Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:33

Балыкчыдагы окуя алдын-ала даярдалганбы?


23-июль, 2009-ж. Балыкчыда милиция 19 кишини камакка алган

23-июль, 2009-ж. Балыкчыда милиция 19 кишини камакка алган

Адвокат Сартбай Жайчыбеков Балыкчы окуясы боюнча кылмыш иши оппозицияны жана элди коркутуу максатында атайын, алдын-ала даярдалган, деп "Азаттыкка" билдирди.

-Сартбай мырза, Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткандар тергөө убагында милиция тарабынан кыйноого алынышкан деген маалыматты Ички иштер министрлиги четке кагууда. Сиздин кандай аргументтериңиз бар?

- Мен кепти башынан баштайын, Балыкчы окуясына байланыштуу 23-июлда 19 киши камакка алынганын билесиңер. Алардын ичинен 9 кишини милиция Балыкчы шаардык администрациянын алдында кармаган. Калган 10 кишини Балыкчы шаардык милициясынын жанынан өтүп бараткан учурда же жөн эле көчөдө бара жаткан жеринен эле баса калып, камакка алышкан.

Буларга да “шаар мэриясын, шайлоо участкаларын басып алып, Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүгө аракет кылышкан” деген айып коюшкан. Демек коомчулук билип койсо болот, Балыкчы окуясында Социал-демократтар партиясына, шайлоонун өтүшүнө таптакыр тиешеси жок, карапайым адамдар кармалып турушат.
Балыкчы окуясында саясатка да, шайлоого да такыр тиешеси жок адамдар айыпталууда.


- Алар бул тууралуу кийин сотто билдирип атышты. Бирок ошентсе да айып тагылган, кылмыш иштери менен таанышкан учурларда макул эместигин билдире алышты беле?

- Алгач айып кантип тагылып, тергөө кандайча жүргүзүлгөнү тууралуу айтып кетейин. КР Жазык-Процессуалдык Кодексинин 167-беренесинин талаптары боюнча тергөө тобунун башчысы токтом менен кылмыш ишин өз өндүрүшүнө алууга тийиш болчу. 117-09-132 номурдагы кылмыш иштин материалында 19 айыпкер бар.

Алардын ишин тергөө боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн мурун, тергөө тобунун башчысы кылмыш ишин өз өндүрүшүнө алган эмес. Демек, 23-июлдан 25-июлга чейин алынган бардык сурак протоколдору соттук тергөө учурунда далил катары кабыл алынбашы керек эле.

КР Жазык-Процессуалдык Кодексинин 6-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана КР Башмыйзамынын 15-беренесинин 5-пунктунун талаптарын бузуп алынган далилдер кылмыш ишти иликтөөдө эске алынбасы билинип турат. Бирок Балыкчы окуясы боюнча кылмыш ишинде айыпталып жаткандар толук соттолот, анткени сот бир тараптуу айыптоо багыты менен жүрүп жатат.

-Демек соттордун көз карандысыздыгы кайда деген суроо туулат?

-Ооба. Соттук тергөө учурунда Балыкчы окуясында кармалгандар 23-24-июль күндөрү таңкы саат 4:00гө чейин отургузулбай, Балыкчы шаардык ИИБнын коридорунда тикесинен тик тургузуп туруп, суралганы далилденген. Мына далил: айыпталгандардын бири Канат Сопиевди шектүү катары кармалган соң, эки суткадан кийин гана суракка алышкан. Ага чейин ал ошол шаардык милиция бөлүмүндө мыйзам бузуучулук менен тикесинен тик тургузулуп, кармалып турган.

Мыйзам боюнча шектүү катары кармалган адамга кылмыш иш козголгон соң гана суракка алынат. Тергөө тобу болсо кармалгандарды 2 сутка кыйнап туруп, анан гана шектүү катары сурак протоколун түзүшкөн. Шектүү деп кармалгандарга козголгон кылмыш иш тууралуу токтомдун көчүрмөсү берилген эмес. Демек кармалып тургандар кандай, эмне кылмышка шектелип жаткандыгынан кабары да жок болгон. Муну менен КР Жазык процессуалдык кодексинин 39-40-беренесинин талаптарын тергөө тобу көз көрүнөө бузган.

“Кармалгандар эки сутка бою шаардык ИИБнын коридорунда тикесинен тик турушкан”
23-июль күнү тергөө тобуна атайын ордер берип, жактоочу болуп катталган жактоочулар суракка атайылап катыштырылган эмес. 23-июлдан 25-июлга чейин суралгандардын сурак протоколдорунун биринде да жактоочунун колу жок.

Көпчүлүк сурак протоколдоруна жактоочунун ордуна укук коргоочу, жактоочу болууга эч кандай укугу жок Жолоочу Исакалиев деген адамга кол койдуруу менен алдоо амалдары тергөөчү тараптан жүргүзүлгөн. Мисалы, айыпталуучу Кубатбек Мусаевди, Сыргак Мамбеталиевди, Мирбек Сагыновду, Анарбек Усманбетовду, Саламат Кудайбергеновду шектүү катары, айыпкер катары сураган суракта, жоопко тартуу тууралуу тергөөчүнүн токтомунда жактоочунун ордуна жогоруда биз айткан Жолоочу Исакалиев кол койгон. Ошондой эле кылмыш ишинин материалына тиркелген расмий сүрөттөр ким тарабынан тартылганы, кимден алынганы белгисиз бойдон, эч кандай чечмелөөсүз далил катары тиркелген.

-Сот жараяны учурунда айыпталуучулар кылмыш иши менен таанышпагандыгын айтып атышты эле?

Өзүнө тагылган айып менен тааныша албаган айыпталуучулардын арасында Жаркын Асанова да бар
-Тааныштырылган эмес. Мен жактоочу катары шаардын прокурору А. Айтбаевден айыпталуучулар эмне себептен кылмыш иши менен таанышпаганын сурасам, “айып коюу токтому менен тааныштырылган протокол бар, ошол жетет” деп койду.

Ал эми айыпталып жаткандар К. Мусаев менен С. Мамбеталиевди иш менен таанышуудан өздөрү баш тартышты, деген шылтоо айтышты. Мындай учурда да мыйзамдын талабы бар. КР Жазык процессуалдык кодексинин 170-171-беренелеринин талаптары боюнча башка протокол толтурулууга тийиш эле. Бул жерде болсо прокурорлор колхоздун жери айдалбай калгандай эле мамиле кылып коюшкан. Мунун баары атайылап жасалган.

Атүгүл кийин соттук териштирүү учурунда да сот Болот Дүйшембиев айыпталуучуларга кылмыш иштин материалы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген жок. Бул эле эмес, айыпталуучулар К. Усуповдун, Ж. Асанованын, К. Абдыкадыровдун, Б. Асанакуновдун, С. Мусабаевдин, А. Курманалиевдин, Ж. Дүйшөбаевдин, Н. Кожокматовдун, К. Усубалиевдин жана Э. Таджиевдин жактоочуларына кылмыш иштин материалы менен таанышууга прокурор да, тергөөчүлөр да атайылап мүмкүнчүлүк берген эмес. Бул – мыйзамсыз, өтө одоно түрдө мыйзамдын коргоочулары тарабынан мыйзам бузуу.

Тергөө иши аяктаганда кылмыш иштин материалдары менен жактоочуларды тааныштырбай коюуга эч кимдин акысы жок. Жактоочу тааныша албаса, айыпкер кайдан тааныша алмак эле? Жактоочулардын кылмыш иши менен таанышуу талабына Балыкчы шаарынын прокурору расмий түрдө жооп кылып, иштин материалдары 21-августта шаардык сотко жиберилди деп маалымдаган.

А чыныгы иш жүзүндө кылмыш иштин материалдары сотко 24-августта келип түшкөн. Бул тууралуу соттун өзүнүн расмий кагаздары далилдеп турат. Демек, жактоочулардан 3 күн атайылап катылган. Андан мурунку учурларда болсо тергөө тобу жактоочулардын талабын четке кагуу менен гана чектелип келген.

Кылмыш ишин тергөөдө пайда болгон карама-каршылыктарды жоюу максатында тергөө тобу жактоочулардын беттештирүү жүргүзүү, айыпталуучулардын укуктарын бузууну четтетүү тууралуу койгон талаптарын, берген өтүнүчтөрүн да четке кагып келген. Мисалы жактоочулардын Жогорку Кеңешке жасаган кайрылуусуна Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары Д. Дооронбаев “прошу организовать проверку в рамках уголовного дела возбужденного по факту массовых беспорядков в г. Балыкчы” деп сыйма көрсөтмө берүү менен кылмыш иши кандайча тергелип жатканын өзү жетекчиликке алганын көрсөткөн. Ушундан улам сотто мамлекеттик айыптоочу болуп катышып отурган прокурор Д. Дооронбаевге биз ишеним көрсөтпөй турганыбызды билдирип, сот төрагасына кайрылганбыз. Бирок ал биздин өтүнүчтү канааттандырган жок.

Ал эми ошол эле прокурордун соттук териштирүүгө коомдук жактоочу болуп катышып жаткан Топчубек Тургуналиевди четтетүү тууралуу өтүнүчүн дароо канаттандырып берди. Алардын негизи боюнча Жазык процессуалдык кодексинде “коомдук жактоочу” деген жок экен. Мен айтат элем бар деп, мыйзам дагы мен тарапта. Анткени ошол эле Жазык процессуалдык кодекстин 44-беренесинин 2-бөлүмүндө мыйзамдуу өкүлдөр жактоочу болуп эсептелери көрсөтүлгөн.

Ушул эле кодекстин 5-беренесинде мыйзамдуу өкүлдөр кимдер болушу мүмкүн деген суроого жооп турат. Мен аны дал ошол сот менен прокурорго түшүнүктүү болсун үчүн орусча айтайын: “В качестве общественного защитника подсудимого допускается представители юридических лиц, политических партий, профсоюзов, правозащитных и других общественных объединений” деп жазылып турат. Cоттун канчалык адилеттигин угармандар өздөрү талдап алышсын.

-Сот Болот Дүйшембиевге да бир нече жолу ишенбөөчүлүк келтирилди окшойт. Акыркысы кандайча чечилди?

-Мына ушул негиз менен азыр сот убактылуу токтоп турат. Ысык-Көл облустук соту аны кандайча чечет, көрөбүз го.

-“Азаттыкка” берген мурдагы маегиңизде Балыкчы окуясы бийлик тарабынан алдын-ала даярдалган деп билдирдиңиз эле. Буга кандай негиз, далилдериңиз бар?

- Туптуура. Балыкчы окуясына байланыштуу кылмыш иши оппозициялык маанайдагы топторду, саясий партияларды жана карапайым элди коркутуу максатында атайын, алдын-ала даярдалган. Мына далил: 2009-жылдын 21-июлунда Ысык-Көл облусунун прокурору К. Молдоевдин, Ысык-Көл облустук Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Б. Исабековдун, Ысык-Көл облустук ИИБнын башчысы Э. Эсеналиевдин буйруктары менен атайын прокуратуранын, Улуттук коопсуздук комитетинин, ИИБнын тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлгөн. Ал топко жети тергөөчү бекитилип, төмөнкүдөй милдет тагылган.

Буйруктун орусчасын келтирейин:

“Об образовании следственной группы из числа следственных оперативных работников прокуратуры, УВД, УГКНБ КР по Иссык-Кульской области для расследования возможных фактов проявления агитации, возбуждающей социальную, религиозную, расовую, национальную ненависть и вражду, призыва к захвату власти, насильственному изменению конституционного строя и нарушению целостности государства, пропаганды войны и других посягательств на безопасность КР в период подготовки и проведения выборов президента КР 23-июля 2009 года.”

Бул буйрукту ишке ашыруу жана көзөмөлдөө Ысык-Көл облустук прокурорунун 1-орун басары Д. Дооронбаевге жүктөлгөн. Бул аракети менен биздин мыйзам сакчылары мыйзам бузууга барышкан. Анткени КР Жазык процессуалдык кодексинин 165-беренесинин талаптары боюнча тергөө иши кылмыш иш козголгондон кийин гана башталат. Ал эми ушул эле кодекстин 167-талаптары боюнча тергөө тобу кылмыш болгондон кийин, кылмыштын көлөмүнө жараша түзүлөт.

Жогоруда айтылган Ысык-Көл облусунун тартип сакчылары кылмыш жок туруп, 21-июлда эле тергөө тобун түзүп, тергөөнү баштап коюшкан. Ал топту сотто мамлекеттик айыптоочу болуп жаткан Д. Дооронбаев жетектеп турган. Мына ушундан улам, биз соттук териштирүүдө Д. Дооронбаевге “кылмыш жокто кылмыш деп жасалма кылмышты уюштурганы, ошол эле кылмышты сотто өзү айыптап жатканы үчүн” ишенбөөчүлүк келтиргенбиз. Бирок сот аны четке какканын жакшы билесиңер.

Экинчиден, Балыкчы шаарынын прокурору А. Айтбаев 21-июлда чыгарылган Ысык-Көл облпрокурорунун буйругун эске алып, 22-июлда өзүнүн буйругу менен Балыкчы шаарында прокуратура, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, милициянын тергөөчүлөрүнөн турган тергөө тобун түзгөн. Ал чыгарган токтомго ылайык бул топко 16 тергөөчү бекитилген. Ошол эле прокурор А. Айтбаев 2009-жылдын 23-июлунда №6 шайлоо участогунун шайлоо комиссиясынын арызы менен биз эң башында айтып кеткен 117-09-132 номурлуу кылмыш ишин козгоп, анын курамында КР Кылмыш-Жаза кодексинин 139, 233, 297-беренелеринин классификациясын аныктаган.

Бирок сиздерге белгилүү, Балыкчыдагы соттук тергөө учурунда шайлоо комиссиясынын төрагасы өзүнүн арызынан баш тартканын расмий түрдө билдирди. Сот муну дагы эске алууга тийиш. Бирок дагы айтам, соттон адилеттик күтүүгө мүмкүн болбой калды.

-Сартбай мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG