Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Коомчулукту тынчсыздандырып жаткан энергетикалык абалга узап бараткан аптада “Ак жол” фракциясы да кайрылып, маселени чечүүнүн бир жолун энергетика министри Балкыбековду иштен алуудан көрдү.

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков өтүп бараткан аптада электр кубаты үнөмдүү пайдаланылбаса, февраль айында Кыргызстанда энергетикалык кризис болушу толук ыктымал деп билдирди. Коомдук саясий чөйрөдө мындай божомолго ыктап тургандар аз болгон жери жок.

Ошондой болсо да мамлекеттик чоң кызматкердин ушундай билдирүүсүн фракция жыйынында “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Динара Молдошева орунсуз көрүнүш катары сынга алды:

- Сиз журналисттерге интервью бериптирсиз, 2009-жылдын февралында Кыргызстанды энергетикалык кризис күтүп атат деген сиздин сөзүңүз келтирилип атат. Сиз саясий жооптуу адам катары, аткаруу бийлигиндеги жогорку органдын жетекчиси катары мындай билдирүүлөрдү жасаганда бир аз жоопкерчиликтүү болушуңуз керек. Конкреттүү жагдайды эске алып, ушундай чуу көтөрүштүн кажети жок эле.

Бул “Ак жол” фракциясынын кезектеги отурумунда министр Балкыбековдун дарегине айтылган жалгыз кине эмес. Кышка даярдык боюнча министрдин маалыматы депутаттык көпчүлүктү канааттандырган жок. “Маалыматында кышка даярдык, кыштан кантип чыгуу боюнча министр эч нерсе айта алган жок”, - деди депутат Нарынбек Молдобаев. Депутаттар министрди калкты электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо, энергетика саясатын ырааттуу жүргүзүү жаатында кудуреттүү иш алып бара албай жатат деп сындашты. Депутат Санжарбек Кадыралиевдин оюнда, министрди кызматтан алып эле чектелбей “жоопко тартуу керек”.

Министрге жасалган “чабуулдар” ириде Токтогул суу сактагычындагы сууну топтоо, топтолгон сууну Кыргызстандын ичинде туура бөлүштүрүү, экспорттоо жаатындагы өксүктөр, акыры элдин жарыкка жетпей караманча мукурап калуу коркунучу менен байланыштырылды.

Токтогул суу сактагычында суунун кескин азайышы өлкөнү энергетикалык оор абалга алып келди


Маселен, депутат Бегалы Наргозуев эл оозунда кеңири айтылып келаткан мисалдарды келтирди:

- 2005-жылы Токтогул суу сактагычына 13 млрд. куб суу агып кирген дагы 14 млрд. куб суу агып чыккан. 2006-жылы 12 млрд. куб суу агып кирсе 13 млрд. куб чыгарыпсыңар. 2007-жылы 11 млрд. суу агып кирсе силер 14 млрд. куб сууну чыгарып жибергенсиңер, 4 млрд. ашык. Ким ушуга жол берди? Эл арасында, басма сөздө суу сатылды, электр сатылды деп күнөөлөп атышат. Ушуга аргументтүү жооп берип, элди ишендире албайсыңар. “Ак жол” силерди коргогондой болуп атабыз.

Сууну жең ичинен тышка сатып жибергендин кесепети кризиске кептеп жатат деген имиштер буга чейин нечен курдай айтылып жүрөт. Балкыбеков муну төгүндөө үчүн бир топ иш чаралар жасалды деп, депутат келтирген дооматтарды ушак катары баалады.

Далилсиз маалыматтар менен алектенбөөгө “акжолчу” партиялаштарын депутат Эрнис Акрамов да чакырды:

- Сууну сатып ийишти деген маселе көтөрүлүп аткан соң, бул - уурулук. Андай болгондо муну менен алектене турган атайын органдар бар. Биз азыр бул жерде министр сууну сатып ийди деп атабыз. Муну эч ким далилдей албайт. Бул далилденбей турган нерсе.

Балкыбековдун ишендиргенине караганда, өкмөт экспорттолгон суудан түшкөн кирешенин ар бир тыйынын да башка жакка короткон жери жок:

- Электр энергеиянын көлөмүн көбөйтүш үчүн ТЭЦке отун, газ, көмүр, мазут алып келиш керек. Ошолордун баарынын акчасын биз экспорттон алабыз.

Негизи кыргыз өкмөтү электр кубатынын тартыш болуп жатышын биринчи кезекте кургакчылык менен байланыштырып, үнөмдөө аркылуу гана энергетикалык кризисти алдын алуу болот деген ишенимде турат. Бул максатта март айынан бери маал-маалы менен өчүрүлүп келаткан жарык кыш келгени даректүү өчүрүү менен алмашылууда. Балкыбеков азыркы шартта башка жол жок деп эсептеп жатат:

- Бул кызмат менин атамдан калган мурас эмес. Бул кызматка башынан менде артыкчылык болгон эмес, болбойт дагы. Бирок, менин айтарым, Балкыбеков болобу, Асанов болобу, башка альтернатива жок. Энергетиканы лимиттеп колдонбосок жаман доорго туш келебиз.

Жыйындын соңунда “Ак жол” фракциясы кышка даярдык боюнча өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министринин маалыматын эске алып, министр Балкыбековго саясий баа берүүнү партиянын саясий кеңешине сунуш кылды.

Фракция энергетика тармагын текшерүүгө алуу үчүн комиссия түзүү демилгесин да ушул жыйында көтөрүп чыгышты. Жалпыга маалым мындай демилгени буга чейин СДП фракциясы сессияга алып чыгып, бирок “Ак жолдон” колдоо таппай калган.

Кышка даярдыкка президенттин партиясынын парламенттеги өкүлдөрүнүн берген бул жолку баасына оппозиция иштеп жатканын көрсөтүүгө жасаган “Ак жолдун” далалаты катары кароодо. Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов “Ак жол” партиясынын мындай аракетинен майнап чыгат деп ойлобойт:

- Балкыбековду кызматтан алган күнү да тармак оңолуп кетерине ким ишенет? Эч качан оңолбойт. Анткени, ал жерде жалаң эле мамлекеттик коррупция эмес, эл аралык коррупция кийлигишип кеткен система болуп калган. Балкыбековду алабыз, башкача кылабыз деген бүгүнкү ахыбалга жарашпай турган чечим. Бул жасалма, саясий оюн, иштемиш болуп элге көрүнгүсү келгендик эле. Негизинде эле бул парламент элдин кызыкчылыгын эч качан коргой албайт.

Ниязовдун көз карашында, Кыргызстан азыр энергетикалык кризистин алкагында жашап жатат, ага жараша кырдаал мындан ары да оорлоп, элди кыйын жагдайга кирептер кылышы толук ыктымал.

Ж. Сатыбалдиев: “Ак жол” эмне үчүн эл алдында жоопкерчиликти албайт?

Кыргызстандын калкы энергетикалык кыйын кырдаалга тушугат деп кооптонгондордун бири - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 2003-2005-жылдары энергетикалык коопсуздук боюнча президенттин вице-премьер министр макамындагы өкүлү болуп иштеген Жантөрө Сатыбалдиев. Ж. Сатыбалдиев Кыргызстан энергетикалык кыйынчылыктан кантип чыгат деген маселенин айланасында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди .

- “Ак жол” фракциясы министр Балкыбековду иштен алуу демилгесин көтөрдү. Министрди кетирүү энергетика тармагындагы жагдайдын жакшырышына өбөлгө боло алабы?


"Ак жол" партиясынын башында президент Курманбек Бакиев турат

- Системага толук кандуу реформа жасаш керек. Көбүн эсе өкмөт натыйжалуу башкара албайт, ошондуктан, сатсак оңолуп кетебиз деп өкмөт өзү да айтып атпайбы. Бул да туура эмес. Бул – абсурд. Системаны бир министрдин кетиши менен оңдоп койсо болот. Бирок, андан кийин келген министрге мурдагы министрдин системасы менен иштөөгө мүмкүнчүлүк болобу? Бул чоң маселе. Менин маалыматым боюнча, азыр коркунучтуу абал турат. Суунун аздыгынан, суунун сыртка чыгып кетишинен, жаз айларында сууну чогултуп ала албаганыбыздан азыр эми карапайым элге кыйынчылык келип калыш коркунучу бар.

- Балкыбеков мындай жагдай адам факторунан эмес, жаратылыш шартынан улам түзүлүп атат деп атпайбы. Министр канчалык негиздүү айтып атат?

- Ал туура келбей турган шартты айтып атат. Мына 2005-жылы ноябрь айында Токтогул ГЭСинде 19 млрд. куб. суу болгон. Аны бардыгы билет, бир эле мен эмес. Жылда келип-кеткен сууну эсептеп, кургакчылык жыл келатканын бардыгы билет болчу. Ошон үчүн биз өткөн кышта, быйылкы жазда өтө сарамжалдуу чыгымдап, элге жазында түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек эле. Жаз айларында электр жарыгы өчкөн, сууну тоскон фактылар жок, коңшу мамлекеттер бизге суу жетпей атат деп кыйкырган фактыларды да билбейм. Ошон үчүн бул жерде так эле адам фактору бар. Жаратылыштан да болууда, албетте, аны да танууга болбойт. Бирок, биз сарамжалдуу болсок, суу өзүбүзгө жетмек.

- Ошол эле Балкыбеков лимиттен ашкандарды өчүрүп гана туруш керек, башка жол жок деп атат. Башка жолдор барбы сиз билген?

- Эми мен ал кишинин айткандарын билбейм. Бирок эмне үчүн Бишкек ТЭЦин толук ремонттон чыгарып, толук кубаттуулукка кое алган жок? Оштогу ТЭЦте электр кубатын бөлүштүрүү боюнча жаз айларында иш алып барган жок? Бул ресурстар эмне үчүн колдонулган жок? Бул чоң суроо.

- Коррупциялык аракеттер барбы?

- Аны мен колунан кармап албагандан кийин айтышым кыйын. Бирок эмне үчүн 720 миң меговаттка эсептелген Бишкектин ТЭЦи 300гө жетпеген меговатт берип атат? Бул жерде ойлоно турган нерселер бар. Өкмөт жыйынтык чыгарыш керек болчу. Азыр эмес, ноябрь айында ушундай кризис болуп калды деп элди алдын ала коркутпай, жаз айларында иш алып барыш керек болчу.

- Сиз реформа жасаш керек деп айтып атпайсызбы. Сиз анын кандай жолдорун көрө аласыз? Реформанын кайсы жолдору натыйжалуу болот дейсиз?

- Бул узун сабак. Четинен алганда эле биринчиси – кадр саясаты. Экинчиден, уюштуруу иш-чараларын өткөрүшү керек. Үчүнчүдөн, жоопкерчилик бир кишинин мойнунда болуш керек. Бүгүн бир киши жооп бербей атпайбы.

- Азыр бөлүштүрүүчү компаниялар менен өкмөт биригип алып, коррупциялашып кетти, анын азабын эл тартты деп оппозиция сындап жатат бүгүн. Сиз буга кошулат белеңиз?

- Мен буга кошулам. Себеби энерготармакта иштегендердин бардыгы өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын ойлоп атышат. Элди ойлогон жери жок. “Компанейшина” болуп атат. Эсиңизде болсо керек, 2003-жылы мени ушул секторго кризистик мененджер кылып алып келишкен. Биз ошондо үч айдын ичинде эле тартипке салып, жоготууларды 46%тен 36%ке чейин азайтканбыз. Бул мен деп мактангандык эмес. Ошол кезде иштегендер алты айдын ичинде көптөгөн кадамдарды жасаганбыз. Ал кездеги бийлик биздин жасаганыбыздан Париж клубуна киргенге гана мүмкүнчүлүк алышты да, андан кийин таз кейпине кетти.

- Кыргызстандын энергетика тармагында бүгүн адистер жетиштүүбү?

- Менимче жетиштүү.

- Ошол эле мезгилде Балкыбеков негативдүү жетекчи катары көп айтылып келатат. Мына бийлик тараптагы “Ак жол” партиясы да ушул аптада аны катуу сынга алып, кетиребиз дегенге чейин барышты. Сиз билесизби, ал кандай адис?

- Эми ал киши жетекчи болсо керек. Бирок энергетика тармагында ал кесипкөй адис эмес экенин элдин баары билет. Бирок “Ак жол” фракциясын мен түшүнбөйм. Бүгүн ал парламентте көпчүлүк бөлүктү ээлейт. Эмне үчүн ошолор жоопкерчиликти элдин алдында чогуу ала албайт?

Кыштан кыйналбай чыгуу үчүн эмне кылуу керек?

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, саясат таануучу Зайнидин Курманов айыпты жеке эле бийликтен издебей, элдин мыйзамды аткаргысы келбей жаткандыгын да эске алуу керек дейт. Саясатчы энергетикалык кризистен, кыштан аман-эсен чыгуунун жолун жарандардын мыйзам менен достошуп жашоого бет алышынан көрөт. Бул энергетикалык опсуз көп карыздардан кутултуп, кризистин жолун быйыл дагы, андан кийинки жылдары дагы биротоло бууйт.

Ал эми энергетика тармагы боюнча адис Карыпбек Алымкулов ар кандай сунуштарга баш оорутуп, аны ишке ашыруунун жолдорун издегенге убакыт калбай калды дейт. Алымкуловдун пикиринде өкмөт ыкчам аракеттерди жасоого милдеттүү:

- Азыр сатып алгандан башкага убакыт жок калды. Россияга барып, жүгүнүп, тизелеп сатып (энергия-авт.) алыш керек. Казактар (Казакстан-авт.) 250 млн. квт. саат беребиз деп атат. Мунусу эки айга жетпейт.


Расмий маалыматтар боюнча учурда Токтогул суу сактагычында 9,5 млрд. куб. суу бар. Бул зарыл норманын 62%ин түзөт. Өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков кыргызстандыктар электр кубатын өңчөй жарык үчүн пайдаланган учурда гана суу сактагычтагы суу апрель айына чейин жетиши мүмкүн дейт. Ошондуктан ал жарыкты даректүү өчүрүү аркылуу үнөмдөөнү кризисти кыйгап өтүүнүн натыйжалуу жолу катары сунуш кылууда.

Укук коргоочулар болсо технология өнүккөн доордогу мындай мамиле кыргызстандыктардын укуктарын басмырлоо деп, өкмөттү сындап жатышат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG