Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Эл – бийлик булагы болгон соң ага түкүрбөш керек


Кыргыз парламенти 2008-жылдын 25-декабрында бармак белгини жойду
Кыргыз парламенти 2008-жылдын 25-декабрында бармак белгини жойду

23-июлга белгиленген президент шайлоого оппозиция бир талапкерди алып чыгуу камылгасын көрүүдө. Иштеп аткан президент экинчи мөөнөткө бара тургандыгын жарыя кылган. Бийлик менен оппозициянын шайлоо тиреши курч саясий жагдайда өткөнү турат.

Ал тууралуу “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунун катышуучулары парламент депутаты, коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейитказиев менен “Ата Мекен” социалисттик партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Ташболот Балтабаев кеп кылышат.

- Анаш мырза президенттик шайлоодогу негизги атаандаштардын аты аталбай жатат? Мунун себебин сиз эмнеге байланыштуу түшүндүрөт элеңиз?

Анаш Сейитказиев: - Маалымдоо каражаттарында талапкерлердин аты аталып жатат. Ар бир саясий партиянын талапкерлерин көрсөтүшүнүн жолу бар. 11-апрелден баштап көп партиялардын курултайлары өтөт. Ошондо көп талапкерлер көрсөтүлөт. Дагы убакыт бар, майдын ортосуна чейин. Ошого чейин дагы көрсөтүлөт.

- Ташболот мырза, көпчүлүк күтүп аткан атаандаштардын бири сиздердин партиянын жетекчиси Өмүрбек Текебаев күрөштөн баш тартты. Анын себебин айта аласызбы?

Ташболот Балтабаев:
- Суроого жооп бериштин алдында бир кыстырма кошуп кетейин деп жатам. Шайлоонун 23-июлга коюлушу мыйзамсыз. Бул Конституциялык соттун, парламенттин чечими Башмыйзамга кайчы келет. Мына Конституциянын 44-беренесинде жазылып турат. Президенттик шайлоо 5-жылда октябрдын соңку жекшембисинде өтөт деп. Кезексиз болгондо үч айдын ичинде өтүшү керек. Ал эми бул шайлоо кезектүү делип, 4 ай мурун дайындалып, бирок Конституция толук бузулуп жатат. Президент Конституцияны сактайм, коргойм, деп ант берген. Эми болсо президент Конституциялык сот кандай чечсе ошондой болорун атйып, кандай да болсо убакыттан утуп, шайлоону бурмалоо жолу менен атаандаштарын жеңип алуунун аракетине өтүүдө. Шайлоо кандай өтөрү дайын. Анда ким утуп чыкпасын ал мыйзамсыз дайындалган соң жыйынтыгы да мыйзамсыз болот. Сурооңузга жооп, оппозициялык кыймыл бир лидерди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Ө.Текебаев ошого жол ачты.

- Анаш мырза, мына ушул президенттик шайлоо мөөнөтү жөнүндө талаш-тартыштар көп болууда. Сиздердин фракция бул маселеде кандай позицияны карманды?

Анаш Сейитказиев: - Шайлоо 2010-жылы өтүшү керек болчу. Бирок ошол эле мезгилде биздин кесиптеш Иса Өмүркулов азыркы президент 2003-жылкы Конституция менен шайланган, ошого ылайык шайлоо 2009-жылы өтөрүн айтып чыккан. Мына эми орусиялык акча экономикага эмес ошол шайлоого бурулуп кетиши мүмкүн. Эми акимдердин ким канча добуш алып берди деген жарышы 23-июлда өтөт. Биздин кесиптештердин быйылкы жылы шайлоо өтсүн деген талабы ишке ашты. Ыраазы болушсун. Аны минтип көтөрбөй эле 2010-жылга барсак жакшы болмок.

- Ташболот мырза, оппозициялык кыймылдын ичинен талапкерлигин койбой тургандар көбөйүүдө. Сиздер бир талапкерди эле коесуздарбы же аны колдоп-жөлөп турчу экинчи кошумча талапкерди да коесуздарбы. Оппозицияга кысым күчөп жатпайбы.

Ташболот Балтабаев: - Бүгүнкү бийликтен баарын күтсө болот. Ошондуктан запаста бир талапкер болушу керек. Бир нерсе болуп кетсе элдин, оппозициянын атынан бир талапкер чыгышы керек. Бириккен элдик кыймыл бул мыйзамсыз шайлоону тааныбай, катышпай коюшу да мүмкүн.

- Анаш мырза, алдыдагы иштерди айттыңыз. Сиздердин катардан да бир талапкер чыгышы мүмкүнбү?

Анаш Сейитказиев: - Биздин устав боюнча курултай пленум чечими менен чакырылат. 11-апрелдеги пленумда кезексиз курултай чакыруу маселесин карайбыз. Курултай майдын башында өтүшү мүмкүн. Ошондо биз талапкер маселесин карайбыз.

- Ташболот мырза, биздеги шайлоо кандай өтөрүн билесиз. Ошондон президенттик шайлоодогу будамайлоо, көз боемочулуктаран улам аны Батыш өлкөлөрү тааныбай коюшу мүмкүн, деген божомол, жоромол айтылууда.

Ташболот Балтабаев: - Толук негиз бар. Себеп дегенде азыркы бийлик парламенттик шайлоону, жергиликтүү шайлоону бурмалап, жыйынтыгын өзү каалагандай чыгарды. Муну калк, эларалык уюмдар деле көрүп турат. Ошондуктан алдыдагы шайлоо карызга алынган акчанын эсебинен алдоо, бурмалоо жолу менен өтөрүнөн менде эч кандай шек жок. Анын жыйынтыгы дагыле бурмалоо жолу менен өтөрүнөн кам санабай эле койсо болот. Көз карандысыз иликтөөлөрдүн негизинде К.Бакиевди элдин 6% гана колдоору билинип жатат. Ошондуктан бурмалоо дагыле кала берет.

- Карыз акча демекчи, Анаш мырза, ал келип калса кандай пайдаланылат?

Анаш Сейитказиев:
- 150 миллион доллар акча келишим боюнча бюджетти колдоого бөлүнгөн. Калган 300 миллиону реалдуу экономикага, курулуш, “Камбар-Ата” жана башкаларга кетет. Ал акча жер-жерлерге бөлүнгөндөн кийин башка иштерге жумшалып кетеби, деген коркунуч бар. Жергиликтүү бийлик жетекчилери, акимдер ал акчаны экономикага эмес шайлоого буруп коерун мен былтыртан бери эле айтып келатам. Президент буларды көзөмөлдөө боюнча жаш адистерди чакыра тургандыгын айтууда. Көрөбүз, конкурс бүткөнчө жыл деле аягына чыгып калабы дейм.

- Ташболот мырза, Бириккен элдик кыймылдан “Асаба” партиясы чыга тургандыгын билдирди. Ичара бөлүнүү дагы уланышы мүмкүнбү?

Ташболот Балтабаев: - “Асаба” партиясы биринчи максатыбызга жеттик, президенттик шайлоо өткөрүүнү чечтик, деп жатат. Анан алар оппозиция катарында бүгүнкү бийликке каршы күрөшө тургандыгын айтууда. Оппозициянын бирдиктүү күч катары аракет кылып жатканы эң негизги жетишкендиги, деп эсептейм. Кээ бир партиялар чыгышы мүмкүн, бирок алардын позициясы өзгөрбөшү керек.

- Анаш мырза, коммунисттер партиясы 2005-жылга чейин оппозициялык кыймылдын башында келген эле. Кийин башкача болуп калды. Эми талапкер чыкса сиздер кимдер менен мунасага келесиңер?

Анаш Сейитказиев: - Бириккен элдик кыймыл талаптарды коюп жатат. Менин К.Бакиевди коргоо ниетим жок. Булар шайлоо быйыл өтүшүн талап кылып келишкен. Быйыл өтө турган болсо эми мыйзамсыз деп жатышат. Мен деле шайлоону билем. Кезексиз шайлоо десеңер К.Бакиевдин кийинки шайлоодо дагы бир жолу талапкердигин коюуга мүмкүндүк берип жатасыңар. 2014-жылы анын 65 жашка чейин бир жети күндөй убактысы болот 23-июлда. Бул шайлоо кезексиз болсо К.Бакиевдин А.Акаев жолун жолдоп кетишине толук мүмкүнчүлүгү бар.

- Ташболот мырза, ушундай божомол айтылып жатат. Бул шайлоо К.Бакиевдин кийинки сыноого катышуусуна жол ачып берчү жол болуп калат дешүүдө. Сиздин оюңуз.

Ташболот Балтабаев: - Анаш мырзанын сөзүнө жооп берип коеюн. Кезексиз шайлоо президент каза болуп калса, оорудан улам ишке жарабай калса, кылмыш жасаганы үчүн импичмент менен кетсе же өз каалоосу менен Жогорку Кеңеш алдында кызматынан баш тартса ошондо гана кезексиз шайлоо болот. Силердин муну кезексиз деп атоого акыңар жок. Ооба, оппозиция маселе койгон. Шайлоо быйыл болушу керек. К.Бакиев 2003-жылкы Конституция менен шайлангандан кийин октябрдын акыркы жекшембисинде өтүшү керек болчу. А силер эмне үчүн Конституцияны бузуп атасыңар. Президенттин 5-жылы баштала элек. Мен түшүнүп атам, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы силерди жетектеп олтурат. Парламент да, сот да Конституцияны бузуп жатат.

- Анаш мырза, ушул маселеде сиздердин фракция кандай позицияны карманды? Билишимде социал-демократттар да бул маселеде бир пикирде болбоду окшойт.

Анаш Сейитказиев: - Мен алгач Ташболот мырзага жооп берип коеюн. Сиз өзүңүз башында шайлоо мыйзамсыз, кезексиз дебедиңизби. Мен ошого жооп кылгам. Биз андай маселени койгон эмеспиз. 2005-жылы октябрды күтпөй эле 10-июлда шайлоо болду. А кезде К.Бакиевге ишенич бар эле. Кыргызстан элдик кыймылындагы 7 партиянын колдоосуна ээ болгон. 2003-жылкы Конституциядан кийин деле 2 Конституция кабыл алынбадыбы. 2006-2007-жылдары. Бир күндүн ичине Конституцияга өзгөртүү киргизүү Гинестин рекорддор китебине кирчү окуя. Партиялардын жоопкерчилиги болуш керек. Жаңы Конституция боюнча иштей беришибиз керек болчу. Президент журналисттер алдында кайсы учурда болсо да шайлоого даярдыгын, Конституциялык сот чечимин сыйлай тургандыгын билдиргенден кийин башталды баары. А.Акаев деле мыйзамды каалагандай бурмалап атты. Азыр деле ошондой. Шайлоо болот, анда деле азыркы бийликтин адамы утуп чыгат, калганыбыз отуруп калабыз.

- Ташболот мырза, жагдайга жараша шайлоого бойкот жарыялайбыз деп айтып кеттиңиз. Ушуга токтоло кетсеңиз.

Ташболот Балтабаев: - Шайлоодо бийлик элдин добушун уурдап же күч менен өз кишисин өткөрүшү мүмкүн. Мындай чечимдерди жокко чыгаруунун жолдорун издегенге элдин акысы бар. Эл – бийликтин булагы делет. Эгер ошол булакка бийлик түкүрүп жатса элдин колу-жолу бош болуш керек. Өзүн сыйлабаган бийликти эл шыпырып салууга, кетирүүгө акылуу деп эсептейбиз. Мыйзам негизинде.

- Анда эмесе мырзалар, ушуну менен сөзүбүздү жыйынтыктасак. Келип бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG