Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Эрте шайлоого чыкчу атаандаштар аныктала элек


Шайлоо жөнүндөгү Конституциялык сот чечиминин сыясы кургай электе парламент кабыл алган токтомго чейин эле айрым укук адистери президенттик шайлоо 2010-жылдын 14-августуна чейин өтөрүн ырастап чыгышкан.

“Ак Жол” партиясынын төрага орунбасары Автандил Арабаев ушул жылдын 30-январдагы “Слово Кыргызстана” гезитинде президенттик шайлоо 2010-жылдын 4-июлуна коюлушу тура болорун ырастап чыккан. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орунбасары Мурат Укушев 19-марттагы “Общественный рейтинг” гезитиндеги “Кандай өлкө куруп жатабыз: “Эки жерде эки –төрт” же президент шайлоо качан өтүшү керек?” деген макаласында ушу тапта иштеп аткан президенттин ыйгарым укугу 2010-жылдын 14-августуна чейин улантыларын далилдеп берген. М.Укушов президенттин ыйгарым мөөнөтү ант кабыл алган күндөн 2005-жылдын 14-августунан башталарын тастыктап, “президенттик шайлоо 2010-жылдын августунун биринчи жекшембисинен, тактап айтканда – 1-августунан кечикпей өтүшү” Башмыйзамга туура келерин ырастаган.

Анткен менен президенттик шайлоо маалынан эрте саратан жайда өтүшүн биричилерден болуп парламенттин вице-спикери Чолпон Баекова колдоп, жайкы шайлоо жүйөөсүн мындайча чечмелеп берди.

- Азыркы учурда жазгы мезгил. Жазында шайлоо өткөрүү эч кандай мүмкүнчүлүк эмес. Күздө да шайлоо бардыгыңыздарга белгилүү биз айыл чарбалуу мамлекетте жашап жаткандан кийин.

Буга чейин президенттик шайлоо 2010-жылы өтүшүн жактап келген “Ак Жол” партиясынын төрага орунбасары Автандил Арабаев шайлоонун бир жыл эрте өтүп калышынан эч кандай мыйзамдык эрен-төрөн көрбөйт.

- Логикалык жактан алганда деле, эсептегенде 2005-жылга 5 жыл кошкондо 2010 болуп кетип атпайбы. Бирок бүгүн Конституциялык сот чечим кабыл алганда ошол тиги, жалаң гана Конституциянын өзү гана эмес, юридикалык практиканын да эске алып, анан ошонун негизинде чечим чыгарып жатат,- дейт А.Арабаев.

А бирок алдагыдай “юридикалык практиканын” айынан мурунку президент үч мөөнөт шайланганын айтып, Башмыйзамды улам-улам жаңылоонун салакасына токтолгон парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов кабыл алынган чечим эрте шайлоону туюнтарын жашырган жок.

- Мурунку Конституциялык сот А.Акаевди бир нече ирет референдум өткөрүп, ошонун баары туура деп келип, улам-улам шайлоого алып барып 15 жыл башкарткан. Анан эми бүгүн бул Конституциялык сот дагы биринчи эле чечими, принципиалдуу чечими дагы мыйзамсыз болуп чыкты, деп айтам.

“Ар Намыс” партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиевдин пикиринде, Конституциялык соттун чечими аткарылышы керек.

- Айла жок, мыйзамдаштырып койгон. Ошого баш ийишибиз керек,- дейт ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин айтуусунда, Жогорку Кеңештин шайлоо күнүн артка жылдырып коюшу мыйзамга кайчы келет.

- Конституциянын негизинде 25-октябрь деп шайлоону ошол күнгө коюп койсо деле андан кийинки эсептер кете бермек. Эки тур болсо эки тур болуп, бир тур болсо бир тур болуп. Аны эртелеп жылдырыштын эч кандай кажети жок болчу, мыйзамга да туура эмес болуп калат.

“Ак Жол” партиясынын курултайы 11-апрелге белгиленген. Парламентте көпчүлүктү түзгөн партия мүчөлөрү иштеп жаткан президенттин талапкерлигин сунуштай тургандыктарын жашырышпайт. Оппозиция арасынан бир талапкерди чыгара тургандыгын мурда эле жарыя кылган. Алардан тышкары буга чейинки президенттик шайлоого талапкерлигин коюудан тажабаган атаандаштар бар. Алардын айрымдары да бул ирет сыноого катышып калышы толук ыктымал.

Президенттик шайлоону маалынан эрте өткөрүүгө ашыккан күчтөрдүн катарындагы укук адистеринин мыйзам талабы сакталышын ырастаган пикирлерин угушка буямасы деле келбей калды окшойт.

XS
SM
MD
LG