Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Ирак жана күрт күчтөрү Мосулга жакындоодо


Күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү.
Күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү.

Ирактын жана күрттөрдүн Пешмерга аскер күчтөрү Мосул шаарынын үч багытында жылыш жасашты. Алар дем алышта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөп турган бул шаардын түштүк, чыгыш жана түндүк жактарындагы бир канча айыл жана шаарларды жоочулардан бошотту.

АКШ баштаган коалициянын аба соккулары Ирак жана Пешмерга күчтөрүнө колдоо көрсөтүп жатат. Пешмергалар жекшембиде сегиз айылды бошотуп, Мосулга тогуз чакырым гана жакын калды.

Ирактын автономдуу күрт аймагынын президенти Масуд Барзани АКШнын коргоо министри Эш Картер менен жолугушуусунда билдиргендей, пешмергалар Мосулдан түндүк чыгышты көздөй 24 чакырым алыстыкта жайгашкан Башика шаарына да өз көзөмөлүн орнотту. (KKs)

XS
SM
MD
LG