Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

АКШдан оппозицияга дубай салам


Президенттик шайлоодон кийин Бишкекте 200 ашуун адам камака алынды

Президенттик шайлоодон кийин Бишкекте 200 ашуун адам камака алынды

ЖКдагы СДП фракциясынын жетекчиси Б. Бешимов өлкөдөн убактылуу чыгып кеткенге мажбур болгонун, демократия үчүн күрөшүн алыстан деле уланта берээрин билдирди.

Учурда оппозиция мүчөлөрүн көбүрөөк ойлонткон маселе социал-демократтардын социалисттик “Ата Мекен” партиясына биригүүсү, мындан аркы саясий күрөштү биргелешип улантуу милдети болууда. Азырынча жаңы саясий биримдиктин аталышы, максат-милдеттери тактала элек. Партия жетекчилеринен тарта катардагы мүчөлөрүнө дейре аркыл пикирлерди, талаш-тартыштарды жараткан маселе ушу тапта талкуудан башы чыкпай, жыйынтыгы көрүнө элек.

Бириккен элдик кыймыл жетекчилерини бири Топчубек Тургуналиев эки партияга удаа башка күчтөр да биригиши мүмкүн экенин ырастады.

- Бирдиктүү, күчтүү оппозициянын Бакиевдерге кереги жок. Себеби булар аркандын учун алыска ыргытып, Курманбек Бакиевден кийин мамлекеттин башчысы ким болотту ойлонуп жатышат. Же өзү болобу, же Максим Бакиев болобу, же инилеринин бири болобу? Ошондуктан ага жол ачыш керек. Ошол жолго бөгөт болуп жаткан күчтүү оппозицияны жок кылып, «ляппайчы» оппозицияны түзүүнү көздөшүп атат.

Анан да эки партиянын биригиш-бирикпешинен кем калбаган маанилүү маселе Сары-Өзөн-Чүйдө Москва районундагы, анан Балыкчыдагы сот жараяны болууда. Шайлоо учурунда конституциялык түзүлүштү уратуу аракетин жасаган, деп коюлган оголе опсуз айыпты Балкычыда чынга чыгарыштын амал-айласы жасалып, ал айрым байкоочулардын ырасташынча, Ноокаттагы соттон кем калбаган көрсөтмөлүү иш-чара жасалганы турат.

Президенттик шайлоонун кандай өткөнү антип Балыкчыдагы сот залында ырасталып жаткан чакта социал-демократиялык фракция жетекчиси Бакыт Бешимов АКШдан сестүү билдирүүлөрдү жасоодо. Ал эми анын океандын ары жагына убактылуу кетиши артынан толгон-токой божомол-жоромолдорду жаратты. Алардын арасынан эмнеликтен шайлоо жыйынтыгын күтпөй бириккен оппозициянын орто жолдон атаандаштыктан баш тартышынын себеп-жөнү көпчүлүккө эмдигиче табышмак.

Ара жолдон ат тизгинди буруунун чоо-жайын А. Атамбаевдин өзү момундай түшүндүргөн.

- Эгерде биз бул шайлоону тааныбайбыз, деп айтпасак, анда жанагындай жасалма документине печать коюп бермекпиз. Биз ошон үчүн печать койбойбуз. Бул шайлоо легитимсиз.

Бириккен оппозиция атынан чыгып жаткан президентке атаандаштын шайлоо штабын жетектеген Бакыт Бешимов “август айында” аны “мерт кылып коерунда” АКШга кетүүгө мажбур болгонун соңку билдирүүсүндө ырастады. Көпчүлүк оппозициячылар үчүн эмдигиче себеп-жөнү аныктала элек мындай кадамды Бакыт Бешимовдун партиялашы Галина Скрипкина анын өзүнүн жекече проблемасы катары сыпаттайт.

- Мен муну бир кишинин өз келечегин аң-сезимдүү тандап алышы катары баалайм. Болгону ошол. Эми ал СДПК менен байланыштуу болобу же жокпу, мындан ары саясатка аралашабы же жокпу? Ал өлкөсүн таштап кеткен соң бул анчалык деле маанилүү маселе болбой калды го.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков ушу тапта оппозиция бөлүндү-жарынды болуп, калк алдындагы ишениминен ажырап, баштагы таасиринен тайып турган кези дейт.

- Оппозиция азыр биригеби же өздөрүнчө дагы бир башка нерсе жасайбы – азыр Кыргызстандагы оппозиция банкрот болуп бүттү. Оппозиция өзүнүн алсыздыгын, начардыгын көрсөттү. Эми бул деген нерсе Кыргызстанда оппозиция жок, эми оппозициясы жок майкөл-сүткөл болуп жашайт, дегендик эмес. Оппозиция сөзсүз болуш керек. Оппозиция интеллектуалдык, концептуалдык сунуштар менен чыкчу жакшы оппозиция болушу керек.

Бакыт Бешимов АКШдан пикирлеш, санаалаштарына жөнөткөн кайрылуусунда антип жоопкерчиликтин баки-жогун жалгыз оппозицияга жөңкөп коюш туура эместигин белгилеп, өлкө тагдыры, келечеги элдин колунда экенин ырастайт. “Азыр эрикпегендин баары эле оппозицияны сындоону өнөр көрүп алды,- деп жазат ал кайрылуусунда.- Чыныгы оппозиция жаңылып-жазганы менен элине жакшылык кылсам дейт. Криминалдашкан бийлик менен күрөшүүгө баары эле батына бербейт”.

Парламент депутаты Дамира Ниязалиева фракция жетекчиси океандын ары жагына ден соолугун оңдоп келиш үчүн кеткенин ырастайт.

- Азыр эми өзү жок болгондон кийин анын эмнеге кеткенин ким айта алат? Ошон үчүн күтүп жатабыз. Буюрса сакайып калса келсе, айтыш керек. Эмне себеп болду, кандай түрткүнчүк болду? Аны өзү айтышы керек. Азырынча белгисиз.

Партия мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев ушу тапта оппозицияга бийлик тарабынан жасалган мамиле Кыргызстандагы саясий ахывалды кашкайтып көрсөтүп турат деген пикирде.

- Күтүүсүз деле окуя болгон жок. Бирок бул Кыргызстанда жүрүп жаткан саясий процесстин бир көрүнүшү.

Бирок ал көрүнүш кийинки жылдары арбын кайталанып, биртоп журналисттер, саясий ишмерлер карабашын калкалап, чет өлкөлөрдөн саясий башпаанек алып күн көрүп жүрүшкөнү да көпчүлүктүн жадында. Ошондон Кыргызстанда бийлик вертикалы түзүлгөнү саясий кысым күчөгөнүн эл аралык уюмдар такай белгилеп келатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG