап түшүү” максатында иштеп жатат деп айыптады. Буга 13-августь күнү аталган партиянын шайлоо штабынын кызматкери Мирбек Букабаевдин атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан негизсиз кармалышы мисал катары келтирилген.

“Ата Журттун” теңтөрагасы Садыр Жапаров мындай шартта таза саясий атаандаштык тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес деп эсептейт:

-Бүгүн деле мыйзамды тебелеп жатышат. Биздин партиянын мүчөлөрүн сабаган учурлар болду. Ушундай коркутуу жолдору менен “сен момунтип жазып бергин” деп партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрүнө каршы ар кандай көрсөтмө алууга далалат болуп жатат. Булардын моралдык жоопкерчиликтен мурун жазылган мыйзамды сакташына көзүм жетпей калды. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери өздөрү партиядан чыгышканы менен ал жакта туруп алышып, өз партияларынын кызыкчылыгы үчүн иштей беришет экен.

Ошол эле учурда мындай көрүнүштү окуяга саясий түс берүү аракетин көздөгөн атайын технология болушу мүмкүн деп күмөн санагандар да жок эмес.

Канткен күндө да, “Ата Журттун” активисттерин кармоо окуясы боюнча улуттук коопсуздук кызматынан маалымат алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев атайын кызматтын мындай олдоксон аракеттери коомчулуктун таза шайлоого болгон ишенимин кетирип коюшу мүмкүн деп кооптонот:

- “Ата Журт” партиясынын шайлоо адилет таза өтсүн, күч колдонулбасын деген жүйөөлөрүнө кошулам. Каржылык агымдар ачык болуп, аны колдонууга кысым болбосун дегени туура. Аталган партиянын жаш мүчөсүнүн коопсуздук органдары тарабынан кармалышы бизди да кооптондурат. Тез аранын ичинде атайын кызматтын жетекчилиги ал жигитти кандай себептер менен кармашкандыгын эл алдында ачык айтыш керек. Эгерде негизсиз кармашкан болсо, кечирим сурап тез арада коё бериши зарыл.

Шайлоо жакындаган сайын саясаттын көшөгө артындагы оюндарынын күчөшү коомчулукта кооптонууну жаратып жатканы байкалат. Саясий тирешүүлөрдүн, аңдышмай, кармашмайлардын куралдуу чыр-чатактарга өсүп кетишинен чочулашкан коомчулук өкүлдөрү шайлоонун коопсуздугун камсыздоо боюнча чара көрүүнү сунушташууда.

“Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков
айрым саясий партиялардын куралдуу топторунун түзүлгөндүгү боюнча маалымат бар экендигине токтолду:

- Биздеги кээ бир уюмдар же партиялар мобилдик топторду түзүп алышып, жашыруун жайларда, тоолордо балдарга атканды үйрөтүп, аларды машыктырып жатышат. Куралдарды бири-бирине алды сатты кылып жатышат. Апрелдеги окуялардан кийин көп курал-жарак жоголгон. Элдин колуна мыйзамсыз куралдар таркап кеткен. Ошонун баары азыр кимдерде кандай максаттарда пайдаланылып жаткандыгы белгисиз да. Эртең шайлоодо ошол куралдарды көтөрүп чыгышпайт деп ким кепил боло алат.

Саясий партиялардын ортосундагы этикалык жүрүм-турум кодексинин негизги өзөгүн шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыздоо жана анын жыйынтыктарын таануу шарттары түзөт.





"Ыңгайсыз суроолор": Таза коом кайдан башталат?

Таза коом кайдан башталат? 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

XS
SM
MD
LG