Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:29

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары бейформал саммитке чогулду.

Буга чейинки таратылган расмий маалыматтарда бейформал саммитте ЖККУга мүчө мамлекеттердин маалымат алмашуу саясаты талкууланат, мындан тышкары Ысык-Көлдүн жээгине уюмдун эс алуу жайын куруу боюнча тараптар пикир алмашат деп айтылган.

Бирок ушул тапта кыргызстандык серепчилерди кызыктырган бул маселе эмес. Бир канча күн мурун Чолпон-Ата бейформал саммитте негизги маселе болуп Кыргызстандын түштүгүнө ЖККУнун алкагында ыкчам аракеттенүүчү Жамааттык күчтөрдүн аскер базасын ачуу маселеси каралышы ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар тараган.

Бул маселе бейформал саммиттин күн тартибине киргизилбегендигин, бирок президенттер кааласа ага кайрылышары ыктымалдыгын ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа кечээ журналисттерге билдирген. Айрым серепчилер базанын ачылышы Фергана өрөөнүнө терроризм коркунучу туулуп жаткан учурда зарыл, деп белгилешсе, кээ бирлери бул базанын артында расмий Москванын Борбор Азияга гео-саясий жактан үстөмдүк кылуу саясаты жатат, деп эсептешет.

Учурда Европада бозгунда жүргөн саясатчы Эдил Байсалов ЖККУ алкагындагы ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн аскер базасы Кыргызстанда ачылышына каршы эмес, бирок аталган база өлкөнүн, улуттун кызыкчылыгынан чыкпай кызмат кылууга тийиш, деп эсептейт:

-Орустар келгиси келсе толугу менен инфраструктура, инвестиция менен келип, ОДКБ үчүн жаңы бир база куруп, биздин аскерлерге да жакшы жардам берүүгө тийиш. Ошондой болсо бул позицияны колдоого болот.

Эдил Байсаловдун маалыматына таянсак, ЖККУ база жайгаштырылуучу жерди 49 жылдык узак мөөнөткө ижарага берүүсүн талап кылууда:

-Мендеги маалыматтар боюнча орустардын мындай талабына кыргыз өкмөтү макул болбой жатыптыр. Мен Курманбек Бакиев ЖККУнун аскер базасын Кыргызстанда узак мөөнөткө калтырууга макулдугун бербейт деген үмүттөмүн. Кыргызстан үчүн мындай база ашып барса беш-алты жыл үчүн гана маанилүү болууга тийиш.

Кыргызстандын түштүгүндө ЖККУнун аскердик базасы ачуу боюнча орус-кыргыз бийликтери ортосунда сүйлөшүүлөр болуп жатканы тууралуу КР президенти Курманбек Бакиев июль айынын башында билдирген. К. Бакиев бул база терроризмге каршы күрөшүүчү база болот, деп бекемдеген.

ЖККУ алкагында ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдү түзүү боюнча келишим уюмдун 14-июндагы Москвада өткөн жыйынында түзүлгөн. Бирок ага Өзбекстан тарап кол коюудан баш тартканы белгилүү. Ошондой эле жыйынга келбей калган Беларус президентинин да келишимде колу жок.

Азырынча Беларус тарап бул келишимге кол коеру белгисиз, ал эми Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бүгүнкү күндө өтүп жаткан бейформал саммитте да мындай күчтөрдүн аскер базасын түзүүгө каршылыгын билдирүүсү күтүлүп жаткандыгын өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты. Саясатчы, ЖК депутаты Бакыт Бешимов мындай шартта ЖККУ алкагындагы аскердик база тууралуу маселе каралышы мүмкүн эмес, деп эсептейт:

-Орусиянын эмес, ЖККУнун аскер базасын ачуу үчүн уюмга мүчө бардык мамлекеттердин макулдугу керек. Азыркы учурда андай шарт жок. Өзбекстан каршы, Беларус кошулуусу белгисиз. Кыргызстандын да так позициясы азырынча ачыктала элек. Ошондуктан, ушул маселени кароого азыркы учурда тиешелүү шарт жок.

Ал эми чыгыш таануучу окумуштуу Олжобай Каратаев мындай мүнөздүү аскер базасы Фергана өрөөнүндөгү геосаясий олку-солку келечектин алдын алуу үчүн зарыл, деген пикирде. Окумуштуу ЖККУнун аскердик базасы Пакистан, Ооганстандан келүүчү коркунучтар менен кошо эле айрым коңшулар тарабынан Кыргызстандын өзүнүн эгемендигине туулуучу коркунучтарга каршы туруучу зарыл күч болот дейт:

-Өткөн кылымдын 90-жылдары эле америкалык футурологдор Жакынкы чыгыштагы израил-палестин маселеси 20-30 жылдын ичинде Борбор Азияга оойт деп айтып чыгышкан. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө Орто Азиядагы бүгүнкү социалдык-экономикалык абал, жалпы эле согуштук саясий абал, башка улуу державалардын Орто Азиянын баалуу ресурстарына болгон кызыгуусу дагы буга өбөлгө түзө алат. Ошондуктан, кошуна турган Өзбекстандагы, Тажикстандагы болочоктогу саясий-экономикалык туруксуздук сөзсүз түрдө Кыргызстандын түштүгүндө күчтүү аскерлердин туруусун бизге милдеттендирет.

Чыгыш таануучу окумуштуу Олжобай Каратаевдин пикиринде Кыргызстан жалгыз өзү мындай коркунучтарга туруштук бере албайт, ал эми жамааттык күчтөргө тиешелүү болсо аскер базасын каржылоо да оңой болот.

Айрым пикирлер боюнча Кыргызстандын түштүгүнө ЖККУнун аскер базасын орнотуу – уюмдун башында турган Орусиянын кызыкчылыгына жатат. Бул Орусиянын ойлонуп жасап жаткан стратегиясы, Борбордук Азияга өзүнүн таасирин күчөтүш үчүн Кыргызстанды база кылып алыш керек деген серепчилердин пикирлери бар. Мындай пикирлерге толугу менен кошулган саясатчы Бакыт Бешимов Кыргызстан буга жол бербеши керек, деп эсептейт:

-Эгерде биз улуттук кызыкчылыкты терең эске албай, Орусия сыяктуу ири мамлекеттер бизге басым жасаса эле “Ляппай, база ача койгула” дей берсек, эртең ушундай эле талап-сунуш менен Кытай келиши мүмкүн, бүрсүгүнү дагы бир чоң мамлекет келет. Кыргызстандын аймагы бүт эле чет элдик аскер базаларга толуп кетиши керекпи? Ушул жагынан ойлонушубуз керек. Менимче, азыркы турган эки аскер база жетиштүү эле. Ошолорду Ооганстандагы оор, курч кырдаалды эске алуу менен сактай туруу зарыл. Бирок мезгил келгенде Кыргызстандын аймагын бүт базалардан бошотуу зарылчылыгы бар.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммити ишин эртең аяктайт. Жыйын аякташы менен анда каралган маселелер, аларга карата мамлекет башчылардын мамилеси маалым болот деген ишеним бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG