Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Ошто оппозицияны генерал И. Исаков баштап чыгат


Оппозициянын марттагы нааразылык акцияларын түштүк жергесинде генерал Исмаил Исаков жетектейт. Бул тууралуу Бириккен элдик кыймылдын өкүлдөрү менен Оштогу 11 партиянын башчыларынын жолугушуу учурунда жарыяланды. Бирок жергиликтүү бир катар лидерлер БЭКтин мындай чечимине каршы чыгышты.

Азимбек Бекназаров борборго кайткандан кийин БЭКтин саясий кеңеши акылдашып өлкөнүн 20-30 чакты районунда бир мезгилде мөөнөтсүз акция баштай тургандыгын, түштүктөгү саясий акцияларды “Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы, генерал Исмаил Исаков жетектей тургандыгын ачыктады.

Жергиликтүү саясий ишмер Турдубек Шакиров БЭКтин мындай чечимине дароо каршы чыкты. Анын баамында, түштүк жергесине «Ата Мекен» партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотоновду жана Элдик революциялык кыймылдын мүчөсү Анвар Артыковду жөнөтмөйүнчө, эл көтөрүлбөйт.

2005-жылдагы март ыңкылабынын Оштогу штабын жетектеген Мырзабек Көкөев чоң саясий күрөштүн алдында ириде улуттук жолбашчыны тандап алуу зарыл экендигин белгиледи.

Азимбек Бекназаров мындай сунушка кошулган жок. Анын айтымында, Бакиев бийлигин оодаргандан кийин гана жалпы элдик шайлоо аркылуу оппозициянын лидерлеринин ичинен улуттук жолбашчы тандалат.

Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров Бакиев бийлиги оппозицияны куугунтуктоону токтотпосо, сүйлөшүү үзгүлтүккө учурай тургандыгын билдирди.

Революциялык кыймылдын мүчөсү, Ош облусунун мурунку губернатору Анвар Артыков президент менен тил табышуу ишке ашарына ишенбейт. Ал БЭКтин жергиликтүү лидерлерин ынтымакка үндөдү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз кезегинде жооп катары Бириккен Элдик кыймылдын бардык аракеттерин мыйзамсыз деп эсептей тургандыгын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG