Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

Суроосу менен жооптору алдын-ала такталган президент К.Бакиевдин 11-февралдагы маалымат жыйынында улуттук идеология, демократия, сөз эркиндиги, тышкы саясат, экономикалык кризис сындуу олуттуу маселелер жайында кеп болду.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери көңүлүн өйүп келаткан улуттук идеология маселесине токтолгон мамлекет башчы аны элдик макал-лакаптардан издөө зарылдыгына басым жасап, улутка кайрылуусунда эмнегедир “демократия” сөзүн “унутта” калтырып кетишинин чоо-жайын мамындайча чечмеледи.

- Бирок мен азыркы күндө Кыргызстанда биздин коом канча көтөрө алса ошончо демократия бар деп эсептейм. Ким аны кандай кабылдап жана пайдаланып келатканын силер, журналисттер, жакшы билесиңер. Эгер башка категория болсо аны да билесиңер. Сөз эркиндиги каалашыңча, бизде ал мелтилдеп ашканы турат.

Президенттин пикиринде, КМШ кыйырында демократия жагынан Кыргызстанда эч кандай проблема деле жок. Бирок да мамлекет башчысынын алдагыдай көңүлток билдирүүсү чындыкка коошпой тургандыгын, тескерисинче бул жаатта толгон-токой проблемалар чогулуп калганын саясат таануучу Орозбек Молдалиев ырастайт. Анын айтуусунда, Кыргызстанда сот, мыйзам чыгаруу бийликтери өз алдынчалыкка, көз карандысыздыкка жетише элек.

- Бийликтин ортосунда тең салмактуулук жок. Бул демократиянын эң негизги талабы ушул. Ошон үчүн бизде демократия жок. Куруп атабыз десек, ошол ылайыктуу болор эле.

Орозбек Молдалиев кийинки кездери сөз эркиндигин кысмакка алуу күчөп кеткенин белгиледи. Көпчүлүктүн көз алдында “Алиби”, “Де Факто” гезиттери жабылып, анда иштеген журналисттердин айрымдары баш калка издеп чет өлкөгө кетүүгө, бул жерде калганы башка басылма чыгарууга мажбур болууда.

“Журналист” коомдук бирикмесинин өкүлү Мери Бекешованын айтуусунда, маалымдоо каражаттарын жаап салуу эч кандай укуктук себеп-жөнү жок эле жүргүзүлүүдө.

- Анын жетекчисине кылмыш ишин ачып дегендей, азыркы бийлик ушундай башкача жолдор менен иштеп атат. Маселен, азыр бир дагы телекомпаниянын эркин иштеген жери жок. Бардыгы тең эле бийликтин сөзүн сүйлөп жатат.

Сөз эркиндигин абалы кийинки жылдары абыдан эле начарлап кеткенин белгилүү журналист Бакыт Орунбеков да ырастап, кысым күчөп жатканы эларалык уюмдар, коомчулук тарабынан такай белгиленип келатканын айтты.

- Мурда биздин дүйнө мамлекеттер арасындагы рейтингибиз жогору болсо кийинки мезгилде арткы орундарга түшүп калганыбыздын өзү муну далилдеп турат. Бул жөнөкөй сөз, жөнсалды кеп эмес. Мунун артында фактылар турат. Акыркы жылдары мына 14 журналист ур-токмокко алынып, кысым көрсөтүлүп, айрымдары соттолуп жатат. Бир журналист атылып, аны ким өлтүргөнү эмдигиче бети ачылбай жатышынын өзү Кыргызстанда сөз эркиндигинин жок экендигинин далили, деп ойлойм.

Көпчүлүккө дайын алдагыдай проблемалардын бийлик менен маалымдоо каражат өкүлдөрүнүн ортосунда козголуп, жарыя айтылып турушу абзел. Президент К.Бакиев журналисттер менен тез-тез жолугушуп турууга макул экенин билдирди. Бирок да мурунку бийлик тушундагыдай эле баары алдын-ала даярдалган маалымат жыйындарынан күткөн натыйжа чыкпай каларын айрым серепчилер белгилешүүдө. Алардын ырасташынча, демократиялык каада-салты өнүккөн өлкөлөрдө журналисттер бийлик башчыларына каалаган суроосун берип, тийиштүү жообун алышка укуктуу. Андай укуктун президенттик катчылыктын бюрократиялык тосмосунан ары өтө албай калышы коомдо саясий маданият - пикирлердин ар түрдүүлүгү жайыла электигин көрсөткөндөн башкага жарабайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG