Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:25

И.Кадырбеков учурда №1 убактылуу кармоочу жайда мыйзамсыз каpмалып турат. Акыйкатчы Т.Акундун айтымында, Кадырбековду камоо боюнча соттун чечиминин мөөнөтү 26-октярда аяктаган.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Архитектура жана курулуш агенттигинин мурунку башчысы Ишенбай Кадырбековду тергөө жайында кармоонун мөөнөтү 26-октябрда аяткап, анын мөөнөтү узартылбаганын айтып чыкты:

- 26-октябрь өттү, И.Кадырбеков болсо ушу убакка чейин отурат. Сот бул мөөнөттү узартышы керек эле да. Соттун мындай чечими жок. Ошондуктан И.Кадырбеков мыйзамсыз отурат. Бул эми мыйзамдын кемчилиги. Анткени тергөөдөн кийин, сотко чейин отурган 14 күндүк мөөнөт биздин мыйзамда каралган эмес.

И. Кадырбеков ушул жылы 5-октябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлигин “Ата Мекен” партиясынын атынан көрсөткөн. Талапкер катары катталган И.Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен мекемелерге бир катар депутаттар да кайрылышкан. Соттор Кадырбековдун коргоочуларынын да мындай өтүнүчтөрүн канаттандырбай келген.

И. Кадырбековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров бул маселени кароодо сот адилеттиктен тайып, бийликке көз каранды болуп жатат деп билдирген эле.

Ал эми соттордун мындай чечиминен мурда БШК “Ата Мекен” партиясы тарабынан депутаттыкка көрсөтүлгөн Ишенбай Кадырбеков абактан чыгарылсын деген чечим чыгарган. Айрым байкоочулар мындай чечим БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилованын да кызматтан кетишине түрткү бергенин айтышууда.

Кандай гана иш болбосун, өзгөчө ал саясий мүнөзгө ээ иш болсо, соттун чечими жогору жактагылардан түздөн-түз көз каранды экенин Т.Акун да белгилеп өттү:

- Кадырбеков катталгандан кийин аны сот бошотушу керек эле. Адамдын укугун тебелеп тепсөөнүн да чеги болот. Бул маселе боюнча сотторго кайрылсам, “жогору жактагылар” дегенсип айтып жатышат. Сот деген көз карандысыз орган да, алар өздөрү чечим чыгарышы керек.

27-октябрда И.Кадырбековдун туугандарынын кайрылуусунун негизинде Акыйкатчы №1 убактылуу кармоочу жайга текшерүү менен барып, мекеменин жетекчилигине Кадырбековду кармоонун мөөнөтүү аяктагандыгына байланыштуу аны бошотуу талабы менен кайрылган.

Бирок убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги прокуратуранын көрсөтмөсү жок деген негизде Кадырбековду бошотуудан баш тарткан. Т.Акун муну менен мекеменин жетекчилиги Баш мыйзамда көрсөтүлгөн нормаларды бузуп жатат деп эсептейт.

Анткен менен башкы прокурордун орун басары Кубанычбек Асангелдиев Акыйкатчынын “И.Кадырбеков мыйзамсыз кармалып жатат” деген билдирүүсү негизсиз деп эсептээрин “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Мыйзам боюнча бардыгы туура эле. Биз И.Кадырбековдун ишин сотко 22-октябрда жөнөттүк. Эми ал сот жообуна тартылып жаткан адам катары кармалып жатат да.

Башкы прокуратура ишти сотко жибергенден кийин, сот аны бир айдын ичинде карап, актоо же айыптоо өкүмүн чыгарат. Т.Акундун билдиргени боюнча, И.Кадырбековдун ишин Биринчи май райондук сотунда кароо 17-ноябрга белгиленди.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура боюнча агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып, Финансы полициясы тарабынан май айында камакка алынган. 2005-жылы 24-март окуясынан кийин мурдагы президент А.Акаев качып кетенде И.Кадырбеков Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагалыгына шайланып, кыска убакытка президенттин милдетин аткарган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG