Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

«Шашпай тургула, анан айтабыз…»


Бириккен элдик кыймыл төрт айдан кийин өтүүчү президенттик шайлоого бир талапкерди сунуштай турган болду. Мындай чечимди кыймылдын саясий кеңеши 23-мартта кабыл алды. Бирок да оппозициялык күчтөрдүн алдагыдай аракетинен майнап чыгарына ишенбегендер деле бар.

Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаровдун айтуусунда кош майрамдар ортосунда өткөн саясий кеңеш чечими кыйладан бери козголуп, талкууланып келаткан маселе болчу.

- 23-июлда шайлоо болот десек ага чейин биз 27-марттан баштап активдүү күрөшөбүз, дедик. Бир күч менен барабыз, деген чечимге келдик. Эң маанилүү маселе бүгүн ошол болду. Экинчи маселе - өзүбүздүн анча-мынча платформа, анча-мынча принцип, негизги урааныбыз: “К.Бакиев турганда таза шайлоо болбойт!”

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жетекчиси Алмаз Атамбаев президенттик шайлоодо атаандаш катары чыкчу жалгыз талапкердин аты “Акжол” партиясы кимди колдорун ачыкка чыгарылган соң элге жарыя кылына тургандыктарын айтты.

- Кыргыздын жакшы макалы бар: “Чабал өрдөк мурда учат” деген. “Акжолбу” башка партияларбы, бийлик партиясы курултайын өткөрсүн, анан биз айтабыз. Шашпай тургула, шашпай тургула, К.Бакиевден жаш.

Ушул эле ойду улаган парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов оппозициянын буга чейинки иш-аракетинин негизги натыйжасы мурдагы чачыранды саясий күчтөрдүн биригүүсү болду, деп эсептейт.

- Бул принципиалдык негизде биригип жатат. Ошондуктан баарыбыз милдеттүү түрдө биригип жанагындай чечимге келдик.

И.Өмүркуловдун пикиринде, жай саратанда өтчү президенттик шайлоо конституциялык эреже-тартиптерди бузуу менен белгиленди, бийлик аны атайылап жасады, ошон үчүн шайлоо кезинде бармакка коюлчу белги мыйзамдан алынып ташталды. Азыркы бийлик атаандаштары алып чыкчу жалгыз талапкерди “Жаңы Кыргызстан” партиясынын тең жарымы колдошо тургандыктарын БЭКтин саясий кеңеш мүчөсү Исмаил Исаков билдирди.

- Өзүңөр билесиңер, бизде азыр эки тарапка бөлүнүп калган. Ошондуктан мен тараптагы Кыргызстандын келечегин, жакшы турмушту, эркиндикти колдогондордун бардыгы биздин катарыбызга өтөт, биздин максатты колдойт, деген чоң ишенич бар.

“Акшумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев жалгыз талапкердин аты эртелеп аталбай жатышынын себебин момундай жагдай менен түшүндүрдү.

- Анткени бир нече адамдар сунушталып каралып жатат. Анан дагы бизден башка да күчтөр бар.

Президенттик шайлоодо К.Бакиевдин талапкердигин алып чыгууга куштар “Акжол” партиясынын мүчөсү, парламент депутаты Бейшен Абдыразаков оппозиция катарынан жалгыз талапкерди алып чыгарына ишенбейт.

- Булар өз ара бөлүнүшү да мүмкүн. Анткен себеби ар ким шайлоого өз алдынча даярданат. Ө.Текебаев коем десе ал өзүнчө кетет. А.Атамбаеви койсо анысы өзүнчө кетет. Т.Сариеви койсо анысы өзүнчө кетет. Булардын ортосунда ошондой ажырым пайда болот.
Оппозициянын күчү, ынтымагы жоктугу жөнүндө кыйладан бери эле айтылып келатат. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жетекчиси Алмаз Атамбаевдин айтуусунда, аркыл ушак-айың кептерге карабастан, элдик кыймыл бириге ала тургандыгын далилдеди. Эми анын чын-бышыгын алдыдагы мезгил көрсөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG