Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Орус аскеринин өлүмү үчүн тажикстандык жаран 20 жылга кесилди


Көз жумган орусиялык аскер Александр Буенков.
Көз жумган орусиялык аскер Александр Буенков.

Тажикстандын Хатлон облустук соту жергиликтүү тургун Ахлиддин Машаровду орус аскери Алексей Буенковду өлтүргөн деп таап, жыйырма жылга эркинен ажыратты.

40 жаштагы улук сержант Буенков Курган-Төбөдө жайгашкан 201-орус аскерий базасында кызмат өтөп жүргөн маалында жергиликтүү жаштар менен мушташып кетип 31-июлда каза болгон.

Машрабов өз күнөөсүн мойнуна алды. Тажикстандагы Орусиянын аскерий базасында кызмат өтөгөн аскерлер буга чейин да кылмыш иштерине кириптер болуп келишкен. Өткөн жылы тажик таксисттин өлүмүнө айыпталып эки орус аскери 13-17 жылга абакка кесилишкен.

Орусиянын 201-аскерий базасында жети миңдей аскер кызмат өтөйт. Анын гарнизондору Дүйшөмбү, Коргон-Дөбө жана Куляб шаарларында жайгашкан.

2012-жылы эки тарап кол коюлган макулдашууга ылайык базанын калуу мөөнөтү коомчулуктун каршылыгына карабастан, 2042-жылга чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG