Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Жоголгон депутатты издөө иштеринен натыйжа болбой жатат


Министр М.Конгантиев парламент жыйынында издөө иштери азырынча оң натыйжа бербей жатканын айтты.

Министр М.Конгантиев парламент жыйынында издөө иштери азырынча оң натыйжа бербей жатканын айтты.

Бейшембиде Жогорку Кеңеш 44 күндөн бери дайыны чыкпай жаткан депутат Руслан Шабатоев менен депутат Жээнбековдун уулу Бактиярды издөө иштеринин жүрүшү тууралуу ички иштер министринин маалыматын укту.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевдин ишине байланыштуу иликтөө учурунда Казакстандык Санжар Ташматов жана Серик Сансызбаев деген адамдардын аты аталып жатканын билдирди. Министрдин маалыматына караганда, бул ишке шектүү делип Ысык-Көл облусунун тургуну Гүлчоро Токтосуновду суракка алганда, ал Санжар Ташматов ишкерликте Руслан Шабатоевдин өнөктөшү экендигин, Шабатоев казак атуулу Серик Сансызбаевден 300 миң доллар карыз алганы боюнча көрсөтмө берген.

Ошондой эле депутаттын сейфинен алынган бир нече адамдардын фото-сүрөттөрү боюнча алардын кимдер экендиги аныкталган. Конгантиев тергеп-иликтөө учурунда Шабатоев менен Сансызбаевди Санжар Ташматов тааныштырганы маалым болгонун, Сансызбаев Алма-Ата шаарында абройлуу адамдар жашаган райондогу үйүндө куралчан кароолдорду коюп койгонун, ал жерде Ташматовдун дагы болушу мүмкүн экендигин айтты.

- Учурда жоголгон депутат Шабатоев жана Бактияр Амиражановду издөөгө Орусия менен Казакстандын тартип коргоо кызматтары тартылып, Интерполго тапшырылды. Азыр такталган версиялар бар. Ошол боюнча иштер жүрүп жатат. Жыйынтыгын өзүм кабарлаймын, - деди министр.

Конгантиев иликтөө иштери оңдуу натыйжа бербей жатканын белгилеп, депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду издөө иштери Орусияда улантылып, бул иш боюнча орун басары Дмитрий Феодоров жетектеген ыкчам топ беш күндөн бери Москвада жүргөндүгүн кошумчалады.

Дайынсыз жоголгон Бактияр Амиражановдун атасы депутат Жусупжан Жээнбеков Токмок шаарынын жана Чүй облусунун милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, ишине кайдыгер караган айрым милиция кызматкерлерине чара көрүүсүн министрден өтүндү:

-Мен уулумдун жоголушуна байланыштуу маселелер менен Ысык-Ата районун кыдырганда кыжырды келтирген фактылар чыкты. Сизден суранам, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилеринин ишин катуурак карасаңыз...

СДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина болсо издөө иштерине министрлик тарабынан абдан чоң аракеттер көрүлүп жатканын, бирок бул маселе барып-келип СДП партиясына байланыштуудай пикир жаратып жатканын айтты:

- Алгач СДПнын акча эсеби жабылды, бул маселе дагы эле сотто чечилбей келет. Партиянын активдүү бир мүчөсүнүн бийликтин куугунтугунан чет мамлекетке кеткени. Эми депутаттын жана депутаттын баласынын жоголушу бул эмне кокустукбу?

Карамушкина Социал-демократтар партиясы он беш жылдан бери мамлекеттин, коомдун өнүгүшү үчүн өз көз карашын бийликке ачык айтып оппозицияда жүргөнүн, азыр дагы мамлекет ойдогудай оңолуп кетпегенинен кемчиликтерди ачык-айкын айтып келатканын билдирди. Анын айтымында, партиянын мүчөсүнүн жана активдүү мүчөсүнүн баласынын жоголушу аларды коркута албайт, тескерисинче болоттой чыңалтат.

Ички иштер органында мурда иштеп кеткен коомдук ишмер Касымбек Райымкул уулу Шабатоев менен Амиражановдун жоголушуна байланыштуу ишти жана мурдагы буйрутма адам өлтүрүүлөрдү издөөдө Ички иштер министрлиги натыйжалуу иш алып бара албаганынан улам кылмыштардын бети ачылбай келүүдө дейт:

-Ички иштер органында мыкты-мыкты кесипкөй кызматкерлер бар. Бирок жетекчилик аларга көп маани бербей келет. Кылмыштын болушу, анын алдын алуу боюнча маалыматтар тиешелүү кызматтарда болуп, жетекчилик баардыгы менен кабардар болуп турушу керек эле. Менин оюмча, азыркы ИИМ жетекчилиги алгылыктуу иш алып бара албай жатат. Ошондуктан эки баланын дайыны канча күндөн бери белгисиз болуп жатат. Эмдигиче бар-жогу тууралуу бир маалымат табылмак.

Ички иштер министри Конгантиевдин маалыматына караганда, Руслан Шабатоев Кант шаарында консерва заводу менен ферма иштетип, Ысык-Көл облусунда жерге байланыштуу маселелерге аралашып, Бишкекте “Аякс” кароол агенттигин жана “Ниет-Сервис” фирмасына ээлик кылуучу экен.

Маалыматтарга караганда, 30-октябрда жоголгон Руслан Шабатоевдун ишине байланыштуу 44 адам суралып, 4 үй тинтүүгө алынган. Элла Өмүрзакова, Диляра Абдуламитова, Елена Шевченко, Кубат Кыдыралиев, Элмира Акирова жана башкалар суралышып, адам уурдоого катыштыгы жок экендиги аныкталгандан кийин үйлөрүнө кое берилген. Аны издөөгө 277 коомдук түзүлүш, 34 атчандар отряды тартылган. Бишкек жана Чүй областы боюнча миңден ашуун үйлөр, жүздөн ашуун мейманканалар, автоунаа оңдоочу жайлар, кароосуз калган имараттар, дачалык участоктор, көлмөлөр иликтенген.

24-сентябрдан бери жок болуп жаткан ишкер Бахтияр Амиражановдун Лексус RX-300 үлгүсүндөгү автоунаасы ал жоголгондон туура бир ай өткөндөн кийин Бишкектин “Чыгыш-5” кичирайонунан табылган. Бирок ишкердин автоунаасын экспертиздан өткөрүү учурунда шектүү эч нерсе аныкталган эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG