Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

Ушу тапта Кыргызстанда тарых бүктөмүндө унутулуп кеткен улуттук баалуулуктарды алып чыгуу, элди бийликке аралаштыруунун сыналган амал-аргалары сунушталууда.

Белгилүү коомдук-саясий ишмер Дастан Сарыгулов менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев мына ушул теманын тегерегинде кеп кылышат.

- Дастан ага, көптөн бери кыргыздын өткөнүн изилдеп келатасыз Ушу тапта Кыргызстан кандай саясий система менен өнүккөнү улуттун кызыкчылыгына туура келет суроосунун тегерегинде талаштар жүрүүдө. Жакында Элдик курултай азчылык менен көпчүлүктүн бирдей кызыкчылыгын камтыган дагы бир системаны сунуш кылды. Ушуга токтоло кетсеңиз.

Дастан Сарыгулов: - Талаштын себеби каякта, деген суроо туулуп жатат. Кыргызды нечен кылым сактап келген коом түзүү, тажрыйба

“Кан бийлигинен нарк күчтүү” деген сөз ошол нарк, адеп-ахлакка ар бир адам байлыгына, бийлигине, даражасына карабай, кан болобу, кандын увазири болобу – баары кыйшаюусуз баш ийип келген.

эстен чыгып кеткен үчүн кыргыз бүгүн талашып, ата-бабанын улуу тарыхый жолуна кайрылбай, алдын гана карап Батыштын үлгүсүнүн алкагында изденип, чайналып, чайпалып, кыйналып жатат. Кыргызды 6 000 жыл бою кайсы коом түзүм жана башкаруу сактап келди? Азыркы изденүүгө биздин бабаларыбыз илгери эле толук жооп таап берген экен. Ал элдин бийлиги. Эл бийлиги үч жол менен сакталып келген. Биринчи - курултай аркылуу. Экинчиси - элдик бийлер, сот бийлиги элдики болгон. Бийлерди эл шайлаган, бийлер доо-арызды элдин катышуусу менен караган. Адатка таянып, элдин нарк-салтына жараша буйрук чыгарган. Үчүнчү жол элдин салты, нарк-насили кыйшаюусуз сакталып келген. “Кан бийлигинен нарк күчтүү” деген сөз ошол нарк, адеп-ахлакка ар бир адам байлыгына, бийлигине, даражасына карабай, кан болобу, кандын увазири болобу – баары кыйшаюусуз баш ийип келген. Ушул үч жол менен эл бийлиги бекем сакталып келген.

- Дастан ага, жакындан бери Бишкек адам таануу аалымканасы дагы бир идеяны – уруулук биримдик, уруулук союз - Оң, Сол, Ичкилик аркылуу элдик бийликти орнотуу керектигин көтөрүп чыгышты. Ушул идеяга сиздин пикириңиз кандай?

Дастан Сарыгулов: - Ата-бабаларыбыздын улуу тарыхый жолуна кайрылып, аны баамдап иликтеп отурсак, биз бир улуу чындыкка келебиз. Кыргыздын биримдиги, ажырагыс бүтүндүгү кантип камсыздалынып келген? Ал кан аркылуу: урук, уруу, канат аркылуу камсыздалынып келген. Бул миң жыл эмес, 6 –7 миң жыл бою кыргызды ушул касиет ынтымакта, биримдикте сактап келген. Биз бүгүнкү ыйман сууп, абийир качкан замандагы көз караш менен бааласак, анда мындан коркуш керек.

Кыргыз малды тепкен эмес. Кыргыз жадесе кумурсканын да убал-сообунан коркуп, баалап, билип жашаган. Жер-сууга кесир мамиле кылган эмес. Ушундай ыймандуулук, аруулук менен бааласак, анда кыргыз уруу эмес, канат эмес, бир адамдын да көңүлүн калтырчу эмес. Дал ошондой бийиктик менен мамиле кылсак, биз ошондо кыргыздын ажыратылгыс биримдигин туу кылып көтөрөт элек.

Эгерде бугу эли бир кылым мурдагыдай уруу биримдигин бүгүн да сактап келсе Каркырарын бир кадам жерине эч ким тие алмак эмес. Үзөңгү-Куушка эч ким кол сала алмак эмес. Кыргыздын уруучулугу жаман деп башы кошулбаган, жүрөгү бирикпеген, бытыранды, чачыранды, шайлоочулардын гана үнсүз тобуна айланткан үчүн бийлик бүгүн Мекенибизди кемитип, жерибизди туш-тарапка таратып берип атат. Ошон үчүн кыргыз суу байлыгынан кол үзүп жатат. Кыргыз тоңуп атат. Кычыраган кыштын суугунда үшүп жатат.

Кыргыз деген уруу жок. Кырк уруунун биримдигин ыйык туткан “мен кыргызмын деген адамдар кыргыздын ичиндеги баланча урууданмын” деген улуулуктан кетип калганыбыз үчүн азыр туш келди жем болуп жатабыз. Көрүнгөнгө бийлетип, тайраңдатып, төрүбүзгө чыгарып, өзүбүз үшүп-тоңуп, тентип, үзүлүп-чачылып аткан абалга келдик.

- Дастан ага, ошол кыргыздын өткөнүн бүгүнкү күнгө ылайыкташтырууну каалагандардын көпчүлүгү Батыш демократиясын жээрип, ал жакшы орун-очок алалбай, таканчык туралбай калды деген кине айтып келатышат. Антишке негиз барбы?

Дастан Сарыгулов: - Толугу менен негиз бар. Демократиянын көздөгөнү, эңсегени – бул коомдо адилеттикти орнотуу. Демократия демократия үчүн эле эмес. Демократия мына 15 жылдан бери кыргыз элин тентитип салды. Кыргыз элинин үнү жок. Кыргызды бийликке сөзү өтпөгөн абалга алып келди. Бай-кедей деп бөлдү. Мындай адилеттиктин эч кимге кереги жок.

Кыргыз бул демократиянын тайкы түшүнүгүнөн кыйла өйдө кетип илгери эле айткан: “Эл байлыгы – адилет, таянычы калыстык, келечеги – акыйкат” деп койгон. Адилеттик менен калыстыкты кыргыз жалаң эле адамга эмес, жан-жаныбарга деле бирдей колдонгон. Мисалы, “Иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар” деген. Демек, жаратылыш адамга кандай таандык болсо курт-кумурска, бака-жыланга деле ошондой таандык деп, кыргыз адилеттиктин туу чокусуна көтөрүлгөн. Ошон үчүн Батыштын демократия ыкмалары кыргызга жукпай, жакпай жатат. Кыргыз ата-бабанын улуу жолуна кайрылышы зарыл.

- Мына ушул улуттук уңгуга кайрылуу идеясына азыркы бийлик тарабынан кандайдыр бир мамиле сезилип жатабы? Эмнегедир бул идея интеллигенция арасында жакшы жайыла албагандай сезилет да мага, же андай эмеспи?

Дастан Сарыгулов: - Сиз туура айтып атасыз. Интеллигенция деп биз эмнени айтып атабыз? Илгери кыргыз “элдин уюткусу, журттун

Биз эгерим орус, англис, атүгүл казак, өзбек дагы болуп кете албайбыз. Биз кыргызбыз, кыргыз болуп бул дүйнөгө келгенбиз, ошол бойдон кетебиз.

көрөңгөсү” деген сөз айтчу эле. Кийинки 50-60 жылда калыптанган интеллигенция маңкуртчулуктун суусуна сугарылып, жуурулган интеллигенция. Ал интеллигенция кыргыздын байыркы салтын, дүйнөтаанымын билмек түгүл кыргыз тилинде онтоп, эптеп-септеп өңгү-дөңгү сүйлөгөн адамдар. Булар кантип кыргызга жакшылык кыла алат? Кааласа да кыла албайт да! Себеби жүрөгүндө кыргыз деген улуу сезимдин оту өчүп калган. Биздин бийлик ошол эле маңкуртчулктун айынан буга көңүл бурбай келатат. Бир улуу чындык бар, аны эч ким аны талаша албайт! Биз эгерим орус, англис, атүгүл казак дагы, өзбек дагы болуп кете албайбыз. Биз кыргызбыз, кыргыз болуп бул дүйнөгө келгенбиз, ошол бойдон кетебиз. Биздин артыбызда 6 миң жыл кыргыз дөөлөтү турат. Андан кантип кечип кетебиз? Андан кантип аттап кетбиз? Аттасак бүгүнкү абалга келебиз. Кайрылсак Манас бабабыздын дүйнө жүзүнө койгон, “Манас” эпосун жараткан кыргыздын улуулугуна көтөрүлө алабыз! Мына ушуну биз байкабай жатабыз. Ошон үчүн биздин азаптан башыбыз чыкпай жатат!

- Дастан ага, ишиңизге ийгилик болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG