Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Элдик жыйынды уюштуруучулар тоскоолдуктарга кабылууда


А.Бекназаров баштаган Элдик революциялык кыймыл президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү талабын коюуда
А.Бекназаров баштаган Элдик революциялык кыймыл президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү талабын коюуда

Таласта 18-ноябрга белгиленген Элдик жыйынды уюштуруучулар ар кандай тоскоолдуктарга туш болушууда. Жыйынга чакыруу баракчаларын таратып жүргөн таластык бир тургундун автоунаасын болсо белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишти.

Талас шаарынын тургуну Муктарбек Шералиев элдик революцияны колдоо кыймылы тарабынан өткөзүлө турган курултайга элди үндөп иштегенден тарта таң калыштуу окуяларга кабылып жатканын “Азаттыкка” төмөнкүчө айтып берди:

-Кызык окуялар болуп жатат, эки күндөн бери үйүмдөгү светти, телефонду өчүрүп салды. “Телекомго” барсам линиядан дейт. Бүгүн эртең менен базардан ылдый Панфилов менен Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишинде машинаны токтотуп коюп, төрт бала болуп газета таратып кыдырып жүргөнбүз, жарым саатка узубай кайра келсем бекитип кеткен машинам өрттөнүп жатыптыр, эшикти ачсам эшиги ачык, ичи өртөнүп жатат. Кудай жалгап эшиктин астында агып жаткан суу бар экен, ошол суудан чачып өчүрдүк. Машинаны сүйрөтүп келип авто электрикттерге көргөзсөк алар “чылым күйгүзкүчкө темир тыштап кеткен, ошондон өрт чыккан” дейт. Эми салондун ичи өрттөнүп кетти да.

Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаасынын өрттөлүп кеткен факты тууралу Муктарбек Шералиев Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө барып арыз таштаган. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлерине бул тууралуу кайрылганыбызда, азырынча маалымат берүүдөн баш тартышып, тергөөнүн жыйынтыгын күтөлү дешти.

Жыйынды уюштуруп жаткан Элдик революциялык кыймылдын башында тургандардын бири, саясий ишмер Топчубек Тургуналиев да Таласка келгенден баштап ага жергиликтүү бийлик тараптан ар кандай куугунтуктар болуп жатканын айтат:

-Бут тосуунун да ар кандай жолу бар да, мени ашуудан ашкандан бери Таластын ичине чейин алатаякчан МАИ кызматкерлери тосуп тиги, бул шылтоону айтып айдоочулук күбөлүгүмдү алып коюшту. Акаев баш болуп түзгөн автаридардык үй-бүлөөлүк бийлик системасын Курманбек Бакиев ого бетер күчөттү да. Мында айырмасы эле Бакиев муну аз эле мөөнөттүн ичинде күчөттү.

Облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков Элдик революциялык кыймылынын өкүлдөрү коюп жаткан талаптар туура эмес деп, баардыгы мыйзамдын негизинде жүргүзүлгөнү жакшы деген пикирде:

-Баардыгы мыйзамдын чегинде болуш керек. 2010-жылга чейин шайланган президентибизди мөөнөтүнөн мурда кетсин дегени бул мыйзамдан чыкты деген сөз.

Элдик ырчы Сагынбек Момбеков азыркы бийлик мурдагы ыңкылапка чейинки бийликтен да жаман иштерди жасап жатат деп, акын Тургунбек Бекболотовдун ыры менен сөзүн коштоду:

-Кааласа бөлүп-жарып элибизди,

Кааласа сатып кирет жерибизди.

Кадырсыз калкка айланып калгычакты,

Көчүрүп жибергиле эми бизди.

Арманга түшүп жүрүп өлгүчөктү,

Алтайга көчүп кайра өргүсөкпү.

Кайтарып катындарды күтөлүбү,

Кайрадан Манас тууп бергичекти.

Таласта 13-ноябрдан тарта бул жыйынды уюштуруу иштери менен жүргөн Роза Нурматова артынан автоунаалар менен жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери андып жүргөнүн айтып, алардын кызматтык милдетинен аша чаап кетпөөсүн өтүнөт.

Өлкө президенти Курманбек Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишин талап кылып Элдик революциялык кыймылдын өкүлдөрү тарабынан уюштурулуп жаткан жыйын 18-ноябрда Талас шаарынын түндүк тарабындагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG