Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Бүгүн жалпы өлкө боюнча өтө турган нааразылык акцияларында тартип менен коопсуздукту кармоо, бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамилени татаалданткан себептер “Азаттыкта” өткөн тегерек үстөлдө талкууланды.

Түз ободогу талкууга катышкандар:

Бекбосун Бөрүбашев, саясий серепчи



Темир Сариев, БЭКтин мүчөсү,
“Ак шумкар” партиясынын лидери





Бакыт Сеитов, ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси






“Азаттык”:
-Темир мырза, бүгүнкү нааразылык акциясынын уюштуруу тартиби тууралуу айта кетсеңиз?

Т. Сариев: -Бийликтин башкаруу саясатына каршы нааразылык акциясы бүгүн мурда айтылгандай эле саат 11де башталат. Бул тынчтык акциясы ошондой эле Бишкектен тышкары, Ош, Жалал-Абат шаарларында, башка райондук борборлордо болот. Бүгүнкү иш-чарага чогулган эл президенттик шайлоо, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал тууралуу ой-пикирлерин айтышат. Аягында митингдин резолюциясы кабыл алынат. Ошону менен бир күндүк акция тынч тарап кетет.

“Азаттык”: -Акция өтүп жаткан учурда коопсуздук маселесине ким жооп берет? Кечээ ИИМдин орун басары Талант Исаев милиция митингди уюштуруп жаткандардын да жана ага катышкан элдин да коопсуздугун камсыз кыларын билдирди. Кээ бир маалыматтар боюнча бүгүнкү митингге даярдыкты милиция эки-үч күн мурун эле баштаган. Бакыт мырза, канча сандагы тартип сакчылары тартылып атат бул ишке?

Б. Сеитов: -Бүгүн коомдук тартипти сактоого Бишкек шаардык ИИБнын, Биринчи Май РИИБнүн кызматкерлери, ИИБнын атайын кайгуул кызматы тартылат. Мындан тышкары башка шаардык РИИБлөрдүн милиционерлери өздөрүнүн күнүмдүк тартип коргоо иштерин аткарышат. Митинг жалпы республика боюнча өтүп жаткандыктан, жер-жерлерде да биздин милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, коопсуздук иштерин аткарышат. Бизде эң негизги максат –коомдук тартипти сактоо, акция өтүп жаткан учурда түрдүү жаман иштерге жол бербөө. Эгер тартип бузуу же чектен чыккан аракеттер болсо ага мыйзам чегинде чара көрүү –биздин негизги милдетибиз.

“Азаттык”: -Кечээ ИИМ орун басары коопсуздукка ошол эле учурда уюштуруучлар өздөрү да милдеттенме алышы керек, деп белгиледи. Бекбосун мырза, эгер кокусунан кандайдыр бир чагым болобу же башка чыр чыгып кетсе, буга ким көбүрөөк жоопкер болот, деп ойлойсуз? Бийликпи же оппозициябы?

Б. Бөрүбашев: -Биздин Конституциянын 25-беренеси боюнча кыргызстандыктар, өлкө жарандары ар кандай саястий чогулуштарга, жүрүштөргө, демонстрацияларга жана митингдерге тынч, эркин катышууга укугу бар. Ошондуктан, бул мыйзамдуу көрүнүш, бул жерде эч кандай “бөйрөктөн шыйрак чыгарып” ызы-чуу түшүүгө болбойт. Анткени бул митинг –элдин өзүнүн оюн айтуусунун формасы. Ошол үчүн бул мыйзам ченемдүү.

Экинчи маселе –бул иш-чара кандай өтөт? Нааразылык акциясын уюштургандардын өздөрүнүн да пландары болсо керек, азыр эле Темир мырза айтып кетти, тынчтык акциясы деп. Бирок ошондой болсо да ар кандай чагымдар болуп кетүүсү мүмкүн. Бул чындыгында укук коргоо органдарынын милдети. Анткени ички иштер органдарынын булардын негизги максаты –коомдук тартип, саясий көрүнүштөргө, аракеттерге катышууга булардын акысы жок. Ошондуктан, алар бүгүнкү иш-чаранын тынч өтүүсүнө негизги жоопкер, бирок ошол эле учурда акциянын уюштуруучулары да коопсуздукка жана иш-чаранын тынч аякташына көз салып турууга тийиш.

“Азаттык”: -Кечээ президенттин катчылыгы расмий билдирүү таратып, бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө аракет жасады, бирок оппозиция бир жолку сүйлөшүүдөн кийин эле диалогдон себепсиз баш тартты, деп билдирди. Ошондой эле анда түрдүү саясий шантаждар кабыл алынбастыгы, бийлик дагы деле болсо өлкөнүн келечеги үчүн бардык саясий күчтөр менен чогуу отуруп, диалогго барууга даярдыгы айтылган. Темир мырза, бүгүнкү митинг бийликке карай саясий шантаж болушу мүмкүнбү?

Т. Сариев: -Оппозициянын бийлик менен сүйлөшүүдөн баш тартуусунда эч кандай шантаж жок. Президент өзүнүн 24-марттагы кайрылуусунда “бийликти легитимдүү түрдө биринен-бирине өткөрүп берүүбүз керек,” деп айтты. Биз президентти ошол сөзүн колдойбуз, эгер президенттин айткан сөзү менен кылган иши чындап эле шайкеш келе турган болсо, анда келечекте боло турган президенттик шайлоону ачык-айкын, мыйзам чегинде өткөрүү зарыл.

Биздин талаптардын бири –БШКнын курамын өзгөртүү. Ага сөзсүз түрдө оппозициячыл партиялардын өкүлдөрүн киргизүү, бир эле БШК эмес, бардык аймактык жана башка шайлоо комиссияларынын курамына оппозициячыл партиялардын өкүлдөрүнөн кошуп, эл ишене турган, ошол шайлоо комиссиясынын жыйынтыгын тааный тургандай кылуу керек. Биз бүгүн элдин кароосуна төрт талап алып чыгып атабыз, эгер алар кабыл алынса, биз муну бийликке расмий жолдойбуз. Эгер ошолордун тегерегинде сүйлөшүүлөр боло турган болсо, анда биз диалогго барууга даярбыз.

“Азаттык”: -Бекбосун мырза, мына ушул маселе боюнча сиздин пикириңиз? Бийлик менен оппозиция бир столго отуруп, маселе чечерине көзүңүз жетеби?

Б. Бөрүбашев: -Саясий жараяндагы эң негизги эки күч –бийлик менен оппозиция. Булар бири-бирисиз жашай алышпайт, бул табигый мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан, булар сөзсүз түрдө диалогго келиши керек, бир столго отуруп алып, сүйлөшүп, бири-бирин угуусу тийиш. Антпесе биздин коомубузда өсүү-өнүгүү болбойт. Мисалы, оппозициянын жакшы ой-пикирлери бар, аларды да биз кабыл алышыбыз керек. Ошол эле убакта бийликте да жакшы кадамдар болууда, мисалы алар сүйлөшүүнү сунуш кылып атышат. 10-марттагы сүйлөшүүлөрдү да көрдүк.

Бирок анда оппозиция жеке бир жарандардын кызыкчылыгын 1-орунга коюшту, андан көрө алар маселени кенен коюп, коомдогу мыйзамчылыкты, саясий-экономикалык маселелерди чечүүнү талап кылса болмок. Бирок ошентсе дагы сүйлөшүүнүн башталганы жакшы болду. Мына оппозиция өкүлү азыр эле айтып кетти, сүйлөшүүгө даярбыз, деп. Бул дагы диалогдун бир формасы. Бирок ушуну менен токтоп калбай, эки тарап сүйлөшүүгө барышы керек, бири-бирин угушу керек, эгер алар чындыгында элди, өлкөнү ойлосо. Эгер андай болбой, ар кими өзүнүн кызыкчылыгын көздөсө, анда диалог болбойт.

“Азаттык” -Бакыт мырза, айрым аймактарда элди оппозициянын акциясына барбагыла, деп коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат, деген даттануулар бар. Кечээ Баткенде “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев милиция тарабынан кармалып, 1-2 сааттан кийин кайра кое берилгени маалымдалды. Ошто БЭКтин мүчөсү Анвар Артыков артынан куугунтук түшкөнүн билдирди. Бул аракеттерди кандайча түшүндүрө аласыз?

Б. Сеитов: -Бүгүнкү күнү биз коомдогу абалдын милиция жооп бере турган жагына көз салып, өзүбүзгө тиешелүү иш-чаралардын баарын карап атабыз. Кечээ Баткенде болгон окуя боюнча биз өзүбүздүн маалыматты кечээ бергенбиз: Ташболот Балтабаевди эч ким тоскон эмес, ал эми анын айдоочусунун машине айдоо күбөлүгүнүн мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу административдик чара көрүлгөн.

Балтабаевди эч ким кармаган да, камаган да эмес, ошондуктан, бул жерде саясий себеп чыгаруу туура эмес. Ошондой эле Анвар Артыковдун артынан да эч ким түшкөн эмес, бул маалыматты да төгүндөмөкчүмүн. Анткени бүгүн милиция саясатка аралашпайт. Биз өзүбүздүн коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, алдын алуу жана элге кызмат кылуу. Бүгүн акция боло турган бардык жерде милиция кызматкерлери өздөрүнүн ишин аткаруу менен эгер түрдүү чектен чыккан аракеттер болсо, анда мыйзам чегинде чара көрө турган мүмкүнчүлүгүбүз бар.

“Азаттык”: -БЭК түзүлгөндөн тартып эле өзүнүн Убактылуу бийлик, убактылуу өкмөт түзүү менен бийликти биротоло элге өткөрүп берүү тууралуу программасын сунуш кылып келе жатат. Темир мырза, айтсаңыз, азыркы башкаруу системасын, мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунан бери калыптанып келе жаткан үй-бүлөлүк башкаруу системасын жокко чыгаруу канчалык деңгээлде мүмкүн?

Т. Сариев: -Бул өтө оор, эң негизги маселе болуп эсептелет. Биз башынан эле “бир адамды эмес, системаны өзгөртөбүз”, деп айтып келатабыз. Ошонун ичинде өзүбүздүн Кыргызстандын өнүгүү концепциясын иштеп чыкканбыз. Анын негизги өзөгү –үй-бүлөлүк башкаруу системасынан кетүү, бийлик ортосундагы тең салмактуулук, бири-бирин көзөмөлдөп турган принциптерди киргизүү, алардын түзүлүшү ачык-айкын, таза шайлоолор аркылуу болушу керек.

Бийликке келген адам биринчиден легитимдүү болууга тийиш, экинчиден элдин алдында, мамлекеттин алдында жоопкерчилигин сезип, мыйзам алдында жооп берерин эч качан унутпашы керек. Мындай жоболорду киргизген учурда ошол мамлекетте ачык, эл колдогон, мыйзам негизинде иштей турган бийлик түзүлөт. Эгер андай болбосо бүгүнкү абал эч качан оңолбойт.

Мен бул жерден ИИМдин өкүлүнө жооп бере кетет элем. Азыр эле Бакыт мырза айтып кетти, “митингди уюштурууга эч кандай тоскоол болгон жок, кысым жасалган жок,” деп. Анын бул сөзүн укса жер-жерлердеги куугунтук, кысым болуп жаткан элдин кыжыры келет. Анткени азыр айылдарга чейин барып, жөн эле активдүү болуп жүргөн адамдардын тизмесин алып, милицияга, УКМКга чакырып, прокуратурага чакырып, коркутуп-үркүтүп атышат.

Биз булар боюнча фактыларды келтирип, улам-улам айтып да келатабыз. Мына ошолорду токтотуунун ордуна, тескерисинче милиция эч кандай бут тосууларды жасаган жок, деп отурат. Экинчиден, куугунтук менин өзүмдүн артымдан деле түшүп, кандай гана кысымдар көрсөтүлүп атат. Мен муну даттанып эмес, мисал катары келтирип айтып атам.

Мындай жат көрүнүштөр болбосо дейбиз. Албетте, бийлик өзүнүн бийлигин алып калуу үчүн бардык чараларын көрөт, бирок ошонун ичинен мыйзамдуу чараларды көрсө. Мыйзамсыз, чектен чыгып кеткен учурда, элдин кыжырына тийип алат. Элдин кыжырына тийген учурда кырдаал кайсы жагына курчуй турганын 2005-жылы март окуялары бизге таасын көрсөткөн. Мына ушуну унутпашыбыз керек.

Б. Бөрүбашев: -Азыр убактылуу өкмөт түзүүнүн эч кандай кажети жок. Менимче оппозициянын да, бийликтин да негизги максаты –элди колго алуу керек. Мына БЭК программаларын элге жеткирүүгө тийиш. Эл массасы оппозицияны колдогондой болуусу керек. Ошондо гана оппозицияга саясий бийликке келүүгө, өзүнүн программаларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Азаттык”: -Бирок оппозицияга мындай аракеттерин ишке ашыруусуна бийлик жол береби?

Б. Бөрүбашев: -Бийлик өзү Башмыйзамды бузуп атат. Мына эл көрүп турат, акыркы эле окуя –президенттик шайлоонун айланасында канча мыйзам бузуу болду. Биздин эл билимдүү эл, бүт-баарын көрүп-билип турат. Мына ошон үчүн жер-жерлердеги элдин кыжырдануусу да келип чыгып атат. Мындай бийлик келечекте элдин колдоосуна ээ боло албайт. Бирок акыркы убактарда бийлик эл менен деле эсептешпей калды.

Чындыгында биздеги эң чоң саясий жараян –шайлоо. Акыркы он беш-жыйырма жылдан бери Кыргызстанда шайлоо эч качан таза өтпөйт. Анткени кептин баарысы –шайлоо жараянында. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да, борбордук бийлик өкүлдөрү да шайлоо аркылуу өтөт. Ошондуктан шайлоо комиссияларын тазалоо, алардын катарына ар кандай партиялардын өкүлдөрүн киргизип, шайлоону акыйкат, таза өткөрүү керек. Азыр кандай гана шайлоо болбосун, жыйынтыгын эл алдын ала эле билет. Элдин негизги массасы таза шайлоого ишенбейт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG