Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Пакистан: "Талибандын" чабуулунан беш киши набыт кетти


Коопсуздук күчтөрү жардыруу болгон жерде.
Коопсуздук күчтөрү жардыруу болгон жерде.

Талип жанкечтилеринин өлкөнүн түндүк-батышындагы соттун имаратына чабуулунан беш киши набыт кетип, 15 адам жарадар болду. Террордук чабуул 21-февралда Пешаварга жакын Танги шаарында жасалган.

Талиптердин "Жамаат-ул-Ахрар" уюму соттун имаратына алардын үч жанкечтиси чабуул жасаганын билдирип чыкты. Атышууда полиция эки жанкечтини атып өлтүргөн. Ал эми үчүнчүсү соттун имаратына кирип барып өзүн жардырган.

Өткөн жумада Пакистанда жардыруулардан 100дөн ашуун киши набыт болгон эле. 16-февралда суфийлердин мечитин жардыруудан 90 киши өлүп, ага жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алган. (AiT)

XS
SM
MD
LG