Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Кертилген мөөнөттүн кемиктей сыры


Ыйгарым укуктуу мөөнөтү бир жылга кыскартылганына кайыл иштеп жаткан президент экинчи мөөнөткө шайлоого катышарын мурда эле жарыя кылган. «Бетме-бет» талкуусу бул жолу ушул маселеге арналды.

Талкууга парламент депутаты, «Ак жол» фракциясынын мүчөсү Бегаалы Наргозуев менен саясат таануучу Орозбек Молдалиев катышты.

- Орозбек мырза, Конституциялык Соттун күтүлгөн-күтүлбөгөн чечимине негизденип Жогорку Кеңештин шайлоо күнү катары 23-июлдун коюлуп калышы кандай себепке байланыштуу болуп калды?

Орозбек Молдалиев: - Шайлоонун быйыл өтөрү мурда эле белгилүү болуп калган. Президентке караштуу жаңы түзүм –катчылык, ага кошумча стратегиялык изилдөөлөр институту жаңыртылып, даярдыктар көрүлө баштаган. Анан Конституциялык сотко арыз берилгенден кийин шайлоонун быйыл өтөрүнөн эчким шек деле санабай калган. Ошол эле “Ак жолдогу” айрым укукчулар шайлоо мыйзам негизинде эмдиги жылы өтүшү керектигин актап-жактап жатышты эле, ага карабастан эле шайлоо быйылкы жылга белгиленип калды. Өтөле ишенимдүү негиз катары жүрбөсө да, шайлоонун быйыл жайында өткөрүлүшү каптап келаткан каржылык кризис күчөй элек кезине тушталып жатышы айтылууда. Эмдиги жылы абал мындан да начар болсо шайлоо өткөрүү кыйынга туруп калышы мүмкүн. Шайлоону быйыл өткөрүүнүн орчун себебин мен уккан жокмун.

- Бегаалы мырза, кандайынан келгенде да иштеп жаткан президенттин 2005-жылкы шайлоо, кийинки референдум аркылуу ырасталган беш жылдык мөөнөтү бир жылга кыскартылууда. Бул кийин укуктук чалкеш, талаш маселеге алып келбейби?

Бегаалы Наргозуев: - Жок андайга алып келбейт. Бу талаштуу маселени мен 2006-жылы оппозиция өкүлдөрүнөн уга баштагам. Ошондо эле алар азыркы президент 2009-жылы шайлоого барышы керектигин айта башташкан. Анан бул маселе былтыр социал-демократтар тарабынан кайрадан көтөрүлө баштады. Бирок алар “жыландын башын кылтыйтып” коюп, бийлик реакциясын күтө башташты. Көптөн кийин менин парламенттеги кабинетиме жанаша жерде отурган Асылбек Жээнбеков кесиптешим сотко кайрылып, маселенин башын ачып алууну чечти. Мен башында бул маселенин ыкчам чечилишине ишенген эмесмин. Жаңы шайланган президент 25-октябрга чейин кызмат ордуна отуруп калышы керектигин Конституциялык Cот чечкенин А.Жээнбековдон уккам. Биз шайлоо 23-сентябрда болуп калышы мүмкүн деп болжосок, комитет математикалык эсептер менен 23-июлга шайлоо күнүн белгиледи. Бул оппозициянын аракети менен жасалган иш болгондуктан көп деле ызы-чууга алып келбейт го, деген ойдо турам.

- Орозбек мырза, “Ар намыс” партиясынын жетекчиси Ф.Кулов шайлоонун бир жыл эрте өтүшү дагы бир укуктук маселеге алып келиши мүмкүн экендигин болжолдоодо. Себеп дегенде, шайлоодо азыркы президенттен башка бирөө утуп чыкса ыйгарым укуктун кыскартылып кеткен бир жылы көтөрүлүп чыгышы мүмкүн экендиги айтылууда. Ушундай укуктук башкатырма болушу мүмкүнбү?

Орозбек Молдалиев: - Ф. Куловдун андай деп айтышына негиз жок. Мына Бегаалы мырза да айтып кетти. Конституциялык сот чечими акыркы чечим, аны эч ким буза албайт. Албетте, талаш-тартыш, чечим туура эмес, деген сөздөр боло бериши мүмкүн. Конституциялык Cот шайлоо эмдиги жылы болот, деп чечим чыгарса деле кээ бирөөлөр аны жактырышмак эмес. “Ак жол” партиясынын жетекчилеринин бири Автандил Арабаевдин гезитте жарыяланган пикири деле туура болчу. 2003-жылкы Конституция жоюлуп, жаңысы кабыл алынган. Ошол боюнча шайлоо 2010-жылга белгиленсе туура эле болмок. А. Акаевдин тушунда деле ушундай чечимдер чыгып, ал үч мөөнөткө шайланбады беле.

- Бегаалы мырза, иштеп аткан президент 2003-жылкы Конституция боюнча шайланган. Эми ал 2007-жылкы Башмыйзам боюнча шайлоого барганы турат. Жаңы Конституция боюнча ал деле А.Акаевчесинен кайра эки мөөнөткө шайлоого барышы мүмкүн, деп божомол курсак болобу?

Бегаалы Наргозуев: - Жок. Бийликке жабышкан киши болсо президенттик мөөнөтү бир жылга кыскарышына макул болмок эмес. Бул киши макул болуп жатпайбы. Экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин ал киши 2007-жылкы Конституцияга таянып дагы бир мөөнөткө барууну суранбайт, деп ойлойм. Оппозиция албетте, бийликке акараат айтып, анын мүчүлүш жерин тапканга аракет кылат. Демократиянын чоң атасы делинген Америкада деле шайлоо жыйынтыгы көпкө чыкпай, талаш созулуп турбады беле. Шайлоодо бийлик менен оппозиция болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып күрөшөт. Аны ким кандай баалайт? Ошондон шайлоо жөнүндө алдын-ала жыйынтык чыгарышка эрте. Анан Конституциялык Cот чечими талкууланбайт, кайра каралбайт. Ал эми шайлоонун көлдөгү эс алуу менен эч кандай байланышы жок.

- Орозбек мырза, чечимди бийлик да, оппозиция да күтүп жаткан. Окуялардын киийнки жүрүшү кандай болушу мүмкүн? Дегеним, оппозиция өз катарынан бир талапкерди чыгара албайт, деген божомол такай кайталанып келатат.

Орозбек Молдалиев: - Бириккен элдик кыймыл бир лидер менен чыгарын айтып жүрөт. Оппозиция биригип, бир талапкерди колдобосо алардын бөлүнгөнүнөн натыйжа чыкпайт. Анан бир лидердин чыгышы деле азыркы шартта арсар бойдон калууда. Бирикпесе оппозиция жеңишке жетише албайт. 2003-жылкы Конституцияда шайлоо октябрдын акыркы жекшембисинде, кайсы күндө өтөрү так жазылып турат. Конституциялык соттун чечиминде ошого чейин президенттин бийлик мөөнөтү бүтөрү белгиленген. Бул кыйлага талаш чакыра турган маселе. Анан комитет төрагасы Зайнидин Курманов шайлоо бейшембиге туш келет, кийинки күнү элдин көбү Көлгө эс алганы кетишет деп жатпайбы. Эми элдин баары эле жума күнү жабылып Көлгө эс алганы кетет, деш туура эмес.

Кыргызстандыктардын көбү жумушсуз, көпчүлүгүнүн көл боюна келип эс алышка буямасы, убакты-сааты деле жок. Шайлоонун Көлгө байланыштырылышы эле бул маселеге олуттуу мамиле жасалбагандыгын көрсөтүп турат. Анын үстүнө шайлоо көп деле убакытты талап кылбайт. Бир күн болот. Каалаган киши жумушка баратып деле добуш берип кетишке мүмкүнчүлүгү бар. Конституциялык сот чечими менен Жогорку Кеңеш бүтүмүн түшүндүрүү жумуштарында болгонун болгондой эле айтып берген оң.
Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду

- Урматтуу мырзалар, студияга келип маек куруп бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG