Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Апта:Энергетиканын энчиге кетиши, эки багыттуу Европа...


Бишкек жылуулук борбору 335 млн.долларга бааланды
Бишкек жылуулук борбору 335 млн.долларга бааланды

Өкмөт “Түндүкэлектро”, Бишкек ТЭЦин сатуу чечимин кабыл алды. Европа парламентинин депутаттары Бишкекте оппозицияны канааттандырган, бийликти да таарынтпаган сапар менен болуп кетти.



Ээсин издеген энергетика

29-октябрда өкмөттүн жыйыны болуп, анда Кыргызстандагы төрт бөлүштүргүч компаниянын эң ириси “Түндүкэлектрону”, ага кошумча Бишкек ТЭЦин жана “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасынын мамлекетке тиешелүү акцияларын сатуу чечими кабыл алынды. Бул үч компаниянын баасы 450 миллион доллар деп бааланды.

“Түндүкэлектро” жана “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасынын 81% акциясы мамлекеттин колунда турат. Өкмөт мына ошол 81% , ал эми Бишкек ТЭЦин мүлк комплекси катары катары сатууда.

Үч ири ишкананын баасы 450 миллион доллар болоорун ”Славянский восток” аттуу компания аныктаган. Анын ичинде “Түндүкэлекткро” 137 миллион доллар, “Бишкекжылуулуктармактар” 48 миллион доллар, ал эми Бишкек ТЭЦи 335 миллион доллар деп бааланган.

Өкмөт үч ири ишкананы бир инвесторго сатууга ниеттенүүдө. Ошондуктан саттыкка үч компания бир коюлат дейт Сүйөркул Бакиров:

-Эми конкурсту өткөрүүнүн шарты боюнча комиссия түзүлөт. Ал сатуунун шарттарын иштеп чыгат дагы маалымат каражаттарына жарыя берет.

Өкмөт үч ири ишкананы бир инвесторго сатууга ниеттенүүдө. Ошондуктан саттыкка үч компания бир коюлат дейт Сүйөркул Бакиров:

-Жумушчу топ үчөөн чогуу бир кишиге сатайлы деген сунушту берген. Ошондуктан азыр саттыкка үчөө бирге коюлат. Эгерде үчөө бир коюлбай калып, башкача сунуштар чыга турган болсо, анда жумушчу топ изилдеп чыгып, башка сунушту бериш керек. Азыр болсо эми инвесторлордун келишине жараша кандай болоорун көрөбүз. Чогуу сатып алганга инвестор чыкпай калса, анда жумушчу комиссия жаңы шарттар менен конкурска алып чыгышы мүмкүн.

Президент 17-октябрдагы калкка кайрылуусунда бөлүштүргүч компанияларды бөлүп-бөлүп сатууну сунуштаган эле:

-Мына бизде азыр “Түндүкэлектро” пилоттук долбоор менен менчиктештирилиш керек. Эгерде “Түндүкэлектрону” толук бойдон саттыкка койсок, аны алууга биздин ишкерлердин алы жетпей калат. Ага чет өлкөдөн келе турган ири инвестор келбесе эле. Ушуну бөлүштүрөлүк. Чүй, Бишкек, Талас ага карайт . Алардын техникалык жагын карап, бөлүштүрүш керек. Ысык-Көл жана Нарын боюнча бөлүгүн биздин ишкерлер сатып алат болуш керек. Таласты, Бишкекти өзүнчө карасак болот.

Азыркы кезде президенттин саясаты менен Мамлекеттик мүлк комитетинин баарын бирге сатуу саясаты бири-бирине туура келбей турат.

Коомчулукта болсо энергетика тармагын сатуу боюнча бир жактуу пикир жок. Ошондой эле үч ири ишкананын 450 миллион долларга бааланганы, ал баа кайдан алынганы боюнча да кеңири түшүнүк жок.

Кыргызстан энергетиктер бирикмесинин башчысы Жамалбек Түлебердиев 450 миллион доллар кайдан, кантип алынганын белгисиз экенин айтуу менен, бирок энергетика тармагын сатууга берүүгө каршы экенин билдирди:

-Мен энергетик катары сатууга каршымын. Ал туура эмес. Энергетика биздин байлыгыбыз. Аны сатып жиберип эмне кылабыз? Сатуунун шарттары эл аралык адистер менен талкууланыш керек. Кайсы мамлекет болбосун энергетиканы көзөмөлдөш керек. Менчикке 17 жылдан бери сатып жатып эмне пайда көрдүк. Кайсы тармак өнүктү? Бирөө бир мисал келтире алабы...Энергетика элдин турмушуна тынымсыз тийиштиги бар нерсе. Ошондуктан аны сатуу алдында абдан катуу ойлонуу керек. Негизи мен сатууга каршымын.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев бөлүштүргүч компаниялардын натыйжалуу иштешине жетишүүнүн түрдүү жолдору бар экенин белгилейт:

-Бишкек ТЭЦин шаар балансына алабыз деп азыркы мэр Нариман Түлеев демилге көтөргөн эле.Эгерде мамлекеттен ТЭЦти ажыратып туруп, шаардын балансына алып келе турган болсо, шаардыктар үчүн деле, энергетиктер үчүн деле жакшы болмок. Экинчи, “Түндүкэлектронун” баасы эми символикалуу. Аны сатып эле мамлекет байып кетет дегенден алысмын. Сатканга жараша тарифтерди өзгөртпөй турган кылса дурус болот, же жакшы иштете турган жол менен концессияга берсе болот. Анын үстүнө президент “Түндүкэлектрону” бөлүп-бөлүп сатабыз деп айтты го. Эгерде район-район электр тармактар менен сатылса, анда башка кеп.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин статс-катчысынын пикиринде, “Түндүкэлектро”, Бишкек ТЭЦи жана “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасы ушул жылы конкурстук негизде саттыкка коюлуп, келерки жылга карай жаңы кожоюндардын колуна өтүп калат.

Эки багыттуу Европа

Бул жумада Кыргызстанда Европа парламентинин делегациясы болуп кайтты. Европарламентке Литвадан шайланган Она Юкневичиене жетектеген делегация 29-30-октябрда кыргыз депутаттары менен биргелешкен жыйын өткөрдү. Анда Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуусу, Кыргызстандагы демократия, адам укуктары боюнча маселелер талкууланган. Анын ичинде европалык депутаттар Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү жөнүндө маселени көтөрүшкөнүн Юкневичиене белгиледи:

-Бул маселени бардык расмий жолугушууларда көтөрдүк. Анын ичинде Жогорку Кеңештеги жолугушууларда да айттык. Биз өзүбүздүн тынчызданууларыбызды ачыктадык. Бирок мени канааттандырганы, кыргыз тараптын кемчиликтерди мойнуга алып, аны жоюуга ниети бар экенин билдирүүсү болду.

Батыш мурдагы мезгилдерде демократия талаптары бузулса бийликке сынды катуу айтып, кемчиликтерди жоюлбашы кызматташууларга терс таасирин тийгизерин белгилей кетчү. Азыркы кезде байкалып тургандай, батыш депутаттары бийликти да капа кылбай, ошол эле кезде оппозициянын да көңүлүн улаган саясатты жүргүзүүдө.

Батыштын мындай саясатын саясат таануучу Марс Сариев мындайча түшүндүрдү:

-Батыш “күчтөрдү теңдөөчү” саясат жүргүзөт. Тыякты да канааттандырып, быякты да капа кылбайт. Азыр бийликте тургандар күч алып, Россия менен энергетикалык, экономикалык система түзүп жатканда, Европа түшүнүп жатат, эгерде адам укугу жана башка маселелерди көтөрсө, анда Кыргызстандын расмий бийлигин чочутуп, өзүнөн алыстатып аларын. Ошондуктан кыргыз бийлигин өзүнө акырындап тартууга аракет жасоодо. Ошон үчүн кош стандарт деп аталат.

Экинчи бир белгилүү саясат таануучу Валентин Богатыревдун пикиринде Европа парламентинин делегациясынын билдирүүсү жалпы европарламенттин пикири боло албайт:

-Бул Кыргызстанга келген эки-үч саясатчынын пикири. Алардын сөзү менен эле европарламент өзгөрүп кетти деш кыйын. Ошентсе да айтаарым, жалпысынан европарламент баарына реалдуу карап, алардын пикири менен келишпеген нерселерге өтө эле келишпес болбой калышты. Мурдараак демократия батыштык вариантында кол тийгис баалуулук катары каралса, азыр эми коом өзүнүн көздөгөн максатына башка жол менен жетип жатканын алар да көрүп жатышат.

Келерки жыл - президенттик шайлоо өнөктүгү башталаар жыл

Азыркы мезгилде өлкө саясатчылары улам жакындап келаткан, 2010-жылы боло турган президенттик шайлоого алдырттан даярдыкты күчөтө баштады.

Алгач “Ак жол” партиясы Курманбек Бакиевди 2010-жылы кайра шайлап алуу демилгесин август айында көтөрүп чыкты.

Айрым маалыматтарга караганда, социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев азыркы кезде келечектеги президенттик шайлоого даярдыктарды көрүүдө. Ал өзү да келечектеги президенттик таймаш үчүн даярдыгын гезиттерге берген интервьюсунда билдирген жайы бар. Атамбаевдин партиялашы, парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимовдун да президенттик шайлоого катышуу ниети бар экени айтылууда.

Социал-демократиялык партиянын лидери Атамбаевге жакын “Учур” гезитинде Бакыт Бешимовдун президенттик ниетине каршы макаланын жарыяланышы эки лидердин ортосундагы таймаш бар экенин айгиленеп тургандай.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын башына Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаковдун келиши –бул партиянын президенттик таймашта өз талапкери менен чыгуу ниетинен кабар берүүдө.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев эң жогорку кызмат орун үчүн таймашка түшүүгө даяр. Алардын тактикасы кескин сын менен бийликти уламдан-улам алсыратуу. 2010-жылга карай азыркы президентти тап-такыр жарамсыз деп элге түшүндүрүү.

Саясат таануучу Валентин Богатыревдун пикиринде эмки жылы жазда көп нерсе айкын боло баштайт:

-Жаз айларында бул маселеде көбүрөөк ачыктык пайда болот деп ойлоймун. Ошентсе да айтаарым, Бакыт Бешимов президенттик шайлоого барат деп ойлоймун. Коопсуздук кеңешке келгенине карабай Адахан Мадумаров шайлоого барат. Андан сырткары Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого барат деп ойлоймун. Бул тизмени дагы узарта берсем да болот.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде 2010-жылы боло турган президенттик шайлоого карата саясий жараян күч алууда:

-Күрөш күчөй баштаганы чын эле байкалып турат. Ар кандай кыймылдар өздөрүнүн аракетин жасоодо. Азыр түндүк жактан дагы, түштүк жактан да топтор түзүлүп, чыгып жатышат. Мурун түштүк бирдиктүү болуп чыкчу. Азыр эми түштүк бөлүнүп, топ-топ болуп, Бакиевге каршы болуп жатышат. Менин оюмча, мындай шартта күрөш аябай курч болот.

Оппозиция бул арада биригүү аракетин жасоодо. Андай аракеттер 25-ноябрга белгиленген элдик курултайга чейин күчөтүлүп, кайсы бир платформанын алкагында биргелешип аракеттенүү планы бектилиши ыктымал. Ал план азыр оппозиция кабыл алуусу күтүлүп жаткан меморандумда ачыкталат болуш керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG